"СҮЙГӨНҮМӨ ҮЙЛӨНДҮМ, БИРОК...”

№977 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.

– Эже, кыздардын баары эле окшош болот турбайбы,- деп бир тууган эжеме кайрылып сөз баштадым.

– Ии, эмне болду?

– Дагы өкүнүп калдым. Экинчи жолу аял алганыма. Алинаны чанып ажырашып, эми Диана менен жыргап-куунап жашайм деп күтүп алганымчы. Азыр мага Диана мурдагыдай сулуу көрүнбөй да калды. Үйлөнгөнгө чейин ушул кызды алам деп эмнелерди гана кылган жокмун. Мага кыларман, иштерман, сулуу көрүнгөн эле. Аны менен жашасам эле дүйнө тегиз болуп кетчүдөй сезилчү. Азыр мурдагы сезимдерден так калган жок. Эмне кылам?

– Өзүң айткандай, кыздардын баары окшош болсочу. Улам бирин кетирип, экинчисин ала бермек белең? Диананы кабыл алып жашашың керек го эми. Ошентишим керек. Бирок кантип? Ансыз да 25 жашымда эки аял алып койгонума элден уялып жүрөм. Чоңоё элек кезимде үйлөндүмбү? Көп суроолор бар жана чыгуу жолу жок калгандай сезим... Диана экөөбүз 7 жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Жарым жыл мурда ага үйлөнөм десем, ата-энем каршы чыгышкан.

– Апа, эмнеге?

– Ал кызың жыргатпайт, көрүнүп эле турбайбы. Мен сенин акылдуу аял менен жашашыңды, бактылуу болушуңду каалайм.

– Апа, сиз аны жакшы тааныбай жатасыз да. Диана аябай жакшы кыз, колунан баары келет.

– Балам, шашпай дагы башка кыздарды карап көрчү.

Үйдүн кичүүсү болгондуктан ата-эненин колунда калчу баламын. Ал ортодо кошуна айылдагы Алина аттуу кыз менен сүйлөшүп калдым. Муну угуп калган ата-энем “Токтосундун кызы Алина менен сүйлөшүп жаткан турбайсыңбы. Жакшы кыз. Ошол кызды аласың” дешти. Улам ушул сөздү айта беришип мени макул кылышты. Ата-энелер сүйлөшүп, тойдун датасы белгилүү болуп калганда гана Дианага бул тууралуу айттым. Диана көз жашын төгүп кала берди. Бирок биздин байланышыбыз үзүлгөн жок. Жетпей калган сүйүү таза болот дегени ушул окшойт. Дианага жетпей калсам, ал мага идеалдуу бойдон калмак окшойт.

Алина экөөбүз дүңгүрөтө той өткөрүп, жашап калдык. Баары жакшы башталган. Ал жумушту аябай жакшы жасайт, бирок тили узун чыкты. Атам, апам менен айтышканын карап тура албай мен аралашам. Анан эле үйүбүз астын-үстүн болуп жатып калабыз. Үйгө келген конокторго чейин каяша айтчу болду. Эшикке чыгып курбуларына, туугандарына бизди жамандай берди. Жаныңдагы адамдан сый көрбөгөн жаман экен. Чыдабай кеттим. Бир күнү катуу уруштук. “Мен кеттим. Артымдан кийимдеримди чогултуп салып жибер” деди. 2 күн ойлонуп, акыры чечим чыгардым да, кийимдерин салып жибердим.

Бул аралыкта Диана менен жазышып жүргөм. Алинаны кетирерим менен Дианага жаздым. "Үйлөнөбүз" десем макул болду. Бул экинчи турмушум болгондуктан эч кимге жар салбай, той өткөрбөй эле баш коштук. Диана да ага макул болду. Бирок чогуу жашап баштагандан тарта ортобузда сүйүү болбогонун түшүндүм. Диананын максаты – күйөөгө тийүү болчу экен. Ал ата-энеме каяша айтпайт. Бирок ары барып каалаганын кылып, акчаны максатсыз чачып, болбогон жерден кызганып, чатак салып... Айтор, үйлөнгөнүмө 2 ай болду. Азыр эле көңүлүм калды. Эми гана өзүмө карап, эмне кылып салдым деп баш мыкчып отурам. Диана менин жашоодо бар экенимди унутуп койгондой өзү менен эле алек. Катуу өкүнүп калдым. Кыздардын баары окшошпу же мага аялдан айтпаганбы?

Айбек


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
30.08.2021. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ооба баарыбыз окшошпуз, сен идияльныйсын. Эки ай жашабай жатып суйгон адамынан конулун калса... Озун оорубайсынбы???
30.08.2021. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Egizderim-baktim,бир аялды бактылуу кыла албаган эркек эреке эмес, Чубак ажыны коп ук, эркек жакшы болсо аял ач калса да андан эч качан кетпейт, мындай мелочь болсон сенден 100 аял кетет
30.08.2021. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Pepe93,чубактын созун ук кылганын кылба. Ал деле жаш аял алам деп оолуккан
30.08.2021. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында баары окшош эмес биринчи ойлонуп анан чечим чыгар
30.08.2021. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы эркектен аял эч качан кетпейт ач калса да, озун ото начар мелочь окшойсун, жаш туруп 2 аял алсан, аларды болушунча жамандапсын, озуну да кичине карадынбы
30.08.2021. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сойрук турбайсынбы эки айда конулун калса.Жакшы болсон жабышыр эчким кетпейт.
04.09.2021. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апам айтмакчы жипке тизгендей баары идеалдуу боло бербейт. Өзүңүздү да оңдоңуз. Мүмкүн үй-бүлөөдө аял затына мамиле кылганды билбей жатасыз, жашыңыз 25 те эле болсо жаш экенсиз. Өзүңүздүн үстүңүздөн иштегенди үйрөнүңүз.
04.09.2021. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкага үйлөнүп алган үчүн көңүлү калып, унчукпай эле өч алуу үчүн тийген эмеспи экинчиси, анткени аялдын ызасы жүрөгүндө калып калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо