КӨК БӨРҮ. ЭЛЬ-КЛАСИКОНУН ДООРУ БҮТТҮБҮ? “ЫНТЫМАК” – ЧЕМПИОН, “ДОСТУК” – 4-ОРУН

№978 2-8-сентябрь, 2021-ж.

Ысык-Көлдө Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына 23-31-август аралыгында көк бөрү боюнча Президенттин кубогуна арналган эл аралык мелдеш өттү. Акыркы жылдары Жогорку Лиганын финалында “Ынтымак” – “Достук” командаларынын беттешине күбө болуп келсек, бул жолу финалда “Ынтымак” менен “Сары-Өзөн” командасы кез келди. Оюн 7:0 эсебинде “Ынтымактын” пайдасына жыйынтыкталды. Муну менен “Ынтымак” 6-ирет Президенттин кубогун жеңип отурат. “Ала-Тоо” командасы көк бөрүдө фаворит саналган “Достукту” 4:2 эсебинде утуп, 3-орунду ээледи. Жогорку Лиганын командалары төмөнкүдөй байгелерге ээ болушту:

1-орун – “Ынтымак” – 1 миллион сом

2-орун – “Сары-Өзөн” – 500 миң сом

3-орун – “Ала-Тоо” – 250 миң сом

4-орун – “Достук” – 120 миң сом

5-орун – “Кара-Буура” – 60 миң сом

6-орун – “Жаш күч” – 30 миң сом

«Ынтымактын» оюнчусу Нооруз Раатбек уулу “Мыкты оюнчу”, “Сары-Өзөндүн” аты БТР “Мыкты аргымак” наамын алды.

Мелдештин тарыхында алгачкы жолу эл аралык лига уюштурулуп, ага Орусиядан, Өзбекстандан келген үч команда катышты. Финалда "Жети-Өгүз" командасы “Өзбекстанды” 3:1 эсебинде жеңип алды. Байгелери:

1-орун – “Жети-Өгүз” – 600 миң сом

2-орун – “Өзбекстан” – 300 миң сом

3-орун – Бакубат-Талас – 200 миң сом

«Жети-Өгүздүн» оюнчусу Болот уулу Азим “Мыкты оюнчу”, Өзбекстанга ойногон «Полковник» аты ”Мыкты аргымак” деп табылды.

Биринчи Лиганын финалында Бишкектин «Көк жал» командасы 3:0 эсебинде Ысык-Көлдүн "Мурас" командасын жеңип, Жогорку Лиганы көздөй сапар алды. Биринчи Лигада алдыга чыккан командалар:

1-орун – "Көк жал" – 100 миң сом

2-орун – “Мурас” – 70 миң сом

3-орун – “Соң-Көл” – 50 миң сом

4-орун – “Ат-Башы” – 30 миң сом

“Көк жалдын” оюнчусу Нурдин Болотбеков “Мыкты оюнчу”, “Мурастын” аты Көк бет “Мыкты аргымак” наамын алды.

Жалпы байге фонду 3 миллион 740 миң сомду түзгөн.

Динара Акимова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо