Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“БАЛДАРЫНАН КЕЧ ТУРГАН АТА-ЭНЕНИН ТАРБИЯСЫ ТААСИРСИЗ!”

№975 12-18-август, 2021-ж.

Кыргыз эл акыны, драматург, котормочу Кожогелди Култегиндин учкул сөздөрүнө көз чаптыралы.

• Секунд бардык багытты кыдырып-карап чыкканда гана мүнөт болот. Мүнөт бардык багытты кыдырып-карап чыкканда гана саат болот. Сен дагы турмуштун бардык жагын баамдап-көрүп чыкканыңда гана адам болосуң.

• Өлкөнү кадр менен камсыздоо – боз үйдүн түндүгүн ууктар менен карматкандай кеп. Ууктар бир эле тараптан сайыла берсе түндүк токтобойт. Бардык жагынан сайылса гана түндүк катуу кармалат.

• Бийликте жүргөндөрдүн арасында бийикте жүргөндөрү өтө эле аз болот экен.

• Күйүмдүүлүгү менен сүйүмдүүлүгүн карап туруп, аялдарды чыныгы адамдар, ал эми эркектерди – адамдардын алгачкы “пробалары” болсо керек деп ойлоп кетем.

• Балдарынан кеч турган ата-эненин тарбиясы таасирсиз.

• Жаканы эле жууй бербей, моюнуңдан да кабар ал.

• Ак кайыңда деле кара темгилдер бар.

• Так маңдайыңда сага баш тийиштире отуруп сүйлөп жаткан маектешиң таптаза турган көз-кычыгын утур-утур аарчыса – анда эле сен өзүңдүн көз-кычыгыңдан шектен.

• Ал тургай жылан “зирт!” эте коркуп-качкандан кийин адам дегениң айласыз эле бир жан алгыч окшойт?..

• “Жылдыздардын” көптүгү-ай. Бирок кээ бири “кулаганда” гана багы ачылгансып көзгө даана көрүнөт...

• Бырыштарды мизилдете жылмалаган үтүк өзү бир нерсени бырыштыра басканда – кандай жаман! Анын сыңарындай мыйзам-тартип сактоону жетектеп жүргөн адам өзү тартипсиздик кылганда – өлдү дей бер!

• Адам өмүрү ушунчалык кыска – кайрылып далыңды көрүүгө да үлгүрбөйсүң.

Гулийпа Маметосмон кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(3)
16.08.2021. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтыптыр, ойлору таасирдүү экен.
17.08.2021. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен кеч турам балдарымдан)силердики туура эмес
21.08.2021. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Детсад көбөйсө ошончо карылар үйү көбөйөт. Жок дегенде 6 жашка чейин өзүңөр карагыла балдарды. Россияга таштап кетип калган да туура эмес. Үй бүлөнү пландаштырууну да билиш керек.Мамлекеттин бүтүндүгү - үйбүлөөнүн бүтүндүгү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо