Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"КЫРГЫЗДЫН ТУУЛМАГЫ ДА АЗАП, КАТЫН АЛМАГЫ ДА АЗАП, ӨЛМӨГҮ ДА АЗАП”

№978 2-8-сентябрь, 2021-ж.

Акын-жазуучу, сынчы жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун улуттун келечегин ойлоп айткан кептери абдан таамай, курч, ойго салат. Алардын айрымдарын жарыяладык.

•Чындыкты айтуудан жогорку парз жок.

• Цивилизациялуу өлкөлөрдө билимди ишке айлантам деп окуйт. Кыргызда болсо эңкейип эмгек кылгандан кутулам, эл башкарам деп окуйт.

• “Кыргыздын түбүнө кайдыгерлик эле жетет” деген кайдыгерлигибиз, “кыргызга орусча айтсаң гана ишенет” деген оомолугубуз бар.

• Улуу элбиз деп бакыра бербей, бизден кыйын элдердин этегине эрмешип, тилин, иштегенин үйрөнүп оокат кылышыбыз керек.

• Кыргызчылык, той-аштарга барбаганымда дагы көп эмгек жасамак экем.

• Кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да азап, өлмөгү да азап.

• Биздин деле башыбыз бар, эки колубуз, эки бутубуз бар. Өзүбүздү өзүбүз бакканга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок жалкоолугубуздан, билимибиздин жогунан, бейкапарлыгыбыздан бүт кор болуп жашап жатабыз. Жалкоо элдер, начар элдер, бош элдер кор болуп туруп, анан ...

• Кибиреген калктын мыкты кишиси болгончо, килейген калктын орточо кишиси болгон жакшы.

• Кыргыз чоңдорунун баары балык, бийликтен түшкөндөн кийин суудан кургак чыгышат.

• Биздин интеллигенциянын көзү желкесинде болуп жатпайбы, көз деген маңдайда болуш керек.

• Колунан эч нерсе келбегендер улутчул болушат, колунан келбей калганын сөзсүз бирөөдөн көрөт. Орустар менен нан талашып жегенге жарабагандардын баары эле улутчул.

• Кырылышып, бири-бирине акыл үйрөткөндө эмес, дунгандай мээнеткеч, еврейдей куу, татардай акылдуу, чечендей намыскөй болгондо гана кыргыз башка эл менен тең тайлаша алат экен.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(2)
06.09.2021. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай соонун создорго, эн туура айтат, кырылышкандан башканы билбейбиз
08.09.2021. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калети жок сөздөр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо