ИДИШ-АЯК ЖУУЧУ ГУБКАНЫ АПТА САЙЫН АЛМАШТЫРЫҢЫЗ

№977 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.

Ашкана буюмдары болгон сүргүч, жыгач же силикон күрөкчө сизге түбөлүк кызмат кылып бере албайт. Аларды жаңыртуу убактылары бар.

Сүргүч.
Убакыттын өтүшү менен сүргүчтүн металлы жукарат жана жарака кетет. Орточо кызмат кылуу убактысы 4 жыл. Эгер сиз аны көп колдонсоңуз андан да эртерээк алмаштырыңыз. Анын тиштери мокоп, жашылча, сыр дегендерди начар майдалап баштайт. Кокус дат басканы байкалса, дароо алмаштыруу сунушталат.

Идиш-аяк жуучу губка. Кээ бирлер үйдөгү эң кир буюм деп кире бериштеги килемче же унитазды тазалагычты (ёршик) айтышат. Алар жаңылышат. Эң кир буюм – идиш-аяк жуучу губка. Анда тамак-аштын калдыгы болот жана дайыма ным болгондуктан бактериялар бат көбөйөт. Бактериялар идиш-аяктан толук кетпей калса тамак менен ичке кирип, организмге зыянын тийгизет. Губканы 1 аптада алмаштыруу керек. Кокус губканы жакшы кургатып идиштерге гана пайдаланып, ал эми көмөч казандарды башка губка менен жуусаңыз анда идиш губкасын 2 аптада алмаштырыңыз.

Чайнек. Кандай сапаттуу пластмасса чайнек болсо да 2 жыл дегенде уулуу заттарды бөлүп чыгара баштайт. Айнек жана металл чайнектерди 2 жылдан ашык колдонууга болот, бирок алар кымбатыраак.

Майлык. Ашканада колдонулуучу майлыктар дайыма же көбүнчө ным болуп турса анда бактериялар көбөйөт. Андыктан аны тез-тез жууп туруңуз. Эскиргени билинсе алмаштырыңыз.

Ашкана тактайы. Бир канча тактай алып колдонуу туура. Мисалы, нанга, этке, жашылчаларга өзүнчө кылып. Үйдөн тамак-аш көп жасалса тактайдын оптималдуу мөөнөтү 1 жыл, азыраак жасасаңыз 2 жыл. Пластик тактайдын бети кырылып, сүрүлүп калганы билинсе, ал эми жыгач тактайдан жарака кетип же ортосу көөп томпоюп баштаса алмаштыруу талап кылынат.

Күрөкчөлөр. Жыгач күрөкчө өзүнө майды сиңирип алат. Эскире баштаганда бетине бактериялар бат топтолуп, көбөйүп, канчалык жууса деле алар толук кетпей баштайт. Андыктан аны 3 жылда бир алмаштыруу зарыл.

Силикон жана пластик күрөкчө менен дайыма бышырылып жаткан тамак аралаштырылгандыктан ысыктан бузула баштайт. Акырындап тамакта уулуу бөлүкчөлөрү калып, алар тамак менен организмге кире берет. Андыктан сапаты жакшы болсо 1-2 жылда, орто болсо 6 айда жаңысына алмаштырыңыз.

Силикон кисточкасы. Дайыма ысык менен байланышта болгондуктан силикон акырындап эрий баштайт. Анын бөлүнгөн бөлүкчөлөрү тамакта же көмөч казанда калып калат. Сапатына карап 6 айда же 1 жылда алмаштыруу кажет.

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
30.08.2021. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сургуч деген эмнеси?
30.08.2021. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erlan_95,тверка
03.09.2021. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Afrodita1993, тёрка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо