Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АПА, МЕН БИРӨӨНҮ СҮЙҮП КАЛСАМ УРУШПАЙСЫЗ, ЭЭ?»

№972 22-28-июль, 2021-ж.

Кызымдын бөлмөсүнө кирип жанына келдим. Ал күзгүнүн алдында отуруптур. Адаттагыдай чуркап келип эркелеп моюнума асылбай, чоңоё түшкөнүн биринчи жолу байкадым. Негизи эле эне үчүн баласы дайыма кичинекей болот эмеспи. Кызым күзгүнү караган абалынан жазбай менден минтип сурады:

– Апа, мен чоңойдум. Эми мен бирөөнү сүйүп калсам урушпайсыз да, ээ?- деп күнөөсүз көздөр менен мени карап калды.

– Урушпайм, кызым. Жашооңдо эмне болуп жатса баарын мага айт. Мен сага ар дайым колдоо көрсөтөм,- деп саамайынан өптүм. Бирок ичим уйгу-туйгу болуп калды. Кызымды чоңдордун тынчы жок жашоосуна ыраа көрбөй турдум. Ошондон кийин көп ойлондум. Анан ага сүйүү тууралуу кат жаздым:

– Кызым, менин балапаным, сен дагы бой жеттиң, суйкайган сулуу кыз болдуң. Жан дүйнөң аруу, эч нерсени көрө элексиң. Жашооңдо баары жакшы болуп, жүзүңдөгү нуруң өчпөй, ушул бойдон сакталып калышын күн сайын Жараткандан тилейм. Бирок сен улам чоңойгон сайын жашоо татаалдаша баштайт. Бул жашоонун мыйзамы. Андан качып кутула албайсың. Өзүң айткандай, бир күнү сүйүү келет. Жашооңдо башкалардан өзгөчөлөнгөн бир жан пайда болот. Ал сенин коргоно турчу бүтүндөй дубалдарыңды бузуп өтөт. Бүтүндөй дүйнөңдү ээлеп өзүнчө бир аалам болуп чыга келет. Ал сени сүйүүгө ишендирет, сүйүүгө чулгайт. Сүйүлүүгө татыктуу экениңди далилдейт. Сен дагы аны бүтүндөй дүйнөң менен жүрөгүңдүн түпкүрүнөн сүйөсүң. Анын кемчиликтери, жаман адаттары да сага жакшы болуп көрүнөт. Ал сен үчүн аба, суу, Күн, Ай, айтор, кан тамырларыңда айланып калган кез болот. Сен бул учурда аны жоготуудан аябай коркосуң. Бирок ал эч качан сенден кетпейт. Дайыма сени коргоп, жаныңда болот. Сен аны менен түбөлүк бактылуу болосуң... Бирок баары жипке тизген шурудай болбойт. Ал адам сенин ишеничиңди актабай жан дүйнөңдү жаралап кетиши да мүмкүн. Анда, балким, өзүңө “болду, эч качан сүйбөйм” деп убада бересиң, сүйүп жүргөн адамыңды жек көрөсүң, сүйүүдөн өзүңдү коруйсуң. Бирок антип өзүңдү кыйнаба, сен акыры чыныгы сүйүүңө жолугасың деп ишенем. Ал сени чыныгы сүйүүгө ынандырат. Сүйүү менен сүргөн күндөр гана өмүр, а калганы жай күндөр. Эч качан сүйүүдөн көңүлүңдү калтырба...

Айнура


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
28.07.2021. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Скука полная
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо