Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДИЗАЙНЕРЛЕРДИН ТАНДООСУ – ДРАЦЕНА ГҮЛҮ

№971 15-21-июль, 2021-ж.

Драцена – абаны тазалоочу, нымдоочу бөлмө гүлү. Көрүнүшү жагымдуу жана өстүрүүдө жеңил болгондуктан бөлмө, кеңселерди жасалгалоодо көпчүлүк дизайнерлер драценаны тандашат. Декоративдик тропикалык бул гүлдүн 100дөн ашык түрү бар. 15 жылга чейин жашап, узундугу 2,5-3 метрге чейин жетет.

Орду. Чыгыш, батыш жана түндүк тараптагы терезеге, же бөлмөнүн бурчтарына коюуга болот. 15-25 градустагы жылуулукта жакшы өсөт. Күндүн түз тийген нурун жактырбайт. Кышкысын батареялардан алыс коюу кажет.

Көбөйтүү. Калемчесинен көбөйтүү жеңил. Көбөйтүү үчүн кесиле турчу калемчеде 3-4 муун болушу керек. Сабагын кыйгач кесип алыңыз.

Отургузуу, которуу. Калемчени кичине идиштеги борпоң топуракка отургузуп, суу куюу керек. Теплицалык шартта (үстүнө банка көмкөрүп коюуга болот) 2-3 аптада тамыр байлайт. Тамыр байлаган драцена сабагынан 2-3 сантиметр чоң гүл челекке отургузулат. Тамыры анчалык чырмалып өспөйт. Отургузуучу идиштин алдына дренаж катары майда таш, пенопласт же керамзит салуу кажет. Драценаны жыл сайын жаз мезгилинде идишин 2-3 сантиметрге чоңойтуп, топурагын алмаштырып отургузуу керек.

Топурагы. Борпоң, чымдуу топуракта жакшы өсөт. Ошондуктан кара топурак, чиринди, торф, перлит, бир аз кум кошулган чымдуу топуракка отургузуу керек.

Сугаруу. Гүлдүн топурагынын үстүнкү катмары кургап баратса, тагыраак айтканда, жайкысын аптасына 2-3 жолу, кышкысын 2 аптада 1-2 жолу сугаруу керек. Нымдуулукту, суу чачып турууну жактырат. Нымдуулук, суу жетишсиз болсо жалбырактарынын учтары саргарып баштайт.

Азыктандыруу. Жаз, жай айларында аптасына бир жолу бөлмө гүлдөрүнө арналган универсалдуу жер семирткичтен өлчөмү менен сууга кошуп сугарып туруу керек. Ал эми күз, кыш мезгилинде өсүмү жайлайт, 1 айда бир жолу берүү жетиштүү.

Асел Ишенбай кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо