«САХНАЛАШТАРЫМА БЕРГЕН ЫРЛАРЫМА ИЧИМ АЧЫШПАЙТ»

№419 12-18-ноябрь, 2010-жыл.

Блиц-маек

Жакындан бери ырчылардын катары Нурлан Насип деген ысым менен толукталды. “Унуталбайм”, “Жаным”, “Жоопсуз сүйүү” деген чыгармалары ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн орун таап, ырчынын күлүңдөгөн көздөрүнө арбалган бийкечтер көбөйдү. Концерт берүүгө камданып турган Нурлан Насип менен маек курдук.

– Менде “Унуталбайм” аттуу ырыңдан кийин “Нурлан Насип кимди унуталбай, кыйналып жүрөт болду экен?” деген суроо туулду...
– Бул ыр мурун эле жаралган. Муратаалы Кү­рөң­кеев атындагы окуу жайынын студенти болуп жүр­гөнүм­дө пианинодо ойноп отурсам, ырдын ушул кайрыктары келген. Диктофонго түшүрүп койгон элем. Арадан убакыт өткөн соң ушул обонго сөз жазып, ырды эл сынына койдум. Радиодон кеткен биринчи күндөрдө эле жакшы сөздөр айтылып, көңүлүм көтөрүлдү. Ыр кыялымдагы бир адамга арналган десем болот. “Унуталбайм” – менин “визиттик карточкам”. Концертимди да ушул аталышта койдум.
– Ырдын текстин да, обонун да жазып жүрсөң, анда башкаларга обондуу ырларды бергенсиңби? Эгер берсең, ырларың башканын атынан хит болуп кеткенде ичиң ачышкан күндөр болгон беле?
– Чынын айтайын, ичим ачышкан учур болгон эмес. Анткени андай ырларды дагы көп жаратам деп ишенем. Андан көрө башка ырчылардын аткаруусунда болсо да, ырларым эл жүрөгүнө жеткени мага сыймык. Бирок кийинки кездери мен да бышык боло баштадым. Мурун ырларымды досторума, сурагандарга жазып, тарата берчүмүн. Кийинки кездерде суроо-талап көп болуп кеткендиктен, мен дагы акчага ырдын сөзүн, обонун жазып калдым.
– Анда ырларың канча турат?
– Эми ал сыр боюнча эле калсынчы...
– Концерт бергенге камданып калып­сың. Күйөр­мандарыңды эмне менен таң калтырмак­чысың?
– Буюрса, концертке даярдыктар жакшы. Концертти өзгөчө өткөрөлү деп Кыргызстанда эч ким колдоно элек чоң экран койдурганы жатабыз. Ал сахнанын аркасын бүт ээлейт жана ырдын мазмунуна жараша атайы эффекттер коштолуп турат. Муну биз Кытайдан алдырып жатабыз. Андан тышкары менин ырларымдан турган альбомдун бет ачары болуп, алдыңкы катарда отурган элге бекер таратылат. Баса, концертиме апам атайын боорсок жасап келип, элге чачыла чачмакчы болуп жатат.

Ушундай, окурман, эгерде Нурлан Насиптин альбомун алып, апасынын чачыласынан ооз тийгиңиз келсе, андан да маанилүүсү Нурлан Насиптин мыкты ырларына күбө болгуңуз келсе, бул концертке келиңиз.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(8)
12.11.2010. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodsa!!!!Nurlan baike tak derjat!!!
13.11.2010. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
13.11.2010. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концертине баргым келип жатат. Эгер Кыргызстанда болгонумда созсуз барат элем.
13.11.2010. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Нурлан !Концертинди ийгиликтуу откозуп ал !!!
13.11.2010. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Reklamasi jakwi eken.
14.11.2010. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
брат, Токтогульцы с тобой.Молодец...........
16.11.2010. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негедир ырлары окшош болуп баратат. Бугун унчукпай журот да, эртен бул да чыгат жылдыз оорусу менен ооруп.
17.11.2010. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы Кыргызстанда болгонумда созсуз бармакмын. Деги эле концертке барбаганыма коп жыл болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо