Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мадумаров-Сариев айтышы: КИМ ЖЕҢИЛЕТ, КИМ УТАТ?

№418 5-11-ноябрь, 2010-жыл.

Аптанын жаңылыгы

Саргара күткөн шайлоонун расмий жыйынтыгын БШК 20 күн ичинде араң чыгарды. Бирөөлөр жыйынтыкты “өх, эми шашпай депутаттык креслону ээлесе болот” деп кабыл алса, кээ бири “туй ата, баары бир илинбей калдык” деген сөздөр менен тосуп алды. Чыныгы кызык БШКнын төрагасы Акылбек Сариев жыйынтыкты жарыялаарынан бир саат мурун “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров “сенсациялык” маалымат жыйын уюштурганында болду. Анда Адахан мырза өзү баш болуп катышкан парламенттик шайлоону мыйзамсыз деп атап, “болочок парламенттин иши да мыйзамсыз болот” деди. Кызык, мыйзамсыз экенин билсе, шайлоого эмнеге катышты? Адахан Мадумаровдун айтымында, “убактылуулар” атайын “Бүтүн Кыргызстандын” добуштарын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке өткөрбөй коюшту. “Шайлоо Баш мыйзамга ылайык өткөн жок. Ошондуктан БШК менен “убактылуулар” отставкага кетиш керек”,- деди Адахан мырза.
Андан ары БШК жыйынтыкты айтайын дегенде, Токтайым Үмөталиева 20 партиянын атынан билдирүү жасаганга жетишти. “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери расмий жыйынтыкты эрте жарыялоого каршы экендигин айтып, кыйкырып чыкты. “Анткени БШКга түшкөн арыздар толугу менен каралып бүтө элек”,- деди ал. Бирок Акылбек Сариев “же жыйынтыкты угуңуз, же залдан чыгып кетиңиз” деп тынчытты. Ошентип, көптөн күткөн шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды. Бөлүштүрө келгенде мандаттар алдын ала айтылган жоромолдордон айырмаланып кеткен жок.
1. “Ата Журт” – 28 орун
2. КСДП – 26 орун
3. “Ар-намыс” – 25 орун
4. “Республика” – 23 орун
5. “Ата Мекен”– 18 орун
Ошентип, үч саатта пайда боло калган 200 миң кишинин айынан Адахан Мадумаров жана анын командасы бул жолу саясий талаанын оюнуна кошулбай калышты өңдөнөт. Адахан мырза жеңилгенин расмий түрдө моюнуна алгысы келбей, башында митинг өткөрдү, кийин “шайлоо мыйзамсыз” деп чыкты. Эми Мадумаров-Сариевдин айтышынын уландысына сот залынан күбө болот чыгарбыз. Демек, жеңиш ким тарапта болорун айтууга эртелик кылчудай...


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
06.11.2010. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Куловдун ордуна Мадумаров откондо болмок. Бирок утулгандан кийин айла жок да. Токтоайым эже го алына карабай эле кыйкыра берет. Ал эми Мадумаров бир сабырдуулук м.н токтоп калбайбы? Эмне кереги бар Акаевдин убагынан бери эле кыйкыра бересинер озунор деле келдинер э
06.11.2010. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата мекендин ордуна бутун кыргызстан отуш керек эле
07.11.2010. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iwtin baary otunbayda bolup jatbaybi e'der tuwunsonor adaxandan korup jatat a becheralar eptep bir ayla ta'tynards akyry baaribir kuday bar
08.11.2010. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ata mekenge tiiwpe4i KANSK suranabiz aran ottu baikuw akirki bolup,je sen da mika4ilardin komandasindasinbi?
08.11.2010. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өңгөсүн билбейм, мен аябай кубандым, ушул Адахан өтпөй калганына. Эми чыгарган сөзүн кара, анча-мынча абройун такыр түшүрүп алды.
08.11.2010. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан бир нерсени билгени учун талашып атат.Шайлоонун мыйзамсыз экендигин А.Сариев деле тастыктабадыбы?Адаханды коро албайсынар ээ.Адахандай саясатчы учурда жок Кыргызстанда.Адахан бир суйлогондо булбул жанылып кетет.
08.11.2010. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
утулганды дагы билиш керек. пусть отдохнет немного
09.11.2010. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ну даа
09.11.2010. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаныш бакиевдин юбилейинде Адахан Мадумаров
тим эле шумдук создорду суйлоп белек берген
ишенбесенер видеосу бар
10.11.2010. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамекен партиясына коп тийишпесенер,алар между прочем эл деп келип атат и Атажуртагы Ташиев,Келдибековдорго окшоп элди экиге болгон жок кокумээленип ар кайсыны сулоп.Кыргыз элине эмне баарыбирби АКЧА эле болсо болду экенда ,ушу Акжол-Атажуртка салгандардын намысы кайс
12.11.2010. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутун кыргызстан башкалардай агитация кылса 60 орундук мандатка жетет эле. Рекламасыз эле ушунча чыкты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо