Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МИРБЕК МЕНЕН САМАТ МУШТАШТЫ. СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

№419 12-18-ноябрь, 2010-жыл.

Ишенген кожом сен болсоң...

Өлкөбүз өтө чоң болбогон соң шоу дүйнөдөгү ар бир кыймыл, бирөөнүн катуу жөтөлгөнүнөн бери угулуп турат эмеспи. Андыктан Жалал-Абаддагы чырдуу окуянын кабары да ошол эле күнү келип жетти. Бул кабарды окуган Мирбек Иманбеков менен Самат Дөөлөтбаковдун күйөрмандары кандай абалда калышарын элестетиш да кыйын.
“Мегаком” улам бир дубанда кеңсе ачып, анын урматына журналисттер менен жоон топ ырчыларды чакырып, чоң концерт тартуулап келе жатпайбы. Кадимки ошондой концерттердин бири чыр менен аяктаптыр.
Үйлөнүү тоюн өткөрүп, өрөп­күп турган Мирбек Иманбеков менен Султан Садыралиев Жалал-Абадда автобуста баратып ырдай башташат. Бул автобусту уюштуруучулар жалаң ырчыларга жалдашкан экен. Айтор, ал жерде улуусу-кичүүсү, эркеги-кызы болуп, баары чогуу бараткан болот. Ырларына ар кандай уят сөздөрдү аралаштыра беришкенинен улуулугуна салып тыйып коёюн дегенби, айтор, Самат Дөөлөтбаков “койгула, балдар, бул жерде силер эле эмессиңер. Кыздар да бар” дейт. Ичимдик аттууга жолобогон, дайыма сы­лык-сыпаа мүнөзүнөн жазбаган Саматка мындай көрүнүш ыңгайсыз сезилсе керек. Берки эки атактуу ырчыбыз аны тарбия эмес, кыр көрсөтүү катары кабыл алып, “эмне дейт? Бизди тыйып жатабы?” деп “түшүнбөй” калышат. Эртең концерт деген түнү ырчылар ой-да майрамдашат. Кызып калган Мирбек күндүз автобуста айтылган сөздү эстеп, түн ортосунда Саматты ыплас сөздөр менен сөгүп кирет. Анан “тарбияламакчы” болуп “рингге” чакырып, көзүн көгөртө койгонго үлгүрөт. “Оозунан ак ит кирип, кара ит чыкты. Ичип эле эмес, чегип да алышкан окшойт” деген сөздөрдү айтышты экөөнү ажыраткандар. Самат да жөн калбай, секирип туруп Мирбекти кулак түпкө койгон. Жалал-Абаддан соң концерт Талас шаарында болмок. Ошентип, чатактын айынан ал күнү Самат сахнага чоң кара көз айнек менен чыкса, Мирбек «казандай» шишиген кулагын көрсөтпөй капталдап ырдаган.
Бул окуяны угуп алып “биз­дин балдар атактуулукту көтөрө алышпайбы” деп кейибей кой­бойсуң. Бул жигиттердин аларды кумир тутуп, кийингенин, баскан-турганын туурап жаткан жаштарга бере турган үлгүсүбү же?..


Ар собол

Сахналаштарың менен мушташкансыңбы?

Урмат Усенов, ырчы:
– Жок, сахналаштардан эч ким менен мушташкан эмесмин. Бирок мушташкандарды көрүп жүрөм. Мындан үч-төрт ай мурун эле чыгармачылыкка тиешеси жок бир адамды жазалап коюшума туура келген. Эми ал катуу мушташ деп деле айтпайм. Өзүнүн бир туура эмес кылык-жоруктары менен жиниме аябай тийди десеңиз. Менин оюмча, кийин жанагы адам деле катасын түшүнүп калды болуш керек.

Бет карашпай калган сахналашыңыз барбы?

Назира Жетигенова, куудул:
– Тфү, тфү, Кудай сактасын, андай нерсе өмүрүмдө болгон эмес. Деги эле сахналаш адамдар менен сый мамиледемин. Урушуп кеткендерди көрүп жүргөнүм менен, өзүм эч ким менен уруша элекмин.
Мен айтышып уруша албайт эмесминби, нерв кайнаганда дароо эле чаап-чаап жиберем. Бирок бул өнөрүмдү сахналаштарга колдоно элекмин жана колдонбойм. Негизи, бет карашпай калгандан Кудай алыс кылсын.

Сахнага ичимдик ичип чыккан учуруңуз болду беле?

Мерген Турган, ырчы:
– Мен сахнага ичип чыккан эмесмин. Анткени сахнаны ыйык, таза жай катары элестетем. Негизи, ичкиликти таштап койгонума көп болду. А мурун ичип жүрчүмүн. Бирок анда деле сахнага ичип чыккан учурум болгон эмес. Негизи, колдон келсе андан алыс эле болгон жакшы. Айрыкча артисттерге бул бычак да. Канчалаган мыкты таланттар ичкиликтин айынан кете беришти. Арак ичип сахнага чыккан адамды элди, күйөрмандарды сыйлабаган адам деп эсептейм. Ошондуктан азыр чыгып келе жаткан инилериме “ичкиликтен алыс болгула!” дейм.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(65)
14.11.2010. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластыктарды өпкөсү жок дегендерине ынанып калдым...........уят...........
15.11.2010. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластыктардын баары ушундай опкосу жок болушат дегенине даана ишендим,Мирбек,Султан,Жогоруда жазган Нурадил,опконорго суук тийгенби э,Мелис Мырзакматовдун видеоснда да бир опкосу жок Таластык Маратбек деген Оштуктарга тийишип жазган эле
15.11.2010. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу кыргыздар!!! Жерине карап жамандоого тыюу салынат. Андай мүнөздөгү билдирүү үчүн 3 күнгө банга жиберилет. Экинчи ирет 30 күнгө жиберилет. Кийинкисинде түбөлүк банга жиберилет.
15.11.2010. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат молодец
15.11.2010. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан.Мирбек мен дагы Таласстык болом. Бирок Таласстыктардын баарысынын эле опкосу жок дегенге кошулгум келбейт. Бул адамдын чыккан жерине эмес, ар бир адамдын озунун жеткен акылына, тарбиясына жараша болот деп эсептеймин. Ушул кылган ишинер уят эмеспи. Силер озунорду эмне учун ушунша укмуш сезесинер. Между прочим, Мирбек ты только на страницах газеты и по телевизору кажешься симпатичным. а в жизни колхозник из с.Буденовки, айылга барып фасольго иштесен, кормокмун. так что кичине эсине келсен.
15.11.2010. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
причем тут ош талас везде есть дураки как султан
16.11.2010. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне американы турап атышабы!!!!!!!!!!!!!!!1
16.11.2010. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
очки си жакпады=(( нормальный очки качан аласынар кыргыз жылдыздагы?))
17.11.2010. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ваааууу! Жон эле жулмалап жибергенсинер го Мирбекти, ага кошуп СУлтанды, алардын артынан бут Таластыктарды! Жаман-жакшы адамдар баардык жерде бар. Бир макаланын артынан алардын эмес, ар ким ОЗУНУН акыл, ой денгеелин корсотуптур. Кейитет. Кыргыздын мындай жорукка барган уулдарынын денгеели да, "борк ал десе, баш алган" биздин менталитет да. Копчулук деген кайда жакшылап шыкактап туруп айдап койсо кете берчи бир сел экенине дагы бир ынанасын. Токтоо, калыс ой жугурто албаган мунозубуз кейитет, бир
17.11.2010. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир-биринерди кубаттап коштоп отуруп акыры таластыктарды "эл душманы" кылып койбот беленер биротоло "опкосу жок" ;)) Аман эле болгула...
17.11.2010. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек Иманбеков Таластын адамдары опкосу жок болот деген созду дагы бир жолу тастыктады, ушул эки дос болмуш ырчыларды мен ырчы катары кабыл албайм (бир корунуктуу ыры жок которгон чакта да жакшы ыр чыккан эмес бул ырчы балдардан), Ал эми Самат озу токтоо бала анын дагы ырларында башка олконун ырланынан урдоолор бар бирок ал экооно салыштырып болбойт...
17.11.2010. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekjangold сага бир жерине кошула албайм, тууру Мирбек маданиятсыз мен да кошулам, ал эми айылжыктар маданиятсыз дегенин туура эмес, баардыгыбыз билебиз туугандарыбыз айылда коп жашашат, айылда дагы маданияттуулар шаардыктарга караганда коп чыгат, бирок Мирбек Султанга окшогондо да коп, Мирбек Султан котормо ырдагандан коро ырдабай эле койсонор болмок, чынын айтсам которгон ырынар деле жакпайт элге, беш алты байлыкты суйгон кыздар кыйкырып койсо озунорду супер экнбиз деп ойлобогула...
17.11.2010. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерди коруп отуруп кыргыз элинини аброюн тушуруп жатышат деп жаман коруп уялып турган адамдардын да оюнда эске алып мындан кийин чакыруу менен эле тойлордо ырдасанар дурус болмок, сахна менен кош айтышкыла андан сырткары элди урматтаган болмоксунар... келгиле сандан сапатка отолу татыктуу ырчылар гана элге кызмат кылсын... (Мирбек Атабеков Ильз Абдразаков Урмат Омарлар ушул сыяктуу татыктуу ырчыларыбыз коп элего)
17.11.2010. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirbekti bilbeyt ekem birok Sultandin eldin kozuncho kiyinsinip sogunup suylogonun ukkam/ Samat bayke bolso chin ele iymanduu bala..
17.11.2010. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
В общем, я не знаю все подробности ситуаций. Но не удивлюсь если это было так. Я не слушаю произвеления Самата, да и стиль его не нравится, но с увереностью могу сказать что его уровень гораздо выше других двоих. Относится к людям очень приветливо. А Султан и Мирбек. это же тройболисты. Да смотрите как они себя на сцене ведут. Да и их свадьба была сенсацией, тоже отстой. Мне очень приятно что со мной оказываются делятся приличное количество людей.
17.11.2010. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне, Саматтын эле тарбиясы укмуш дейсинерби. Керсейип, озун умный сезе берген, бироого акыл уйроткон бала го. Мурдатан бир талашы болсо керек, болбосо болбогон создон чыр чыгаршыпайт эле булар.
17.11.2010. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий ушул Мирбек Иманбеков ырдабай эле койсо болмок.Ушул баланы аябай жаман кором,боюна жараша иш кылбайбы!Самат Доолотбаков жузунон эле корунуп турут кандай адам экени.Бирок маска тенелбей эле ,басып кетсе болмок
17.11.2010. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oooii toboo, boiunan bawtap jerine 4ein tytypsynargo. men Talastyk emesmin, birok opkosu jok degenge karwymyn. ow talas dep bolununun keregi jok dostor, baarybyz KYRGYZBYZ!!! myndai nerse jerliginen emes tarbiyadan. anan kolxoz degeninerdi da koigula. aiyldyk degeni kolxoz degeni emes. owon u4un abailap jazgyla. bardyk nerse tarbiyadan, waardyksynby, aiyldyksynby. tarbiyadaaaaan.....
18.11.2010. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат АЗАМАТ! Саматты сыйлайм.Ал образованный, культурный, этичный. Молодец!
18.11.2010. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да ушу экоо жакпаит аферист анан ушундай невоспитанный болуп эле корунушчу тиги мирбек негизи эле башкача аялын канчадан бери катып жургонунон эле билсе болот ал кандай адам экенин
18.11.2010. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичип чеккен кадимки эле адат да кээ бир балдар учун.. урушса урушуп койду,мындай нерсе коп кездешет балдардын арасында...
18.11.2010. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичип мас болуу кадимкиле адат эркектерде,бирок общественный жерде тем более папулярдуу адамдарга мумкун эмес,жонокой адам болсо да бир жон.Ушунча жыл чогулткан АФТОРИТЕТ ЖАЛКО болуптур!!!
18.11.2010. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээ, Мирбек братишка, саяк журсон таяк жейсин, кичине опконду томонго да таштап жур, а Самат молодец, ал тартиптуу бала!
19.11.2010. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек Султан уялсанар боло силерден биздин баладар улгу алса кыздарды сыйлоо деген унутулат. Озунор элестетип корсонор кыздар деле балдар деле бирин бири сыйлабай согушуп олтурса. Таластыктарды уят кылбагылачы!!!!!! Мен Саматтан кечирим сурайм эки жердешимдин атынан.....
19.11.2010. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cамат туура эле тыйган. Мирбек менен Султан ырларды аралаштырып эмнеге согунушот. Ал автобуста кыздар деле бар турбайбы. Мирбек башынан эле жакпайт, кантип 2 жыл аялым ЖОК деп жашырып келди, ушундан эле билсе болот кандай адам экенин. А Самат болсо экооно караганда воспитанный, эл-жерди коруп келген бала.
19.11.2010. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааа коокуй...короздор дессе!
22.11.2010. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozundu bashkara albasan,jasagan ishterindi kontroldoy albay kalsan emnege ichesin?Uyat ,namis degen nerse tugongon eken...Toshoguno karap but sun dege jakshi soz bar...
06.12.2010. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samat molodez....Mirbek nevospitanniy ekenin dagi bir jolu korsotty.Uwul bisdin jyldysdar.2 yr m-n ele televisorgo 4iksa boldu JYLDYS b-p kaliwat.....POZORRRRRRR
01.11.2011. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мирбекти аябай жакшы корчумун бирок бул кылганы туура эмес
гооп кеткен окшойт
02.11.2011. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылар эмес депуттатар согушпады беле!!!! Биздин депуттатардан улгу алышса керек!!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо