Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бусурманкул Абдибаит уулу Хабиб Нурмагомедовдун Лигасынын чемпиондук курун тагынды

№974 5-11-август, 2021-ж.

ХАБИБ НУРМАГОМЕДОВ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

3-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship Лигасынын турнири өттү. Бул турнирге негизги конок катары катышуу үчүн UFC уюмунун атактуу жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө учуп келди. Аны жандап UFC мушкерлери Ислам Махачев, Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов жана Усман Нурмагомедов келишти. Турнирдин алкагында жалпы 19 беттеш өтүп, анда Кыргыз өлкөсүнүн, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусиянын мушкерлери күч сынашты. Кыргыз мушкерлери Бусурманкул Абдибаит уулу, Алексей Федосеев, Данияр Бабакулов, Осман Абдулазизов, Айдарбек Абдибаит уулу, Жакшылык Мырзабеков жана Нурсултан Урматбеков жеңишти камсыздашты.

КӨК БӨРҮ. “ЫНТЫМАК” ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов Кыргыз жерине келип, көк бөрү оюнун көргүсү келерин айткан. Анын бул каалоосун оорундатып EFC 38 турниринин Кыргызстандагы уюштуруу комитети Чолпон-Атадагы ат майданда көк бөрү боюнча көргөзмө оюнун уюштурду. Оюн жабык түрдө өтүп, Жогорку Лигадагы фаворит командалар “Ынтымак”-“Достук” беттешти. Оюн 3:2 эсебинде “Ынтымактын” жеңиши менен аяктады. 1-орунга 450 миң сом, 2-орунга 350 миң сом берилди. Байге фонду демөөрчүлөрдүн жардамы менен уюштуруу комитетинен каралган.

БУСУРМАНКУЛ АБДИБАИТ УУЛУ ЧЕМПИОН БОЛДУ

EFC 38 турниринин негизги беттешинде Бусурманкул Абдибаит уулу менен орусиялык Руслан Яманбаев кез келди. Кыргыз мушкери экинчи раундда атаандашын техникалык нокаутка учуратып, чемпиондук курду тагынды.

EFC кезектеги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Орусияда өткөн мелдеште айткан. Буга Бусурманкул Абдибаит уулунун мыкты беттеш көрсөткөнү себеп болгон.

Динара Акимова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо