Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛДЫҢКЫ КАТАРДАГЫЛАР КИМДЕР?

№419 12-18-ноябрь, 2010-жыл.

Ошентип, салтка айланып калгандай, суперлерди тандоо убагы да келди. Жыл мыктыларына талапкерлер тандалып, “Супер-Инфо” гезитинин www.super.kg сайтында добуш берүү кызуу жүрүүдө. Окурмандар үчүн жылдын мыктыларынын кимиси алдыңкы үч сапта бара жатканын маалымдап өтүүнү чечтик.

“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ МЫРЗАСЫ”
Бул наамды алганга алты мырза ат салышууда. Алар: Тата Улан, Омар, Ильяз Абдыразаков, Дайыр Исмадияров, Айдин Шер жана Добр. Сайттагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында Ильяз эң көп добушка ээ болуп, атаандаштарын бута атым алыска таштады. Андан кийинки орунда Тата Улан камчыланып марага жакындап келатса, Омар үчүнчү сапты ээлеп турат.

"Бул жылы жылдын супер ырчы мырзасы боло аласыңбы?" деген суроо менен Тата Уланга кайрылып калдык.
– Мен бул орунга татыктуу деп бир да адамды көрсөтө албайм. Ар биринин өзүнө жараша сынчысы, күйөрманы, угарманы бар. Өзүмө келсек, эл менин ырларымды түшүнсө, укса, ошол менин жеңишим. Жулунуп мен биринчимин, мен алышым керек деп айтпайм. Бул жылы наамга ээ боломбу же жокпу, аны келечек көрсөтөт. Кимдин маңдайына буюрса, кимге насип кылса, ошол адам алат.
Ырчылардын болобу, саясатчылардын болобу, мыктыларын алып чыгып, мыкты иш алып барып жаткан силердин гезитке ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Алдыдагы сынакта атаандаштарыма ийгилик каалайм.


“ЖЫЛДЫН СУПЕР ЫРЧЫ АЙЫМЫ”
Оо, бул наам үчүн өткөн жылы талаш-тартыш Чубактын чуусундай эле чубалган. Ал эми үстүбүздөгү жылы ырчы айымдардын арасынан “Жылдын супер ырчы айымы” наамына Айя Садырова, Гүлзинат Суранчиева, Неля, Сайкал Садыбакасова, Бегимай Эсенгулова, Каныкей ат салышууда. Аты аталган айымдардын бардыгы татыктуу деңизчи, бирок ичинен бирөө гана суурулуп чыгышы керек.
www.super.kg сайтындагы добуш берүүдө эң алдыда келе жаткан ырчыбыз – Каныкей. Каныкей атаандаштарын чаңга бөлөп, таскак менен келе жатат десек жарашат. Ал эми Неля айым экинчи позициядан орун алса, эжекелеринен калышпай Сайкал үчүнчү сапта.

"Атаандаштарыңдын арасынан “ярый” каршылаш ким?" деген суроону Неля айымга узаттык.
– Эң биринчиден, мен атаандаштарымдын баарына ийгилик каалап кетмекчимин. Менде "бул менин атаандашым, же бул озуп кетет" деген ой жок. Анткени буга чейин деле бул наамдар татыктуу адамдарга берилип келген. Мен “Жылдын супер ырчы айымы” наамына эки жолу талапкер болуп, эки жолу тең жеңип алгам. Эми бул жолу да күрөшүп, жеңишке жетишем деген ойдомун. Чындыгында эле жыл башынан бери эмгектенип, жакшы ийгиликтерге жетиштим.


“ЖЫЛДЫН СУПЕР АКТРИСАСЫ”
Таттыбүбү, Бакен эжелердей таланттар кино искусствосунда өчпөс из калтырып кетпедиби. Эми да уучубуз куру эмес. “Жылдын супер актрисасы” наамына талапкерлер: Элина Абай кызы, Асел Абдыбекова, Асема Токтобекова, Асел Тойгонбаева, Назик Исраилова. Эми алдыда кимдер келе жатат дебейсизби? Алдыңкы катарда Элина сулуу, экинчи сапта Асема, үчүнчү позицияны Асел Абдыбекова бекем ээлөөдө.

"Сенин оюңча, бул наамга ким татыктуу?" деген соболго Асема Токтобекова төмөндөгүдөй жооп берди.
– Мен татыктуумун деп деле төш какпайм. Элина менен жакшы мамиледемин. Ага эч кандай деле ич күйдүлүк кылып жаткан жерим жок. Мен профессионал деген актрисалар менен ат салышсам деп ойлогом. Мисалы, Назира Мамбетова, Сайра Момунбаева деген мыкты актрисалар менен. Бирок мени менен атаандаш кыздарга караганда менин эмгегим көбүрөөк болуш керек. Албетте, эл таразалайт деңизчи. Эл баалаган үчүн мыкты ийгиликтерге жетишип, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка көрсөтүлүп жатам.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(27)
12.11.2010. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super yr4y aiym Saikal bolso tuura bolmok, myrza bolso Omar alsa suiunmokmun. Elina 1-ke jetse anda jyrgamakmyn.
12.11.2010. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдын супер актрисасы наамы- Элина Абай кызына буйруса экен. Аябай таланттуу кыз.
12.11.2010. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asema eje ataandawtaryn bala bak4a degendei ele kylyptyr. EE KUDAI ELINA 1-TI ALSA EKEN SURANAM...
12.11.2010. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar alsa eken, un bar,en jakwy yrdait jana styl bar,biylegenida jakwi. kiskacha aitkanda bardyk jaktan top kelgen yrchy.men Omardyn yrlaryn suiup ugam :)
13.11.2010. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-Ырчы мырза Ильяз,1-Ырчы айым Каныкей,1-Актриса Элина.
Асема озун профессионал сезип алган го.
13.11.2010. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men Omardi koldoim but jagina top kelgen mirza,bilimi dagi,tuwunugu dagi,suyloo madaniyati dagi degele kuday taala but jakwi sapatty bergendey,al emi Elinadan Asemani jogorku tepkichte dep oiloimun,ozu aitkanday emgegi jaginan,jetiwkendikteri jaginan,talanti jaginan Elinadan aldida!!!!!!
13.11.2010. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
В среду Министерство по делам молодежи КР вручило Асем Токтобековой золотой диплом за мастерство исполнение женских ролей. ASEMA NUMBER ONE v KG!
13.11.2010. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
На долю Центральной Азии выпала одна награда!
Впервые в истории Кыргызстана Киргизская актриса удостоена приза X Международного кинофестиваля «Восток-Запад»! Асем Токтобекова получает приз «За самый женственный образ» из рук Ходжакули Нарлиева. УДАЧИ!!!!! Ты достойная!!!
13.11.2010. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы мырза-Омар! Ырчы айым-Каныкей! СУПЕР актриса-АСЕМА!!! Жогоруда айтылгандай Асеманын актриса катар Кыргз эли учун салган салымы мол экен жана алган сыйлыктар коп экен, болгондо да эл аралык денгээлдеги. Азаматсын! Сен Кыргызымдын Таттыбубусу! СЕнин ар бир ийгилигин кыргыз элимди кубандырат! Сени колдойбуз жана урматтайбыз! Уй-булолук бакыт жана чыгармачылык ийгилик! Если за твоей спиной кто-то что-то говорит, это значит что ТЫ впереди ВСЕХ!!! АЗАММАТСЫН Асема!
13.11.2010. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асем Токтобекова стала послом доброй воли JICA (Японское аген.межд.сотруд.). Об этом стало известно в минувшую пятницу на торжественном приеме, посвященном 10-летию открытия представительства JICA в КР. На церемонии открытия приветственную речь произнес постоянный представитель JICA Маруямя Хидэаки. С приветственной речью выступила президент КР Отунбаева, затем Посол Японии в КР Маруо Син. Для презентации дея-ти JICA на сцену была приглашена посол доброй воли JICA в КР Асем Токтобеква!
13.11.2010. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asema is a professional actress of Kyrgyzstan, people, be proude of her!!!
13.11.2010. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники да дал ушундай- Элина, Каныкей, Ильяз. Алар МЫКТЫНЫН МЫКТЫСЫ!
13.11.2010. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы татыктуу...бирок татыктуулардын татыктуусу Ильяз, Каныкей, Элина. менин көз карашымда....
13.11.2010. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ырчы мырза-Ильяз, ырчы айым-Каныкей, актриса-Асема. Элина деле мыкты актриса, бирок,Асемага караганда эмгеги азыраак. Асема кыргыздын атын коп жерге таанытып келди!!!
13.11.2010. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неля омур бою мен алам дегендей кылып койгон го. Озунон кийин эч ким жок дегенсип.
13.11.2010. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добуш бере элек достор!

Супер ырчы айым Каныкей!
ырчы мырза Иляз!
саясатчы Омурбек Текебаев!
спортчу Каныбек Сагынбаев!
телеалпаруучу Жанар Акаев!
супер диджей Элиза Кененбаева!
Бул реалдуу баа, чынында ошондой. Мен кепилдик берем! Добуш бере элек болсонор, дал ушундай бергиле!
13.11.2010. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5!
16.11.2010. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanykei mn Nelyany salywtyryp korsongor,Kanykeidin kan4alagan yrlary hit boldu,sozdoru maaniluu,ozunun stili bar.A Nelya4y? al emnesine 2 jolu jengip algan Super Aiymdy?dagy suilogonun!!!!!!!!!!!!men anyn jalgan jalgan dep ele yrdaganyn bilem.A Saikaldy ozuno teng kategoriyaga kowpopsungar Super Info?
16.11.2010. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге бирөөнү мактаганда сөзсүз түрдө дагы бирөөнү жамандаш керек? Болгондо да тим эле шыбап! Баары сонун! мен биринчиликти Илүязга, Каныкейге, Роза Отунбаевага бермекмин. Калгандарынан анча кабарым жок. А кино жаатынан болсо, Таттыбүбү, Бакен ж.б. эжелердин деңгээлине эч ким жете элек. Балким алар тартылган кинолордогудай маанилүү мазмун жоктур азыркы кинолордо, кино жаатындагыларга изденгиле, дагы
16.11.2010. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талыкпай иштегиле демекмин. Ошол эле Чыңгыз агабыздын чыгармаларына кайрылса деле болот. Тоолор кулаганданы окуп атып эле өзүмчө көз алдыма филүм кылып тартып окугам. бирок аны мыкты тартыш керек да тиги Чыңгыз менен Бүбүсарадай кылбай
16.11.2010. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, абдан туура айтасыз. Кыргызда негизи акыйкаттык жашабай калды корунот. Болбогон бир сыйлык учун ушунчалык бири-бирин жамандашышат, баарыбыз эле бир атанын балдарыбыз! Анчалыкка барбайлы туугандар! Бул жерден кырылышкандан эч кандай майнап чыкпайт. Берилген эл добушу деле эч нерсе чечпейт болуш керек. Жашоо манызынын туп тамыры такыр эле башка жакта жатат.
17.11.2010. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдардан - 3чу
кыздардан - 1чи
ал эми учунчудон - 1чиси
17.11.2010. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неля озунду аябай мактабачы! Каныкей менен Сайкал сага караганда коп эсе жакшы!!!
17.11.2010. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар, Сайкал, Элина силер биринчи болгонго татыктуусунар!!!
19.11.2010. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elina nazik,tatinalay kiz birok akterluk jaktan Asemaga jetpeyt.Men Ilyazga dobuwumdu bermekmin sebebi al sonun muzikalardi jaratat,daje bawka uluttar dagi tuwunboso dagi berilip ugushat.anan agi Saykalga bermekmin,Kanikeydin irlari jakshi birok kop ele irina tushuno berbeym.
19.11.2010. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saykaldi bilbeym birok Kanikey Nelyani jon ele basip salat... Irchilardan Kanikeyge 1 boluusun kaalar elem.
Aktrissalardan bolso Elina Abay kyzy jakshi ele oynogon filmde birok Asemaday taasiri jok jana anday talanttuu emes. Asema KGga andan koburook kizmat kildi. Aktrissadan Asema demekmin
Oshondoy ele
19.11.2010. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OMAR alat, :-? :>sebebi tatyktuu :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо