«Non-stop» тобу: «ОРТОБУЗДА ДОСТУК, АНАН СҮЙҮҮ БАР»

№420 19-25-ноябрь, 2010-жыл.

Тааный жүрүңүз

Ооба. Учурда эмне көп, ырчы көп дегенге биз деле кошулабыз. Арасында чын эле таланттуулары да, эптеп ооз кыймылдаткандары да бар. «Non-stop» дуэтин калайык кандай кабыл алат, ал өз эрки. Бирок алардын аткаруусундагы “Почему?” аттуу ырдын жаштар арасында кеңири жайылганы Чолпон менен Максаттын шоу дүйнөгө ишенимдүү кадам таштаганынан кабар берет.

Максат, 18 жашта.
Бишкек шаарында туулуп-өскөн.
Учурда Муратаалы Күрөңкеев атындагы Музыкалык окуу жайдын 3-курсунун студенти.
Үй-бүлөдө эрке бала. Эки эжеси бар.

Чолпон, 20 жашта.
Кант шаарында
туулуп-өскөн.
Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун
2-курсунун студенти.
Үй-бүлөдө 4 кыздын улуусу.

– Чолпон, ырчылыкка кокустан келип калгансыңбы же...
– Былтыр жай айында “Тумар” радиосу “Super star” аттуу долбоор баштады. “Таланттуу жаштарды сынакка чакырабыз” дегенди угуп кызыгып калгам. Анан телевидениедеги бир берүүдөн ырчы Урмат Усенов бул долбоор тууралуу кеңири айтып, билет ойноткон эле, ошону мен утуп алдым. Барып катышып, 1-турдан да, 2-турдан да өтүп кеткем.
– Максат, сен кантип топко кирип калдың?
– Мен долбоор тууралуу укпай эле, группалаш эки досум “ушундай долбоор бар экен, катышабыз” дегенинен алар менен чогуу келгем. Сыртта досторумду күтүп отуруп мен да кызыгып кетип, катышууну чечтим. Рыспай Абдыкадыровдун “Жолугарым билгенмин” аттуу ырын ырдагам. Үнүм, ырдаганым калыстарга жакса керек, жеңишке жеттим. Анан ушул долбоордун жыйынтыктоочу концертине 22 улан-кыз топ-топ болуп бөлүнгөн элек. Чолпон экөөбүз Урмат Усеновдун командасында болчубуз. Урмат байке менен биргеликте “Non- stop” аттуу ырды ырдап тушообуз кесилген.
– Эмне үчүн топтун атын “Non-stop” койгонсуңар?
– Биздин продюсерибиз Алексей Сидоров жана менеджерибиз Эрик болуп сүйлөшүп отуруп, “биринчи ырыбыз “Non-stop” болду. Анын үстүнө “non-stop” сөзү “токтобостон” деген маанини берет эмеспи. Ошондуктан токтобой шыр кетели” деп ушул ат менен чыгып калганбыз.
– Кимден сураба, “кичинемден эле ырга шыктуу болчумун...” деп айта берет. Силерчи?
Чолпон: – Ооба, баары эле ошенте беришет го. Апам каржы жаатында эмгектенген үчүнбү, эс тартып калганда мен да апамдай болом дечүмүн. Мектепке баргандан кийин телерадио тармагына тапшырсамбы деген тилек пайда болду.
Максат: – Бул суроо мага түптүз эле келип тийди го. Себеби мен да бакчадан эле ырдай баштагам. 16 жашымдан бери кафеде ырдайм. Музыкалык окуу жайга да өз күчүм менен өтүп кеткем.
– Ыр жаздырып, клип тарттырган кандай экен? Эмнеси менен эсиңерде калды?
Чолпон: – Биз чыгармачылыкка эми кирише баштабадыкпы. Оңой көрүнгөнү менен, ыр жаздыруу деле бир топ түйшүк экен. “Почему?” деген ырыбызды жаздырарда түнкү саат 11ден 3кө чейин кайра-кайра ырдоого туура келди.
Максат: – Клибин Көлдөн тарттырганбыз. Ал да кызык болду. Клиптин соңунда мен балкондон боюмду таштайын дегенде Чолпон кармап калат эмеспи. Ошол жери мен үчүн абдан кооптуу эле. 5-кабаттын балконунун кырында калтырап турам. Артымды карасам, Чолпон чуркап келатат. Кыскасы, клип үчүн балкондун кырында өмүрдү тобокелге салганга туура келди. Андан кызыгы, дал ошол клип тарттырган мейманканадан Чолпон экөөбүз чыгып келатсак, ал жердеги коопсуздук кызматкери колумду кайрып жетелеп кетти. Көрсө, биздин номердин кулпусунун кагазы түшүп калган экен, алар мени алдамчы деп ойлошуптур. Кийин клип тартуучу топ келип, күнөө мейманкананын кызматкерлеринде экенин далилдешти. Ошондо гана алар бизден кечирим сурашты. Биз кечирбей койдук, ээ, Чолпон?
Биздин медиа-порталга жүктөлгөн ушул ырыңарга сын-пикирлер жазылууда. Бири “кыз үнүн кысып ырдаптыр” десе, дагы бири “жигит кызды сүйөт окшойт” дейт...
Чолпон: – Сындан биз өсөбүз. Азыр Максат экөөбүз вокалдан, бийден сабак алып жатабыз.
Байкасам, экөөңөрдүн ортоңордо жакшы мамиле бар сыяктуу. Эмнеге болбосун дейм да, кечке жетелешип чогуу жүрсөңөр...
Максат: – Чолпондун колунан жетелейин десем эле, колун бербейт го тартынып.
Чолпон: – Ооба, сага...
Максат: – Эмне болуптур, биздин ортобузда сый, достук, анан бир аз сүйүү бар. Ошентип, жазсаңыз болобу? Мынакей, айтып салдым!
Чолпон: – Эртеңки күн эмне болуп кетерин эч ким билбейт да. Шашпай турсаң болмок.
Рахмат, экөөң элге жаккан ырларды аткара бергиле, жетелешип.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(14)
19.11.2010. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат ачык адам окшойт.
Чолпон, Максат ийгилик силерге!
20.11.2010. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ne rastavaites ya vas prowu,sonun paro4ka bolosungar
20.11.2010. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул топ жакты мага.Азамат экенсинер,аракет кыла бериниздер.
20.11.2010. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силер озунорду олло таланттумун деп ойлойсунарбы бирок андай эмес
20.11.2010. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guldana мен силерден таланттумун деп кой
20.11.2010. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпон, Максат ийгилик силерге!
мен силерди колдойм..
20.11.2010. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да! классная группа! очень открытые люди!
20.11.2010. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик силерге!
20.11.2010. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iyigilik,Baktyluu bolgula!!!
21.11.2010. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Da, tochno, ne rasstavaytes, vy takaya klassnaya muzykalnaya para!
21.11.2010. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нон-стопту биринчи жолу Аскар анан Мирбек Масалиев менен чогу ырдашкан ошону айтып койушса болмок!Бирок Мирбек та Аскар да азыр сольна ырдап журушот!
22.11.2010. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oooba menin esimde,,life,,attuu gruppa bolup 4igiwkan,en birin4i,,juzun ,,degenirdi medlyagin irdap)) a ,,non-stop,,gruppasi maga jagat,molodsi..krasivaya para,smotrite ne rostavaytes tolko!
23.11.2010. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы ребята...

Могу только по желать, вам надо идти только ВПЕРЕД!
26.11.2010. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uda4i )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо