Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НАДИКО

№240 8-14-июнь, 2007-ж.

Надирабегим Стюарт Вол 1991-жылы 13-июнда Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда И.Арабаев атындагы КМПУнун дүйнөлүк тилдер институтунун алдында уюшулган лицейде 11-класста окуйт. Ырчылыктан сырткары “Жаш кыял” бий ансамблинде бийлейт.

Оригиналдуу ысымы, мыкты бийлеп, ырдаганы менен жакындан бери эл оозуна алынып калган Надико менен тааныштырабыз. Учурда Надиконун «Биз экөөбүз», «Ты сильнее» деген ырлары бар.

– Надико, ысымыңды ким койгон жана эмнени түшүн­дүрөт?
– Атымды апам койгон. Өзүм­дүн чын атым Надирабегим. Илгери искусствону, чыгармачылыкты баалаган Надирабегим деген ханыша болуптур. Ошонун атынан менин атымды коюптур. Ал эми мени досторум, туугандарым, ата-энем Надико деп эркелетип аташат. Кыскасы, Надико деген ат менен мени көбү таанышат. Ошондуктан, ушул ысым менен ырдап чыгууну чечкем.

– Чыгармачылык шык сага кимден жуккан деп айта аласың?
– Атам австралиялык. Өзү чыгармачылыктан таптакыр алыс адам. Апам да чыгармачылыкка жакын эмес. Ырчылык, бийчилик шык мага апам жактан жукса керек. Анткени, таежем “Жаш кыял” бий ансамблин жетектейт жана мыкты бийлейт. Таякем болсо акын. Менден кичүү эки сиңдим мени көрүп, алар да бийлешет.

– Ырчылык менен бийчилик түбөлүктүү кесибиңби?
– Жок, ырдоо, бийлөө – менин хоббим. Келечекте мен котормочу болгум келет. Англис тилин жүз пайызга билбесем да, учурда ал тилди толук үйрөнгөнгө аракет кылып жатам. Атамдын жумушуна байланыштуу эки-үч жылдан кийин Австралияга көчүп кетишибиз да мүмкүн болуп жатат. Бирок, ал жакка кетээр-кетпесибиз азырынча толук чечиле элек.

– Сахнага кийип чыгуучу кийимдериңди ким тандап берет?
– Апам менен таежем мага кандай кийим жарашаарын айтып кеңеш эле берип турушпаса, кийимдеримди өзүм тандайм.

– Жүрөгүңдү ээлеген жигит барбы?
– Жок. Бирок, менин жигитим сөзсүз чыгармачыл адам болушун каалайм. Анткени, чыгар­ма­чыл адамды бир гана чыгармачыл адам түшү­нө жана колдой алат деп ойлойм. Учурда ошондой жигиттерди кайырмагыма иле албай жүрөм.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо