Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№973 29-июль-4-август, 2021-ж.

  1. ЖАСА,ҮЙРӨН,ТАМШАН!

  2. Укмуштай кооз килемдери, ахалтекин жылкылары менен дүйнөгө белгилүү түркмөндөрдүн ашканасы башка түрк элдеринин ашканасына окшоп кетет. Болгону койдун этин көп колдонушат. Тамактарды түрдөп жасап үйдөгүлөрдү кубантам десеңиз, түркмөн даамдарын рецепттериңизге кошуп алыңыз.

  3. ЯТОЗА

  4. Керектелүүчү азыктар:

  5. Ун – 300 грамм

    Күнжүт майы – 1 аш кашык

    Каймак – 120 грамм

    Сүт – 70 миллилитр

    Сода – 1 чымчым

    Ачыткы – 0,5 чай кашык

    Кой эти – 250 грамм

    Пияз – 150 грамм

    Капуста – 150 грамм

    Туз, мурч, калемпир – татымына жараша


  6. Даярдоо ыкмасы:

  7. 1. Эт майда тууралат. Пияз, капустаны ири бөлүктөргө бөлүп кесиңиз. Анан эт, пияз, капустаны эт майдалагычтан өткөрүп алыңыз. Үстүнө мурч, туз, калемпир кошуп, аралаштырыңыз.

  8. 2. Унду 2 идишке бөлүп салыңыз. Биринин үстүнө жылуу сүттү куюп, тузду татытып, анан сода, ачыткы кошуп, камыр жууруп, үстүн жаап, ачышы үчүн коюңуз. Экинчи идиштеги унга туз татытылган суудан куюп камыр жууруйсуз.

  9. 3. Камыр ачыганда ага берки камырды кошуп, аралаштырып ийлеңиз. Камырды массасы 60 граммдык кылып тоголокчолорго бөлүп алып жайып чыгыңыз. Ортосуна фарштан салып, камырдын четтерин бириктиребиз. Анан аларды түбү күнжүт майы менен майланган касканга же электр мешинин табасына салып бышырып аласыз.

  10. 4. Бышканда каймак май менен дасторконго узатыңыз.


  11. ФИТЧИ

  12. Керектелүүчү азыктар:

  13. Фарш үчүн:

    Кой эти – 500 грамм

    Куйрук – 50 грамм

    Пияз – 1 даана

    Туз – 1 чай кашык

    Суу – 4 аш кашык

    Мурч – 1 чымчым

    Камыры үчүн:

    Туз – 1 чай кашык

    Суу – 300 миллилитр

    Өсүмдүк майы – 2 аш кашык

    Ун – 500 грамм

    Каймак май – 1 аш кашык


  14. Даярдоо ыкмасы:

  15. 1. Фаршты даярдоо. Эт, куйрук, пиязды майда тууроо керек. Ага туз, мурч, сууну кошуп аралаштырыңыз. Фаршты 10 бөлүккө бөлүңүз.

  16. 2. Камырын даярдоо. Жогоруда көрсөтүлгөндөрдү кошуп, камыр жууруңуз. Камырды 6 чоңураак, 6 кичирээк бөлүктөргө бөлүп тоголоктоп бетин жаап, 5 мүнөт коюңуз. Электр мешинде аны-муну бышырууда колдонулуучу диаметри 10 сантиметрлик формалардын ичин каймак май менен майлаңыз.

  17. 3. Камырдын чоңураак тогологун диаметрин 15 сантиметрдей кылып жайып калыптын ичине салабыз. Ортосуна фарш салынат. Кичине тогологун 12 сантиметрдей кылып жайып, тиги камырдын бетине жаап, четтерин бириктирип бекитебиз. Калган камырлардан да ушинтип фитчилерди даярдайбыз. Үбөлүк менен үстүлөрүнөн ары-бери жүргүзүп, идиштин кырларынан ашкан камырларды чогултуп алабыз. Аларды жууруп, кайра жайганда 4 фитчинин камыры чыгат.

  18. 4. Даяр фитчилердин бетин вилка менен 1-2 жерин сайгылап, бетине суу сүртүп, 200 градуста ысып турган электр мешине бышырабыз.


  19. УНАШ

  20. Керектелүүчү азыктар:

  21. Кой эти – 450 грамм

    Төө буурчак – 120 грамм

    Ун – 60 грамм

    Жумуртка – 1 даана

    Өсүмдүк майы – 2-3 аш кашык

    Пияз, айран – каалоого жараша

    Туз, мурч, калемпир – татымына жараша

  22. Даярдоо ыкмасы:

  23. 1. Төө буурчакты жибиши үчүн бир нече саат сууга чылап коюу керек.

  24. 2. Этти сууга салып, үстүнө суу куюп, сууга чыланган төө буурчакты салып, кайнатып бышырабыз.

  25. 3. Унга жумуртканын жарымын кошуп камыр жууруп, жайып, аны каалагандай формада кесип алыңыз. Мисалы, ичке кесме, же лагмандыкындай, же майда 4 чарчы кылып.

  26. 4. Пиязды майда туурайбыз. Көмөч казанга майды куюп, пиязды кууруп, үстүнө калемпир, мурч кошобуз.

  27. 5. Куурулган пиязды шорпого кошуп, камырды салып бышырабыз. Тамак бир аз муздай түшкөндө айран катыктып дасторконго койсоңуз болот.
     


  28. КУЛЬЧЕ

  29. Керектелүүчү азыктар:

  30. Ун – 200 грамм

    Каймак май – 25 грамм

    Сүт – 60 грамм

    Кумшекер – 30 грамм

    Ачыткы – 2 чымчым

    Сейдана – каалоого жараша


  31. Даярдоо ыкмасы:

  32. 1. Каймак майды эритип, ага сүт, кумшекер кошуп аралаштырып, кумшекерди эритип аласыз. Үстүнө унду, ачыткыны кошуп камыр жууруйсуз.

  33. 2. Камырдан нан жасап, электр мешинде бышырып аласыз. Чай менен дасторконго коё бересиз. Айрымдары балдар үчүн деп ортосун оюп коюшат.

  34. Кульче көбүнчө майрамдарда жасалат. Балдар сүйүп жешет.

  35. Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо