ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ШАЙЛОО 28-НОЯБРДА ӨТӨТ

№978 2-8-сентябрь, 2021-ж.

Кезектеги парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 27-августта президенттик администрация жарыялады. Мыйзам кол коюлары менен күчүнө кирди.

Күчүнө кирген мыйзам боюнча, Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам өзгөртүлдү. Конституцияга ылайык, парламенттин курамы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келмекчи.

Айта кетсек, 2021-жылдын 11-апрелинде Референдум аркылуу Кыргыз өлкөсү жаңы Конституция кабыл алган. Баш мыйзамга президент тарабынан 5-майда кол коюлган. Ага ылайык, мамлекет учурда президенттик башкарууда.

Шайлоо күнүнүн белгилүү болушу күзгү саясий жарышты ачты десе болот. Шайлоого катышчу саясий партиялар 3-сентябрга чейин, жеке талапкерлер 6-сентябрга чейин БШКга шайлоого катышары тууралуу билдирме берүүгө тийиш. Партиялар үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1 миллион сом, ал эми бир мандаттуу округдун талапкерлери үчүн 100 миң сом. Бул сумма 18-октябрга чейин төгүлүшү керектигин БШК эскертти. 1-сентябрга карата 15 партия шайлоого катышарын билдирди. Алар: “Ата Мекен”, “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Альянс” жана башкалар.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо