Максат Надырбеков, алпаруучу: «НУРЗАТТЫН ТУРМУШКА ЧЫККАНЫ МАГА КАТУУ ТИЙДИ»

№973 29-июль-4-август, 2021-ж.

Алпаруучу Максат Надырбеков буга чейин бизнес ачып, банкрот болгонун айткан эле. Азыр иштери кандай, эмне менен алек болуп жатат, сурап көрдүк. Маекте Максат мырза мурдагы жубайы Нурзат Токтосунова тууралуу да сөз кылды. Каарманымдын маек учурунда көзүнө жаш алган учуру да болду.

– Максат, кандай жүрөсүз? Эмне менен алексиз?

– Жакшы, рахмат. Досумдун бир жумушу бар. Ошону менен чогуу иштеп жатам. Тойлорго буюртмаларды алып жатам. Өткөндө маекте банкрот болгонумду айтсам, комментарийге “келгиле, жардам кылып жок дегенде той берели” деп жазышыптыр (күлүп). Абалымды түшүнүп ошентип жазып койгондорго да рахмат. Акырындан кыймылдап жатам. Тойго буюртма келиши үчүн жарнама маанилүү ролду ойнойт экен. Буга чейин деле айткам, мен жарнама менен алектенген эмесмин. Тойлорду Нурзат тапчу.

– Оор болуп жатабы?

– Жок. Азыр деле буюртмалар түшүп жатат. Буга чейин деле сонун болуп тойлордо кызмат кылып келгем, кыла берем.

– Кайрадан бизнес баштоо оюңузда барбы?

– Ийгиликке жетмейинче жасай берем. Кыйындардын китептерин окусаң, кулаган сайын тура берип көк беттик менен ийгиликке жеткени жазылат го.

– Эмнеге жеткиңиз келет?

– Бир иштен ийгиликтүү чыксаң, өзүңдү өзүң баалап, сыйлап каласың. Экинчиси – каржылык эркиндик.

– Мурдагы жубайыңыз Нурзат Токтосунова турмушка чыкканын жарыялады. Кандай кабыл алдыңыз?

– Биздин жашообуз башталгандан ушул күнгө чейинкиси силердин гезиттин архивинде бар. Экөөбүздүн мамилебиз тууралуу сөздөргө ушул интервьюда чекит коюлат деп ойлойм. Мен турмушка чыкканын ажырашкандан 4-5 айдан кийин уккам. Азыр өзү айтып чыкты. Мен кандай кабыл алдым? Бакыт кааладым. Ошол киши мен бере албаганды бере алса, менден таппаганды ошол кишиден тапкан болсо, анда жакшы. Интернеттен “өзүңдү кандай сезип жатасың?” деп көп адамдар сурашты. Биз ажырашып жатканда “бирөөнү таап алган болсоң, ачык айт” десем, “жок, күйөөгө тийбейм. Хиджаб кийип, балдарга сабак берип эле жашайм” деген. Мен ишенгем. Бирок мага сөз бердим эле деп күйөөгө тийбей койбойт да. Ал да бактысын издеди. Өзүнүн көңүлүнө жаккан, өзүнө жаккан сапаттары бар адамды тапса, мен ыраазы болом. Бирок кантсе да 4 жыл чогуу жашадык. Бирөөлөр айткандай, келишим түзүп алган эмеспиз. Бир киши мага “келишим менен үйлөнүшкөн. 5 жылдан кийин ажырашып кетишет деген сөз уктум эле. Ошондой чыгып калды” деп айткан эле. Өз турмушубуз менен ойноп жинди белек? Ар кандай сөздөр болсо дагы эч нерсеге карабай чын жүрөгүмдөн сүйүп бул кадамга баргам. Үй-бүлө болуп жашасаң, анан ал эртеси башка менен турмуш куруп кетсе, такыр эле ойлонбой койбойт экенсиң. Эч нерсе сезген жокмун деп өзүмдү алдабайм. Биринчи жолу укканымда катуу тийген.

– Азыр коё бердиңизби?

– Коё бердим. Убакыттын өтүшү менен сезимдер өлөт экен. Кыйындар “жубайлар ортосунда сый болушу керек” дешсе ишенбей, “баарынан сүйүү бийик турат. Сый эч нерсе деле эмес” деп ойлогом. Азыр ошолорго кошулдум.

– Ошондо сүйүү бар, сый жок болуп калдыбы?

– Мен тараптан сүйүү болду, чын жүрөктөн жакшы көрдүм. Ансыз кантип мындай чоң кадамга бармак элем? Бул менин жашоом да.

Анан уруш-талаштар болду. Ар кандай сөздөр айтылды. Көңүл калса сый кетет экен. Анан адамдар бири-бирине муздап калышат экен. Тагдырынын талкаланышын эч ким каалабайт. Ажырашты деген аттын калып калганы жаман экен. Кайрадан турмуш курарда ошол аттан коркот экенсиң. Күйөөгө чыкпаган кыз менен сүйлөшсөң, ата-энеси каршы чыгат экен.

– Мен тараптан сүйүү болду дедиңиз. Экинчи тараптанчы?

– Аны Нурзаттын өзүнөн сураш керек го. Ал эмнени каалаган, эмнени күткөн, аны айта албайм.

– Жашооңуздагы бул тажрыйбадан кандай сабак алдыңыз?

– Айрым нерселерге олуттуу карап калдым. Мурда көп нерсеге маани берчү эмесмин. Азыр кандай болгондо туура болот, эркектин, аялдын орду кайда болушу керек, баарын ойлонуп калдым.

Түгөйлөр бири-бирин түшүнүп, эриш-аркак болуп, ар бир ишти кеңешип чечип жашашы керек экен. Акыркы сөздү эркек айтып чечим чыгарышы керек деп ойлойм. Бири-бирин сыйлашы керек. Бул маанилүү. Эркекти намыс өлтүрөт. Намысына тийсең, чоң конфликт жаралат. Урушканда түгөйүңдүн жеке сапаттарындагы кемчиликтерин айтпаш керек. Ошол нерселер өөрчүп отуруп кайдыгерликке алып келет экен, андан кийин ажырашууга.

– Кызыңызды көрүп турасызбы?

– Жок. Кызым боюнча Нурзат экөөбүз сүйлөшүп, чечкенбиз. Мен кызым менен көрүшпөй турган болгом.

– Азыр жеке жашооңузда абал кандай?

– Бир кыз менен сүйлөшүп жатам. Бирок кыз-жигит боло элекпиз. Ал 24 жашта. Эми баарын убакыт көрсөтөт. Мага өз ою бар, тың, сени карап отура бербей, өз оокатын кыла берген кыздар жагат экен. Ошондойлорду тандап алып кайра өзүм кыйнала берет экенмин. Бул кыз дагы тың, жакшынакай, акылдуу, орундуу сүйлөйт.

– Кандай учур болбосун ата-энеңиз жаныңызда болуп, колдоп келгенин маектен тышкары айтып калдыңыз. Ата-энеңиз тууралуу айтып бериңизчи.

– Мен 5 бир туугандын төртүнчүсү, уулдарынын кичүүсү болуп, эркелеп чоңойдум. Ата-энем мени дайыма колдошту. Алар мага мен каалагандай ата-эне болуп беришти, мен түзүп алган планга ылайыкташып жашай алышты. Мен кандай болсом ошондой кабыл алган, күнү-түнү уктабай мен үчүн кабатыр болгон адамдар ошолор (көзүнө жаш алып). Жаман нерсе жасоону ойлогонумда апам эсиме келет. Азыр ушуну жыга чапсам, мени камап коёт, апам ыйлайт. Бул мени өлтүрүп койсо, анда да апам ыйлайт деп ойлоном. Апам ыйлабашы үчүн жакшы киши болгум келет. Апама “ичпейм, чекпейм, мурдагыдай мушташпайм, милицияга түшпөйм, балдар топтошкон жерден качып кетем. Сиз жаман ойдон алыс болуп, мени жакшы жерде жүрөт деп гана ойлонуңуз. Мен да дайыма сизди ойлоп жүрөм. Күндө 5 жолудан чала бербеңиз. Өзүм чалам” деп калам. Апам болсо “аял алсаң сени өткөрүп берем. Анан каяктасың деп сурабайм” деп калат. Азыр экөөнүн жүрөгү тынч эмес. Аны сезем. Жоопкерчилик өздөрүнүн моюнунда болгондой сезе беришет. Ошолорду бактылуу кылып, жакшы нерселерди жасагым келет, эки жакка алып барып эс алдыргым келет. “Ооруп жатабыз, чуркап жүрүп өлүп кала турган өлүм берсин Кудай” деп тиленишет. Мен тамашалап “20 жыл жашап бергилечи. 50гө чыкканда ыйлабай калсам керек” дейм. Дайыма ушул адамдардын өмүрүн тилейм. Буюрса, аларды кабатыр кылбай, бактымды таап бекем үй-бүлө куруп кетүү – мен үчүн чоң миссия.

– Буюрса, аларды бактылуу кылыңыз!

Перизат Музуратбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(27)
02.08.2021. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жакшы бала,бактылуу бол
02.08.2021. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жакшы бала, бактылуу бол
02.08.2021. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
жакшы бала, бактылуу бол
02.08.2021. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Нурзат эже ошондой ташбоорбу? жок дегенде кызын көрсөтүп турса болмок, зарлап жүрүп ушул күйөөдөн кыздуу болбоду беле
02.08.2021. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Нурзат мурда абдан сүйкүмдүү, келбетүү эле, өзгөчө узун чач жасалгары өзүнө жарашыктуу болуп көпчүлүкө абдан жакчу. Көз караштары, кыймыл аракеттери өзүнчө эле керемет болчу. Азыр диңге кирип кеткенден баштап, ар кимге акыл үйрөтмөйгө өтүп алыптыр. Негизи Нурзатка оронбой жүргөнү эле жарашат болчу. Кудай берген сулуу жүзүңөрдү оронуп алып жашырбай, соолутпай барктаган жакшы да. Себеби сулуулук аял затынын негизги баалулугу.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-02 10:42:48
02.08.2021. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ayzhan12,ушул жерде дагы чачбы
02.08.2021. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ayzhan12,Нурзатта куноо кобуроок окшойт,кызын корсотпосо,чач жайса эле суйкумдуу болбойт,Дин мн ооручу Малага.
02.08.2021. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ayzhan12,никти алмаштыра бересин,бир эле адамсын, чачка асылбай оокатынды кылчы, эмне балакетсин же энен жоолугу жок чачын жазып тамак жасайбы сага.Тажаттынго элди да
02.08.2021. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чачты айтып тойгозотко.
02.08.2021. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кабатыр болбо баары жакшы болот!
көп эрге тийген,көп ойноп жүргөн аял бирөө менен жашай албайт.это доказано,булар өз кызыкчылыгы үчүн баарына барышат,кийин убакыт ордуна коёт,аркасын жаап коё бер аркасынан сүйлөбөй,Алла Таллам айтат экен сен кимдин айыбын жашырсаң, акыретте мен сенин айыбынды жашырам деп
02.08.2021. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Нурзаттын мектеби эптеп эле акча таппай бизнес,жакшы деле окутпайт.Самсалап эле барып келмей.
02.08.2021. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
aigerimosh,сиз самсаалап барып келе берсеңиз керек да. Башкаларды карасаңыз,кандай деңгээлде экенин байкайсыз
02.08.2021. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Нурзат башка бирөөнү таап алган үчүн ажырашкан турбайбы көрсө. Кантип эле ата өз кызына жолугуудан баш тартсын?!Демек, кызды багып алышкан. Нурзат Максатты басынтып, намысына тийген сөздөрдү айтып көңүлүн калтырган окшойт. Максат, баaры жакшы болот, кудай буюрса. Кутулганыңа сүйүн. Всё что не делается, все к лучшему.
Marni түзөттү 2021-08-02 17:22:20
02.08.2021. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Marni,
Нурзатка окшогондордон качып эле кутулуш керек.
02.08.2021. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ayzhan12, Ооба. Акылман аял болгондо атасы менен кызынын көрүшүп туруусуна жолтоо болмок эмес.
03.08.2021. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Marni, зачем ушинтип жазасыз?, даже если багып алса жыргаганынан багып алган жокда,кызы укса приятно болобу? может озу эле торогон?!, да может она и не идеальная мен жакын тааныбайм, гезит-журналдардан эле окубасам, балким чын эле жаман адам, но кызын багып алды деп баласына чейин киришкен туура эмес
06.08.2021. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tattusha, "... кызды багып алышкан" деп жазганым туура эмес болуп калды. Нурзат, кечирип коюңуз. Күнөөмдү моюнга алам.
02.08.2021. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бакма кызын баары эле билетта. 4эрден чыккан 5ине тынсын эми. Ич ачышпай эле койсо болот бул жигит. 4айдан кийин турмушка чыкса жактырганы бар экен эледа Максат менен жашап жургондо эле
03.08.2021. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
erkeleim,мен билбейм кызы бакмабы или озу торогонбу, бирок ушул нерсени жазып эмне кереги бар? бул кандай оор экенин билбейсизго, канчалаган адамдар зарлап журот бала учун, бироонун жарасын тырмап зачем?,
04.08.2021. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
erkeleim, Озуно карата сын айтсаныз болот бирок эч качан бала туралуу айтпаныз, бул ар бир адамдын башына келип калуучу нерсе.
03.08.2021. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Нурзаттын 2 бети бар 1 оо элдин козунчо маска кийип алат, анан уйуно барганда маскасын чечип койот. Чыныгы Нурзат ушакты жакшы коргон ар кимди соз кылган, керек болсо Максатты Эй Мырк деп согуп урушуп салган адам.Анан калпеле чыгып алып ой минтиш керек антиш керек дей берет маскасын киийп алып, Максат Нурзатты колдонбой эле Нурзат Максатты колдонуп алдап тийип алган, анан ортодон башканы таап алды дагы кетип калды. Максат сизге ийгилик, Жашоо бумеранг оз местасына коюп койот.
03.08.2021. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ушуну тим эле койсо болмок, ажырашкандан кийин ал эркин, башы бош аял кааласа дага беш куйоого тиет, эркектей болуп бакыт каалап тим болсо болмок, тем более суйлошуп баары чечилген турбайбы, кызы туурасында дагы, бул жерже Нурзат \эже наоборот ун катпай эркекче кылды окшой. Откон нерсени чукуп эмне кереги бар, соз бреген анан тигил бул деп, озунун авторитетин тушуруп
04.08.2021. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Максат иним! башты бийик көтөр буюрса сен бактылуу болосуң
Сен ошондой катындан кутулганыңа сүйүн ишенип кой мага сен бактылуу болосуң. Кудай таалам деле карап көрдү да сага тең эмес экен деп ушундайда ажыраштырды. Зарлап жүрүп ар кимге тийип жүрүп сенен төрөдү эле. Унутуп калыптыр заматта
04.08.2021. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Максат Кудайга мин мертебе шугур дениз Нурзаттан кутулганынызга, сиз жакшы адамга татыктуусуз Нурзатттай адамга эмес.Андай адамдан алыс эле болгонунуз жакшы.
04.08.2021. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Нурзат кызынын келечеги учун деле куйоону жыйнап турса болмок менимче. Эл оозунда элек жок, турмушунда бироо чыгат да сенин апан 5, 6 куйоого тийген деп. Апасын алардан коргогон менен ичинде жаман эле болот. Адам создон эмес улгудон тарбия алат дейт го. Кызы да жакшы куйоо чыкмайын тийе бере турган болот. Улгусу, коруп чонойгону коп эрге тийген апасы.
04.08.2021. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Нурзаттын бул журушу кызына жакшы улгу болбогону. Коп куйоого тийген аялдын кызы деп турмушунда залакасы тийет. Нурзат демек кызынын деле келечегин ойлобойт.
24.08.2021. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апеей,эмне Нурзат Эжени куноолоп салыптырсынарго.
Акча таппай аялын акчасына жашап ,иштебей дата берсе кетет да.
Уйлонбогон нормальный адамга тийди значит Максат байке татыксыз болгон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо