Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЙЫЛ БАНКТАН “СТАНДАРТТЫК ЧЕНГЕ +1 ЖАНА +2” АКЦИЯСЫ АЯКТОО АЛДЫНДА ТУРАТ

№974 5-11-август, 2021-ж.

2021-жылдын 10-августунда “Стандарттык ченге плюс 1 жана плюс 2” акциясы жыйынтыкталат. Ага ылайык, кардарлар “Айыл банктын” кайсы болбосун жакын жайгашкан кеңсесинин бирине келип, улуттук валютада 24 жана 36 айга, башкача айтканда, эки-үч жылга жылдык 14 пайызга чейинки чен алдында “Керемет”, “Ардагер” жана “Кенч” депозиттерин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ошондуктан 10-августка чейин каалаган депозитти ачып, акча топтоо ыңгайлуулугунан пайдаланып калууга үлгүрүп калыңыздар:

Жогоруда көрсөтүлгөн депозиттердин түрлөрү боюнча маалымат

  • "Кенч" мөөнөттүү депозити – бул толуктоого же бөлүп алууга мүмкүн болбогон, жогорулатылган пайыздык чен алдында, белгилүү бир мөөнөткө банкка салып коюуга боло турган бош акча каражатына ээ болгон кардарлар үчүн каралган. Аманаттын бул түрү кепилденген туруктуу киреше алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
  • Пенсионерлердин көпчүлүгүнүн топтогон каражаты болсо керек... Демек, банк сунуштап жаткан "Ардагер" депозити алар үчүн кошумча киреше булагына айланып, пенсияга олуттуу үстөк болушу мүмкүн. Аманатчыга ай сайын пайыздар төлөнүп турат, ошондой эле алардын өтүнүчү боюнча пайыздарды капиталдаштыруу шарты да каралган.
  • Эң эле сарамжалдуу кардарлар үчүн “Айыл банк” "Керемет" топтолмо депозитин сунуштайт. Пайыздар ай сайын төлөнүп турат же кардардын талабы боюнча капиталдаштырылышы мүмкүн. Аманатты кошумчалап турууга чектөөлөр белгиленген.

Депозиттер (аманаттар) боюнча кеңири маалымат менен банктын www.ab.kg дареги боюнча расмий сайтынан таанышууга болот.

Кыргыз Республикасынын “Банктык депозиттерди (аманаттарды) коргоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, “Айыл банк” ААКсы депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат жана 2009-жылдын 12-августунда ага катышуучу банктардын тизмесинде катталган.

Сурап-билүү телефондору: (0556, 0707, 0312, 0222) 68 00 00


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо