Гүлжигит Калыков: «ВРАЧ БОЛУП, ЭЖЕМДИ ДАРЫЛАЙМ ДЕЧҮМҮН»

№420 19-25-ноябрь, 2010-жыл.

Алтын балалык

Мойтойгон бөбөктөрдү көрүп, “ушуларга эле жыргалдеп суктанып карайбыз. Бүгүнкү биздин каарман өзү дале бала бойдон болсо да, мындан 10 жыл мурунку кезин эске салат. Сөздү “Күттүм сени” аттуу ыры менен сахна босогосун аттаган ырчы Гүлжигит Калыков уласын.

“БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨ “ГҮЛДӨН” КУРАЛГАН”
– Мен Ат-Башынын Ак-Муз айылында 1989-жылы 23-июлда төрөлгөм. 4 жашыма чейин айылда чоңойдум. Кийин Сокулукка көчүп келген экенбиз. Үй-бүлөдө 2 кыз, 3 эркекпиз. "Биздин үй-бүлө гүлдөн куралган" деп күлүп калабыз. Себеби бир туугандарымдын ысымдарында "гүл" деген сөз бар. Атамдын таенеси “кыздуу болсоң да, уулдуу болсоң да гүл деген сөздү кошкун” деген керээзин айткан экен. Эмнеден улам минтип айтканын билбейт экем. Таенесинин сөзүн эки кылбаган атам балдарына Гүлкайыр, Гүлгаакы, Гүлчоро, Гүлжигит деген ысымдарды ыйгарып, акыры иниме келгенде "гүл" катышкан атты таппай калган окшойт, Нурлан деп коюптур.

“АПАМ МЕНИН ТАРБИЯЧЫМ, МУГАЛИМИМ”
– Башкаларчылап бакчага деле барган эмесмин. Сокулуктагы Новопавловка мектебинин босогосун 6 жашымда аттадым. Апам химия, биологиядан сабак бергендиктен, уятымдан эле сабакка даярданып келчүмүн. Апам мектепте баласындай эмес, башка окуучулардай эле мамиле кылчу. "Калыков, кана, тапшырманы айтчы?!" деген сөзү түбөлүк эсимде калат го.
Эсимде, апам бир эле жолу жумушка барбай калган. Ошондо аябай шоктонуп, сабактан качкам.

“МЕН БИРИНЧИ АТАМАН, СЕН ЭКИНЧИ ДЕП...”
– Менин эң эле жаман көргөн сабагым – математика. Азыркыга чейин ушул сабак менен достошо албай келем. Ал эми эң жакыны – музыка. Ушул сабак кире баштаганда эле ырдан алыстай албадым. Анын үстүнө бир аз жөндөмүмдү байкаганбы, музыка мугалимибиз Светлана Анатольевна классыбыздагы 3 баланы алып калып кошумча сабак өтчү. Ошол эжекемдин мага берген билимин азыр колдонуп келем жана чоң рахматымды айтам.
Таза, тыкан жүргөн, жакшы окуган эле классташ кыздарды балдар жакшы көрүп калат эмеспизби. Мен баш болуп балдардын баары мени менен бир партада отурган, таза кийинип, сабакты жакшы билген кызды жакшы көрчү элек. Ал кыз кийин башка мектепке кетип калды.
Мектепте атаман деген сөзсүз болот го. Биздин класста Адилет деген бала бар эле. Бир күнү анын байкеси келип, “менин иним менен согушасыңбы?” деп калды. “Ооба, чакыр” дедим. Ошентип, классташым Адилет менен мушташып, экөөбүз тең чыкканбыз.

“ОЮМ ДА, ОЮНУМ ДА ЫР СЫНАКТА”
– Кичинемде врач болом дээр элем. Себеби бир тууган эжемдин көзү ооруйт. “Мен сизди дарылайм” дечүмүн эжеме. Бирок ойлогон ойду кээде турмуш жеңип кетет экен. Азыр жогорку окуу жайында врач эмес, башка кесиптин ээси болоюн деп окуп жатам.
Алтын балалык ар кандай музыкалык сынактар менен эске түшөт. Анткени мектепте окуп жүргөндө ыр сынактарга көп барчумун. Ар кай жактан келген таланттуу балдар-кыздар менен таанышуу мага жагымдуу маанай тартуулап, оюнум да, оюм да ошол эле. Мына эми бала чактагы кыялдар ишке ашсын деген тилекте ыр дүйнөсүнө баш бактым.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(13)
19.11.2010. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корей балдарына окшошуп кетет экен.
20.11.2010. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guljigittin balalyk chagyn okup jatyp ozumdun balachagymdy kowo estep kettim :) alga jana uwul munozundon kaitpa demekchimin :)
20.11.2010. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечекте чоон ырчы боло турган бала.Азаматсын ыры да жакшы.
20.11.2010. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оло крассавчик го...
бирок, бул жигиттин адамкерчилиги жок деп айтышат, бироону алдап кеткен деп уккам... мындайлардан кудай сактасын. бироону алдаган экинчини да алдайт да..
20.11.2010. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyndap ele korei baldaryn okshosh eken ...iigilik saga ..
21.11.2010. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жигиттин адамкерчилиги жок деп айтышат, бироону алдап кеткен деп уккам... мындайлардан кудай сактасын. бироону алдаган экинчини да алдайт да..
EGIZDER sende fakt jok ta tuuraby? Jo oz kozun menen kordun bele? Je seni alsap ketti bele? Adamdy ishendire turganday kylyp suylochu, jany chygyp jatkan yrchyny koldoboy, aldamchy dep. Senday adamdardan kuday saktasyn
21.11.2010. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kozdoru abdan jakty da=) iygilik saga. alga!!!
23.11.2010. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо да сизге чон ийгиликтерди каалайм!
23.11.2010. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларыныз мага абдан жакты
24.11.2010. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунчо ле лапочка ... ырларын уга эле экенмин...
24.11.2010. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гуни братан ак жол. EGIZDER ушунчалык коро албастыктын эмне кереги бар! Чымынынды карматпай, жон журсон! (чабылып кетесин) АДИК&ЧИКА
25.11.2010. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыры сонун мага олло жагат
25.11.2010. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик, оркундой бер, осо бер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо