Самара Каримова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “КАН АРАСЫНДА ЖАТСАМ ДА БАЛДАРЫМДЫ ОЙЛОДУМ”

№974 5-11-август, 2021-ж.

26-июлда ырчы Самара Каримова жана анын жолдошу Асан Мансуров Ош–Бишкек жолунда келе жатып жол кырсыгына кабылышты. Болуп өткөн окуя анын жашоосуна таасир бергенин, азыркы абалын ырчы баяндап берди.

– Самара, салам. Кырсыктан аман-эсен калдыңар, башыңар аман болсун. Алгач эле ошол окуяны айтып берсең?

– Рахмат. Ошол күнү жакшы санаалаш үч үй-бүлө чогуу отуруп, анан Бишкекке жолго чыкканбыз. Учакка билет алалы десек жок болуп калды. Сүйлөшүп жетип алабыз деп топтолуп жолго чыктык. Жолдо дагы бир досубуз коноктоду. Кырсык каш-кабактын ортосунда деген чын экен, окуя бир эле секундда болуп кетти. Жолдон чыгып кетиптирбиз. Жүргүнчүлөрдүн баары уктап калган экенбиз, биз айдоочуга жардам берип сүйлөшүп, алаксытып барсак болмок. Рулда жолдошум болчу, анын да көзү илинип кетиптир. Унаабыз жолдун четиндеги цемент тосмого асылып калыптыр. Ала-Белде болду бул окуя. Жаратканга шүгүр, баарыбыз аман-эсен калдык. Үстүмдөн кан жайылып агып жаткан. Көрсө, дагы бир жүргүнчү экөөбүздүн башыбыз кагышып кетип, анын каны менин үстүмө агып жатыптыр. Ал менин каным экен деп нес абалда эсимди жоготуп коюптурмун. Өтүп бара жаткан машиналар токтоп, жардам берип бизди түшүрүп жатышты. Баарыбызды ошол адамдар ооруканага жеткириптир, эсимде элес-булас эле бар. Денем эле эркимден тыш секирип жатты. Ак көйнөк кийип алган элем, баары эле кан. Эсимди жоготуп жатып да жолдошум жакты эле карадым. Машинадан түшпөйт, оюмда “бир нерсе болду, жакшы болсо мага чуркап келмек” деп жатам. Кан арасында жатсам да балдарымды ойлодум. Машина эки метр эле жылганда сайга түшүп кетмек экенбиз, Кудай чоң сактады.

– Учурда өзүңдүн, жолдошуңдун абалы жакшыбы?

– Ооба, экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы, бирок ооруканадабыз. Жаныбыздагы шериктерибиз чыгып кетишти, биз дагы 2-3 күндө чыгабыз. Бардык керектүү аппараттарга түштүк. Нес абалдан деле колу-бутубуз иштебей калышы мүмкүн экен, бирок текшерилгенде баары жакшы чыкты. Жолдошумдун кабыргалары сынган, азыр абалы жакшы.

– Окуя жан дүйнөгө таасир берди болуш керек?..

– Албетте, бир секунд аралыгында баары өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин түшүнүп калат экенсиң. Дем алып жаткан аба, басып жүргөн жер, жакындарыбыз бүт баары байлык экен. Муну эки эсе баалап калат экенсиң. Окуя бизден да ата-энебизге катуу тиет экен. Жолдошум болушунча окуяны ата-энелерибизден жашырыптыр. Бирок азыр жашыруу мүмкүн болбой калбадыбы, интернет ааламы кучагын ачып баарыбызды соруп алды окшойт. Маалымат тез тарайт, угушуптур. Бир туугандар жашырышса да болбой билип алышыптыр. Ата-энемдин кан басымы жогору эле, көтөрүлүп кетиптир. Кайненем Лейлекте эле, жетип келиптир. Ата-энем Бишкекте болчу, алар жетпей кыйналышыптыр. Балдарым да угуп ыйлашыптыр. Бул эми биз үчүн чоң сыноо болду, өтүп кетти.

– Чыгармачылыкка келсек, жыл сайын бир жаңылык кылып турчу элең, кийинки жылга кандай жаңылык тартуулаганы турасың?

– Өзүңөр байкагандай, чыгармачылыкта дайыма изденүүдө жүрөм. Бир калыпта эмес, көп нерсени татып көргөндү, чоң бурулуштарды кылганды жактырам. Көп жашай турган мазмундуу, элдин жүрөгүндө кала тургандай канаттуу ырларды чыгарсам дейм. Бирок жашоодо ойлобогон иштер да болуп кетет экен. Аты жаман оорунун аягы басылса эле коңшу өлкөлөрдө концерттерди коюп баштайм, чет элдик ырчылар менен дуэт аткарам. Планда көп эле нерсе бар, баарын аткарам деп ойлойм. Дүйнөгө таанылган айым болом деп көп эле айтып келем, ошол нерсе сөзсүз болот.

– Үй-бүлөлүк мамиледе ким лидер?

– Албетте, жолдошум. Биз бири-бирибиздин оюбузду аябай сыйлайбыз. Кызыкчылык, максатыбыз да бир. Ал же мен лидер деген тең тайлашуу жок. Экөөбүздүн тең ордубуз белгилүү, балдарымдын атасы, досум, өмүрлүк жарым, аска зоом, айтор, бардыгы ушул адам.

– Жолдошуң башка айым менен колтукташып бара жатса сен көрүп келе калган видео киргиздиң. Жашоодо ошондой болсо эмне кылмаксың?

– Алыстан билгендер бизди кадимки эле күйөө-аял катары кабыл алышат. Жакындан билгендер аябай тамашакөй, позитивдүү, куудул үй-бүлө экенибизди билишет. Ошондой вайндарыбыз көп, көбү телефондо калат. Бул видео деле тамаша катары тартылган. Эми жашоодо ошондой болуп калса бул эркектин өзүнүн укугу, тандоосу деп ойлойм. Учурда үч балабызды тарбиялап татыктуу жашап жатабыз, Кудай сактасын. Ушундай болуп калса деп атүгүл ойлонуп көрбөпмүн сиз суроо бергиче. Демек, андай болбойт деп ишенем.

– Шоу-бизнесте сага атаандаш адам барбы? Болсо ким?

– Жок, шоу-бизнесте мага атаандаш жок. Бир гана жалгыз Самарамын (күлүп). Сахнада орун көп, жүрөктү кенен коюш керек. Ар бир чыгармачыл инсандын өзүнүн орду, күйөрмандары бар. Өзүңөр билгендей мен интригадан алысмын, эч ким менен чыр-чатагым жок. Өзүмдүн максатымды көздөп эле кете берем. Эки жагымды карабайм деле. Атаандашып бирөөгө сын тагуу мен үчүн эмес, бирөөдөн өтүп кетип жатам, бирөөдөн калып калдым дебейм. Өзүмдү билем, өзүмдүн мүмкүнчүлүк артыкчылыгымды да билем. Ар бир кесиптешимди сыйлайм, келсе конок кылып, жакшы мамиле кылам. Өнөрдө жүргөндөрдүн баарын сыйлайбыз.

– Сага эркин микрофон...

– Баарыбыз жолдо жүрөбүз, кырсык болбосун. Кырсык каш-кабактын ортосунда болот экен. Уйкуну кандырып, узак жолго шашпай чыгыш керек экен. Балким, бара турган жериңе кечигип барасың, бирок шашкандан пайда жок экен. Ар бирибиздин үйдө күткөн ата-энебиз, балдарыбыз бар. Биринчи байлык ден соолук экенин азыр дүйнө жүзүндөгү элдер билип калышты. Ден соолугубуз чың болсун, элибиз өнүксүн. Биз элдик адам экенбиз, кырсыктап калганда аябай көп билдирүү келди, баарына жооп бере албадым. Учурдан пайдаланып, күйөрмандарыма терең ыраазычылык билдирем. Билдирүүлөрүңөрдү окуп кадимкидей чыйралдым.

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(18)
09.08.2021. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Рулда дагы Асан экен. Башка бирөө болгондо канын ичмексин да баарын төлөтүп.
09.08.2021. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кайненем жетип келиптир дегени шумдукго
Nina.alex түзөттү 2021-08-09 11:26:03
09.08.2021. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Интрига дан алысмын деп оозун чойбой эле койсон. Музучилищени талашып аткандагы жосунсуз жоруктарын интрига эмес пи? ??
09.08.2021. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Самара калп айтат. Эн биринчи чыкканда рулда озум отургам деп ушул суперге айткан
09.08.2021. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Nina.alex, Туура айтасын мен точно билем рульда мен болчумун деп айткан. Самара калпычы
09.08.2021. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ошол куну достор менен бир аз сеп этип алып чыкканбыз деп эле айтпайсынбы,суротторунор бар го отуруштан жаны чыгып жолго чыкканынар.Рульда озун отурганынды да айт.Интригага жакын эмесмин деп койгонун кара,постоянно интрига устундо эле журосун го,музучилищаны басып алып кайра тапшырып,Ош музейин басып 2 кун отуруп кайра уят болуп кеткенинди унуттунбу? Ушунун баары чыр-чатак,интрига эмей эмне?)Колдо бар же бийликте турган адамдардын бир жерин жалтыраткан боюнча Аскен экооно жетпейт го чиркин.
09.08.2021. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
surgeon777,адатынарча Аскен экоон бийликтеги адамдарга чай бере калып кайсы майлуу-суттуу жерге бара калсак деп тиги вице-мэр Ырсалиевди чакырганынарды боркубуздой эле коруп турабыз.Ак эмгек кылбасанар,саунадан,кыздарынардын "эмгеги" менен тапканынар буюрбай ушинтип кырсыктап чыга берет,ыйманынарга келгиле,ак эмгек кылгыла,эч кандай Кремль же Ташкенттеги сериалын азыркы бетиндеги коону жуубайт,Кара-Алма есть Кара-Алма,пока саунанар иштейби силердин элге бир тыйынча баркынар жок дей бе
09.08.2021. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
А болуптур өлбөпсүн шүгүр кыл,кайра кайра интервью бере бербей эл катары оокат кыл,супер инфонун бир бетин толтурбай,эч ким деле окубайт сени
10.08.2021. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
KaGaH,Мен эмне деп калп айтты экен деп окуйм,анан коментарийлерди окуйм.А так өзүн мактай берип,интриганын үстүнө жүргөнүн көрүп кыжырым кайнайт.Кудай талант берип,акыл-эс бербесе ушундай болот тура.Биз сын айтсак,бизди көрө албаган адам катары көрөт.Не дейбиз,аман эле болсун!
Mister-XXX түзөттү 2021-08-10 12:55:44
09.08.2021. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Интриганы айтпай эле койбоптур,кудайдан тиленип ызы-чуудан алыс болуп,ордуңду билип жүр,а так ден соолук каалайм.
09.08.2021. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушулар неге кырсык болсо деле,ооруса деле,бироосу каза болсо деле,интервью бергенге шашат?Негизи башына жаман иш тушсо,журналист эмес,жакын досунду коргун келбей калатго
15.08.2021. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervamyn,Бул Самаш олсода, минтип олдум антип олдум деп интер.ю бердирсе керек
10.08.2021. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу ушунча акылсызбы же элди тупой ойлойбу тушунбойм ущу самарага
Nina.alex түзөттү 2021-08-10 22:31:46
12.08.2021. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара,озуно жана уй-булоно амандык тилейм.Ар дайым бар болгула.Жаман соз жазгандар да ойлонгула.Ар ким оз жашоосуна озу жооп берет.Уну десе ун,он десе он бар.Тапкан акчасын диванда отуруп алып жалкоолонбой тытынып,изденип,ушинтип жолдо журуп табат силердин ашынарды тартып алган жок.
12.08.2021. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jamalym,Акча тапканына эч ким кызыккан жок.Калп айтып,интрига кыла бергенинен эл тажады.Өзүн элге желмогуз көрсөтүп койду.Талантын баалайм,бирок минтип болбогон нерсени деле элге айта бергени жакпайт.Өзүңөр тааныган адамдардан сурап көргүлө,үчтөн экиси Самаранын жашоосүнан тажады.Эл башка жаңылык окугусу келет,Самаранын жашоосун сериал кылып жазгандан тажады.
13.08.2021. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Mister-XXX,конулду кен коелу,бир тууганым.
14.08.2021. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тезирээк ден соолугунар калыбына келип, ата эненерге, бала чаканарга суйунуп баргыла. Эн ажарлуу, таланттуу ырчы мен учун. Дагы чон ийгиликтерди жараьта бер. Уй булонор менен бактылуу омур сургуло Самара Каримова.
suban78 түзөттү 2021-08-14 10:23:44
15.08.2021. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орто жеринде ырдагандай эле айтыптырго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо