Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
БИР БҮРКҮМ. АКАЕВ ӨЛКӨДӨН ЧЫГЫП КЕТТИ...
№975 12-18-август, 2021-ж.
БШК: Бишкектин мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды.
- Ош шаарына Кытайдан медициналык жабдуу түрүндө гуманитардык жардам жеткирилди.
- Жээнбек Кулубаев президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
- Ош аэропортунун кире беришине мыйзамсыз орнотулган тосмо алынды, ал жерде автоунаалардан негизсиз төлөм алып жүргөнү аныкталды.
- Парламент депутаты Умбеталы Кыдыралиев “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
- Орусияда 31 жаштагы Кыргыз жараны мекендешин – 14 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жатканы маалымдалды.
- Өткөн аптада Бишкекке келген мурдагы президент Аскар Акаев кайра Москвага учуп кетти.
- 4-9-август күндөрү Тажикстанда Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
- Буга чейин президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген Дастан Дүйшекеев Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчиси болуп дайындалды.
- Бишкекте соода түйүнүндө орус тилинде жооп бергени үчүн сатуучу кызга кол көтөргөн жаранга УКМК эскертүү берди.
- Жеңиш чокусунун аймагында Ирандын 2 жараны дайынсыз болуп изделүүдө.
- Рахат Керимбаева Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
- Ош шаарында өз өмүрүн кыюу үчүн 5-кабаттан секиргени жаткан кыз куткарылды.
- Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев Америка бийлигинен Кыргызстанды өнүктүрүү программасынын алкагында жардам көрсөтүүнү өтүндү.
- “Ысык-Көл Аврора” санаторийи президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөнү маалымдалды.
- Орусияда компаниялардын бири Кыргыздын 49 жаранына маяналарын бербей жүргөнүн, бул иш териштирилип жатканын Орусиядагы Кыргыз элчилиги билдирди.
- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Украинанын Кыргыз жериндеги элчиси Валерий Жовтенко эки өлкөнүн кызматташтыгын күчөтүүнү талкуулашты.
- Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгы Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев тарабынан текшерилди.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0