АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 9-ОКТЯБРДАГЫ БАШ АЛАМАНДЫККА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№973 29-июль-4-август, 2021-ж.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 9-октябрында Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында орун алган массалык баш аламандыкты уюштурганга шектелүүдө. Маалыматты Ички иштер министрлигинен тастыкташты.

"9-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге "массалык баш аламандык" беренесинин негизинде шектүү катары билдирүү жөнөтүлдү. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө"- дешти министрликтин маалымат кызматынан.

Жактоочу Замир Жоошев билдирүүдөн үзүндү деп кыскача текст жарыялады. Анда:

– Атамбаев өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн Өмүрбек Бабанов, Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков, Канат Сагымбаев жана башкалар менен алдын ала план түзүп, Медиа форумдун имаратынын жанына элди чогултуп, андан соң бийликти басып алуу үчүн "Ала-Тоо" аянтына барууну сүйлөшкөн. Ошол эле учурда Бишкектин эски аянтында мурунку бийликтин адамдарынын келишине каршы болгондор жана Кыргыз өкмөтүнүн имаратын коргогондор "люстрация" деген ураан менен чогулганын билишкен. Алмазбек Атамбаев калың элдин терс жана агрессивдүү маанайын күчөтүп, натыйжада "Ала-Тоо" аянтында өкмөттүн имаратынын жанына топтолгон адамдардын тобу менен массалык мушташ болуп, ок атуучу куралдар, таштар жана башка каражаттар колдонулган,- деп айтылат.

Мурдагы президент кримавторитет Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуп жиберүү окуясы боюнча да жоопко тартылган.

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо