Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КУСКУС – МАННАДАН ЖАСАЛУУЧУ АКШАК ЖАНА ТАМАК

№969 1-7-июль, 2021-ж.

Африканын түндүгүндө жашоочулар дайыма түрдүү тамактарды ойлоп таап, жасап келишкен. Андай тамактардын бири – кускус акшагынан жасалуучу кускус тамагы, муну көп кылымдардан бери эле Марокко, Ливия, Мавритания, Алжир, Тунисте жашагандар жасап келе жатышат. Аталган тамак Африканын чегинен чыгып, дүйнө элдерине да таралган. Кускус акшагы учурда өлкөбүздүн дүкөндөрүндө да сатылып, айрымдар андан тамак жасап башташты.

БАЙЫРКЫ УБАКТА ТАРУУДАН ЖАСАШКАН

Кускус – бул кускус тамагын жасоодо колдонулуучу буудай акшагы. Байыркы убакта кускусту таруудан жасашкан. Кийин аны манна акшагынан жасап башташкан жана азыр да жасашат. Манна акшагы болсо буудай данынын эндосперм бөлүгүнөн майдаланып алынат. Анда организмге керектүү крахмал, белок, витамин жана минералдык заттар көп. Кускус акшагы сыртынан караганда тоголок күрүчкө окшошуп кетет, диаметри 1-2 миллиметр.

КУСКУСТУ КАНТИП АЛЫШАТ?

Манна акшагынын үстүнө кол менен суудан аздан себелеп, четинен кол менен аралаштыра берсе майда бүртүкчөлөр жаралат. Бүртүкчөлөрдүн үстүнө кургак маннаны же унду себелеп, анан электен өткөрүшөт. Кургатып алышат да, четинен тамакка колдоно беришет. Кускусту алуу абдан майда иш. Андыктан аны учурда аппараттардын жардамы менен жасашат.

Сатыкка жарым даярдалганы, башкача айтканда, бууга кармалып, анан кургатылганы баштыкчаларга салынып чыгарылат. Мындай азыктын үстүнө кайнак сууну куюп, 5-7 мүнөт демдеп койсо жетиштүү.

КУСКУС ТАМАГЫ

Кускус тамагын палоо сыяктуу бышырса болот. Эт, жашылчаларды кууруп, татымалдарды салып, анан суу куюп, кайнаганда акшакты салып, демдеп коюу керек. Гарнир катары суунун өзүнө эле бышырганда үстүнө лимон ширеси себеленип, жалбыз жалбырагы менен кооздолот. Кускус балык же жашылчалар менен да бышырылат. Ботко да даярдалат. Эгер кускуска куркума кошсоңуз өңү саргыч болуп калат. Жүзүм, кургатылган кактар, жаңгактар кошулуп жасалган түрү месфуф деп аталат.

Кускус кант диабети барларга, организмине глютен жакпаган адамдарга болбойт.


Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо