«СУПЕР СУЛУУ-2010»: даярдык кандай жүрүүдө

№419 12-18-ноябрь, 2010-жыл.

«Супер сулуу» сынагынын жеңүүчүсү аталып, чет өлкөдө эс алууну самагандардын тагдыры буга чейин www.super.kg сайтындагы добуш берүү аркылуу чечилип келген.
Ал эми бул жолу сынактын финалчылары биринчи жолу Cпорт Ордосунун чоң сахнасына чыкканы турушат. Дал ошол жерден бир нече сынактан өтүп, баш байгеге ээ болгон сулууга Таиландга жолдомо тапшырылат. Учурда финалга чыккан бийкечтер эл алдында кандай басып, кандай сүйлөө керектигин жана чыгыш бийин үйрөнүп жатышат.

Сынакта бийкечтер төрт тапшырманын негизинде эл алдына чыгышат.

  1. Саламдашуу жана өзүн-өзү тааныштыруу. Бул бөлүмдө катышуучу эл менен саламдашып, фантазиясына жараша өзүн тааныштырып өтөт. Эч кандай чек жок. Сулуу кааласа өзүн төкмөлөрдөй төгүп ырдап тааныштырат, кааласа жомоктогу сулууга айлантат.
  2. Купальникчен чыгуу. Кызыл өңдөгү окшош купальник кийген кыздардын келбетине баа берилет.
  3. Чыгыш бийин бийлөө.
  4. Кече көйнөгү менен басуу.

Мына ушул төрт этапты өзгөчөлүк менен басып өтүп, келишимдүү мүчөсү, ажарлуу жүзү менен калыстар тобун арбап алган селки баш байге ээси болот. Эми сөздү финалчылар кандай даярданып жатышат, ошол жакка буралы.
Сахнада кандай басуу керектигин “z fashion” моделдик агенттигинин дефиле коюучусу үйрөтүүдө. Кыздар аталган агенттикке жумасына беш жолу барышат. Сулуулардын устаты Айжамал буларга токтолду.
– “Супер сулуу” сынагында финалга чыккандардын жарымынан көбү аракетчил, көрсөткөнүңдү тез илип кете турган кыздар экен. Биринчи күнү көрсөтүп бердим эле, экинчи күнү дароо окшоштуруп кетишти. Арасында модель кыздар да бар экен. Аларга үйрөтүш оңой. Катышуучулар сөзсүз такасы 10 сантиметрден бийик бут кийим кийиши абзел. Биз кантип үйрөтүп жатабыз? Кыздар келгенде бийик такалуу бут кийим менен отуруп-туруп, 20 мүнөт көнүгүү жасашат. Бул буттарынын булчуңдарынын чоюлуп, бийик така кийгенде калтырабашына чоң жардам берет. Анан сагыз чайнабагыла деп күнүгө айтам. Сахнага чыкканда сүрдөгөндөн оозунда сагызы жок болгонуна карабай, көнүмүш адат менен жаагын чайнап алышы мүмкүн. Эгерде сахнадан чалынып жыгылып кетсе, бетин басып көшөгө артына өтө качпай, кырдаалдан кантип чыгышты да үйрөтүүдөмүн.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
12.11.2010. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуулардын келбетип газетадан кордум мага эч кимиси жаккан жок баардыгы колхоздон келген кыздарго окшош экен.фигуралары "супер сулуу"наамына топ келишпейт.
13.11.2010. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
morqana!,,,Колхоздон келеби, шаардан келеби, окшош болобу, барибир кыргызымдын таттына, назик кыздары болот!,,, сулуу кыздар экен, ийгилик силерге!
13.11.2010. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын сулуу кыздарына эч ким жетпейт.Шаардык кыздарыбыздын да,Айылдык кыздарыбыздын да озунчо сулуулугу бар.Азаматсыздар Кыргызымдын кыздары СИЗДЕРГЕ ИЙГИЛИК,БАР БОЛУНУЗДАР!
13.11.2010. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдагы сынактарга караганда кыйыныраак экен. Таланттуусу женип чыгат деген ойдомун. Баарына ийгилик каалайм.
13.11.2010. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
morgana, сиз аябай сулуу окшойсуз, ээ?Кыргыздын кыздарынын баары сулуу керек болсо.Мен кыздар үчүн кубанычтамын.Ким эле алыскы Таиландга барууга шарт түзүп берип жатыптыр."Суперге" рахмат!Мага Бурул жакты.
14.11.2010. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери супердин сулуусуна татыктуу кыз экен!
14.11.2010. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжол туура айтат. Ар бир кыздын озунун сулуулугу болот!!!
15.11.2010. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы силерге кошулам, кыздар татыкттуу кыздар экен.Акжол силерге кыздар!!!
15.11.2010. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керек болсо айылдын кыздары чыныгы сулуу болушат эч кандай косметикасыз
16.11.2010. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айылдык кыздардын сырты эле эмес ички руханий байлыгы да сулуу(шаардык кыздардай болуп согунуп тамеки тартып ичимдик ичкенден алыс)
16.11.2010. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emnege waardik kizdar jamandai beresiner? Zato alar timizin buturot iwterdi...........
18.11.2010. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info!!!!!!!!! Akilduu kizdardin da konkursun uyuwturbaisingarbi,4et olkogo es alip kelgeni.Takoe owuwenie nek-e priwliprosto bu4uk murdun korsotkonu,
18.11.2010. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Inna...Zato waardyk kyzdar tymyzyn buturot iwterdi...? Кандай иштерди бутурот экен кызык болуп жатат?
Кененирээк жазынызда билгенизди....
19.11.2010. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага эч кимиси жаккан жок вооот так что я не за кого не буду болеть. Булардан да суулу кыздар бар элего ????
30.11.2010. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мага №8 кыз абдан жагат. Добуш сага!!!Ийгилик!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо