Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭРКЕГИ ДА ЖУМУРТКА БАСКАН ТААЖЫЛУУ КӨГҮЧКӨН

№975 12-18-август, 2021-ж.

Биздин өлкөдө көгүш жана ак көгүчкөндөр кездешет, ал эми Жаңы Гвинеяда анын көптөгөн түрлөрү бар. Көгүчкөндөрдүн таажысы бар дагы түрлөрү бар экенин билет белеңиз? Сулуулугу суктандырган желпинген таажысы бар көгүчкөн (Goura victoria) тууралуу кызыктар.

Жаңы Гвинея эндемиги болгон бул көгүчкөндүн аталышы 19-кылымдагы Улуу Британиянын ханышасы Викториянын атынан коюлган. Көгүчкөндүн англисче аты – Victoria crowned pigeon.

Чоңдугу тооктун көлөмүндөй, демек абдан чоң көгүчкөн. Денесинин узундугу – 66-74 сантиметр, салмагы 2,5 килограммга чейин жетет.

Аны өзгөчөлөнткөн нерсе – чокусундагы селпилдеп турган үрпөгү.

Таажылуу көгүчкөндөр ынтымактуу келишет, топ-тобу, ошондой эле жуптары менен чогуу жүрүшөт. Өсүмдүктөрдүн жерге түшкөн мөмөлөрү жана уруктары менен тамактанат. Токойдун мөмө-жемиш, уруктар көп түшкөн жерлерин аралап азыктанышат. Кокус коркунуч байкалса баары дарактардын башына уча качышат.

Жупташуу учуру күздүн орто ченине туура келет. Тандаган түгөйү менен өмүр бою чогуу болушат. Уясын жерден 6-10 метр бийиктикке чоң кылып салышат. Уясында бир же эки эле жумуртка болот, аны ургаачысы менен эркеги алмак-салмак басып, 28-29 күндө балапан чыгарат. Негизинен, ургаачысы түн ичинде, эркеги күндүзү басат. Балапандарды багуу 30-40 күнгө созулат.

Тилекке каршы, бул канаттуу түрү сейрек кездешкен жана жоголуу коркунучта турган канаттууларга кирет.

Гулийпа Маметосмон кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо