КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫ КОР, БАЛДАРЫ ТҮРТҮНДҮБҮ?

№418 5-11-ноябрь, 2010-жыл.

Мезгил үнү

Акча табуу үчүн Орусияга, Казакстанга кеткен кыргыздардын саны күн өткөн сайын көбөйүүдө. Бутуна туруп, келечегин түзүп кеткендери да бар. Бирок тагдыры талкаланып, ара жолдо калып кор болгондору андан да арбын. Сөз биздин каармандарда.

Турусбек Сапаров:
“КАЗАКСТАНДАГЫ КЫРГЫЗ ОКУУЧУЛАРЫ ОКУБАЙ КАЛЫШТЫ”
– Мен өзүм Алматыга барып-келип иштеп жан багам. Чынын айтайын, карындашым, мигранттардын абалы оор. Кандуу апрель окуясы, өзбектер менен араздашуу Казакстанда жүргөн кыргыздарга да терс таасирин тийгизди. Ошол окуялардан кийин кыргыздарды массалык түрдө депортациялоо деген нерсе күчөдү. 7-октябрь күнү эле Алматыдан 4 автобус менен 240 адамды чек арага алып келип таштап салышты. Ишиң калабы, бакчада балаң калабы, эч нерсени карашпады. Базарда соода кылып турган кыргыздарды бирден терип келип эле автобуска тыгып, чек арадан өткөрүп салуу казактардын көнүмүш адатына айланды.
Бул эле эмес, Казакстанда окуп жаткан мектеп жашындагы балдар ушул жылы билим алуу укугунан ажырашты. 1-сентябрда Алматы шаарында окуп жаткан 100 жеткинчекти казактар мектептен чыгарып салышты. Ишенесизби, колуна өздүк делосун карматып туруп эле сыртка чыгарып коюшуптур. Алматыда, Астанада окуган балдардын жалпы саны 370 экен. Быйыл алардын баары мектепке баруу укугунан ажырап, азыр эки айрылыш жолдо турушат. Бул маселе менен барбаган жерибиз калбады. Казакстандан эч кандай жыйынтык чыкпасын сезип, биздин Миграция министрлигине кирдик. Алар да бул маселени чечип бере алышпады. Эми эмне кылуубуз керек? Балдарды Кыргызстанга алып келели десек, ата-энелери тиги жакта иштеп жүрүшөт. Эгерде ошол балдар орто мектепти бүтпөй калышса, канчасынын тагдыры талкаланат?
Балдар – биздин келечегибиз” деп төш каккандар ушул кыргыз балдарынын тагдырын ойлоп коюшса жакшы болот эле. Адилеттүүлүк үчүн айтып коюу керек, 1932-1935-жылдары казак эли катуу ачарчылыкка туш болгондо өзбектер, орустар да чек арасын ачпай коюшкан. Ошондо боордошпуз деп кыргыздар сактап калышкан. Муну тарых да тастыктайт. Эми кыргыздын башына иш түшкөндө казактардын бизге катуу кысым көрсөтүп жатканы мени ушунчалык капа кылды.

Кылычбек Орозбаев:
“ТӨРӨГӨН БАЛАСЫНАН БАШ ТАРТКАН КЫЗДАРЫБЫЗ БАР”
– Мен Орусияда иштеп, жакында эле мекениме кайттым. “Барарым менен ал жактагы кыздар тууралуу басылмаларга интервью берем” деп өзүмө сөз берип келгем. Анда сөз башынан болсун...
Мен тааныштарымдын чакыруусу менен келинчегимди алып Орусияга жөнөгөм. Барсак эле иш даяр тургансып өзгөчө дем менен барган жаныбыз иш таба албай кыйналып калдык. Акыры убактылуу ишке орношууга аргасыз болдум. Москвада Пушкин шаарчасы бар. Шаарчанын чок ортосунда Лесное деген жер бар экен. Туш тарабы бир канча чакырымга созулган токой. Ошол жерде зым чыгара турган ишкана жайгашкан. Анда иштеген мигранттар вагондордо жашашат. Вагон дегенден кийин эми ар жагы түшүнүктүү да. Биз да ыңгайсыз, кир вагондордон орун алдык.
Кыздар зымды узунунан таштап берип, эркектер аларды ширетишет. Жумуш аябай эле оор. Ал жерде жалаң кыргыз кыздары иштешет. Ширетүүчү эркектердин көбү тажик улутундагылар. Эми жашырганда эмне, тажик жигиттер биздин кыздарды акчага сатылчу сойкудай эле колдонушат. Кыздардын бардыгы мөлтүрөп жапжаш. Улуусу 26 жашта, калгандары 18-19 жаштардагы кыздар. Боюнда бар кызды барганда эле көзүм чалган. Алгач “күйөөсү бар болсо керек. Башка жакта го” деп ойлочумун. Көрсө, күйөөсү жок экен. Иштеп жатсак эле “толгоосу кармап калды” деп калышты. Токойдун ичинде кайдагы врач?.. Төрөй албай кыйналып жатат. “Тез жардам” чакырайын десем, “өлсөм өлөм, чакырбаңыз” дейт жан талашып. Акыры ден соолугу чың, татынакай кыз төрөлдү.
Биздин ызылдашып жатканыбызды кеңседе отурган орус катчы кыз көрүп, “Тез жардам” чакыра калыптыр. Врачтар наристени алып, энесин таштап кетип калышты. “Аркасынан барбайсыңбы?” десек, тиги байкуш баш чайкайт. Көрсө, өзбектенби, тажиктенби, айтор, боюнда болуп калып, анысы качып кеткен экен. Үч күндөн кийин көзүмө кыпын түшүп кетип, жакыныраак жердеги бейтапканага барганга аргасыз болдум. Ал жакта баягы төрөгөн кыз жүрөт. “Ой, эмне кылып жүрөсүң?”- десем: “Жүрүңүзчү, сиз орусча билесиз го. Балага документ толтуруш керек болуп жатат”,- деп ой-боюма койбой ээрчитип барды. Барсам, орус врач отурат. Ал мага карап: “Бул кыз орусча билбейт экен. Анын ордуна балага документ толтурушуп бериңиз”,- деди. “Баланы бага аласыңбы?”- десем, кыз: “Жок, тигилер эптеп алып калышса болду”,- деп жалдырайт. Кандай кылабыз деп отурсак, орус кыз “анда кызыңдын атасын болушунча мактап кагаз толтур” деди. Жалгандан эле наристенин атасынын боюн 1 метр 80 сантиметр кылып, спорттук дене түзүлүштө, келбеттүү, ден соолугу чың деп жаздык. Акыры кол койдуруп алып чыгарып жиберди.
Эне болуп эне бактысын туя албай, баладан кутулганына сүйүнүп бараткан кызды карап туруп жаным ачыды. Урушайын дейм, абалын көрүп турам. Ымыркайдын ата-энесин мактап жаздырып алып, кийин баланы бирөөлөргө сатат окшойт деп калдым. Бул бир чети гана... Өз көзүм менен беш-алты айлык болуп калган түйүлдүктөрдү боюнан түшүрүп, ыйлап түшкөн наристелерди токойдун арасына көөмп келгендерди да байкап, ичимден сыздым.
Сөзүмдүн акырында ата-энелерди жооп­керчиликтүү болгонго чакырат элем. Бүгүнкү кыздар – эртеңки энелер. Наристелер – эртеңки тагдырыбыз. Тагдырыбызга кайдигер мамиле жасап жатабыз. Ушуну бир түшүнүп алгылачы, айланайындар!

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(64)
09.11.2010. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurjamal biz jurgon jerde kyrgys kysdaryn buzuldu je torop aldy degenin uga da koro da elekmin.baary okushat,ishteship uiloruno da jardam etishet.demek bashtary ishteit
09.11.2010. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир куну Кыргыздын да жашоосу онолоттур!! Кыргызды коордогонду кудай жазаласын!
09.11.2010. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
браво кыргыздын кыздарына//кунуго бузула бергиле//москвада дайыма кобуроок болсун//
09.11.2010. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
без обида////
09.11.2010. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убить вас всех мало....
09.11.2010. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулардын баарына, биздин ишенген мамлекетибиз кунолу...
09.11.2010. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да мосвада иштейм.мындай создорго конуп деле калдык.ата эне бул жерде кардай ак суудай тунук дайыма бар болушсун.ааа АЯЛ ЗАТЫНА КУДАЙЫМ НЫСАп БЕРСИН//
10.11.2010. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shishka: ООба мен сени менен спорлошпойм дечи сага кошулам бирок!Карап туруп нерв чыгатта.Кийингендери,баскан тургандары,баары озуно жарашкан кыздар келип туруп каяктагы эле Тажик менен суйлошуп кеткени жаман болуп жатпайбы!Же андай эмеспи Жердештер?Ким Мосвада иштейт ошол
10.11.2010. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардан сенин улутун ким деп (ОРУСЧА) сурасан киргизка дейт.Ээ Мусулмандар биз КЫРГЫЗбыз да туурабы?
10.11.2010. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде кыйратчу жумуш барбы ?завод фабрикалар). Жакшы жумушка кириш учун бери дегенде ле 2000-3000 долл.сурашат.

Ата-энеде куноо жок, ким эле оз баласын жамандыкка туртсун. Окмоттогулор кресло талашпай жаштарды карашса жакшы болоор эле.
Ал эми кыздар, тарбиядан деле
11.11.2010. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iljaz oruscha surasan kyrgyz demek bele kirgizka degeni tuura ele.anda kyrgyscha suroo sal da.
11.11.2010. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар бизде дагы казактар окуп эле журушпойбу??? биз эч кимисине тийишпейбиз го, мен тийишип коюп, пасолуна барып мени окууман ыргытып жиберейин деген..бул нерсеге биздин урматту милициялар шерик ...
11.11.2010. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай биздин мамлекетке дагы кун тийгизет , ошондо элдин ырыскысына тийген жогорудагы акылдуулар дагы кор болушат...
11.11.2010. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shishka:Ооба антип деле сурап кордум тим эле орусча суйлоп шаштырат)мен кыргызча сурасам ал орусча жооп берет)))
11.11.2010. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге именно тажиктер менен журушот деп атасынар...мага тушундуруп койгулачы..
12.11.2010. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
блин качан кыргыздын кызы жонундо чет жактан жакшы соз угабыз
кыргыз кыздарынын арам ойу жокта байкуштар жашоо учун курошуп жатышат астында жатып болсун
15.11.2010. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда озбек тажик кыздар менен журо берчуумун эми журбойм жургон кезде деле тениме алчуу эмесмин
16.11.2010. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mina sizge dagi bir misal ishtegen jerimde 3 kiz bar 1oosu turkmon menen 2oosu turk menen jurot eken aytipda kordum el jurt emi emne kilish kerek batkenden bolot ati g. jogolup ketse izdebegile namis degen nerse jaman eken
16.11.2010. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
HHFRU:(байкуш кыздар! россияга жыргаганынан барып жатышмак беле?!) Дептирсинер,бирок озун нормальный алып журсо болобу? Девушка деп жакшына суйлоп койсо эле эрчип кете бербестен.... Келбесин эмес келсин.Бул жерге эч ким ойногону эмес иштегени келип жатышпайбы....
22.11.2010. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба тажиктер менен жургон кыздарды коруп зээнин кейийт сигарет чегип алганына балее барбы мейли келсин келгенден кийин озун кармап жакшы журсо болотда Кыргызстанда деле бар дечи андайлар кыздарыбызга ыйман нысап берсин ата-энесин ойлошсун уят кылбай
28.11.2010. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейиш эненин таман алдында канткен кундо да кыздарды сыйлайлы
Тажиктер биздин кыздар менен ойноп журсо журо берсин биз Кыргыз балдар башка улуттун кызы менен ойнобогула журогун таза болот
04.12.2010. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол учун айтат да адамга эч кандай жакшылык жакпайт деп азыр эмне болушту экен балдар казахстандабы дагын деле???
06.12.2010. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атка минер акмактар, силер ел, бийлик талашып, мамлекеттин акчасын жегенден башка нерсени билесинерби, Кыргыз карапайым елди бир аз ойлосонор олосунорбу, Силерди баарынарды олтуруш кекрек, президентине чейин карабай, акмактар. Кыргыз ели качангыга чейин ушинтип журоушот еми? Кыргыз елини чачып жок кылмай болдунар, Силерге окшогон адамдарга алла жаза салсын, УЛУУ КЫРГЫЗ елини Бакиев, Отунбаева окшогон акмактар ойлощобу?, Отунбаева елди бир аз болсо да ойлогун, КЕЧИРИП КОЙГУЛА.
09.12.2010. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен оз козум мн кордум 45 жаштагы эже кв га тажик ээрчитип келди.озу мн тен ага бар эле эжени уруп салды.ырас болду деп карап турдук.бул жерде аял киши озу куноолу
18.12.2010. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Москвада жашайм, мындай окуяларды оз козум менен коруп журом. Таджиктер менен, озбектер, азербайжандар м-н жургон кыздар коп. Алар кобунчо айылдан келген, башкача айтканда шаар коро элек кыздар. Шаарда эч ким корбойт, эч ким билбейт, шаарда ушундай кылат экендеп, тамеки тиштеп алып жургон кыздар толтура. Ошол кыздар, намысын бек сактап, татынакай болуп жургон кыздарды позор кылышат. Кантип жииркенбей ошол таджиктер м-н журушот? Аларды корсом коонум айланат.
14.03.2011. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мозгом думать нужно а не ...опой.как вы потом будете смотреть в глаза своим детям.извите что на русском,по другому не могу.Красноярск.
11.06.2011. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kizdardin ozundo da bar,ki4ine akili menen bolushsa!dagi bolso kirgizdin kiynalgani,ushul Akaev Nazarbaev siyaktuu jakshilap ishtep koiso munun baari bolboit bol4u! Kirgizstandi jok kilgan AKAEV4ILER,BAKIEV4ILER! jaman ishtin ayagi jaman menen butot!
31.10.2011. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журокту орутат го!
03.11.2011. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии зеенин кейийт да кудай сактасын деги жаштар жаштар ыймандуурак болушса боло эмне деген заман болуп баратат онолсо кен кунуго кудайдан тиленгеним ошо болуп баратат
19.11.2011. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конул ачкысы келген кыздарга россияда балээ барбы.кыргыздын намысын кетирбей айылында эле ойноп журо бер.кара кардыны бакканы келдинби.тырышып иштей бер.этегини ачпай ар кимге...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо