Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО: ҮГҮТТӨӨДӨ КОНЦЕРТ, СПОРТТУК ОЮНДАРДЫ ӨТКӨРҮҮГӨ БОЛБОЙТ

№980 16-22-сентябрь, 2021-ж.

28-ноябрда өтүүчү парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде талапкерлердин концерт жана спорттук оюндарды уюштуруусуна уруксат берилбейт. Бул тууралуу 14-сентябрда БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев радиолордун биринде түз эфирде билдирди.

– Талапкерлер үгүт иштери менен айылдарды кыдырып, керек болсо ар бир үйгө кириши керек болот. Үгүт жүргүзүүгө азыр мүмкүнчүлүк көп. Бирок концерт, спорттук мелдештерди уюштурууга болбойт,- дейт Жылкыбаев. Шайлоо күнү анык болгон соң 70тен ашык саясий партия парламентке ат салышуу ниетин билдирип БШКга кайрылган. Жылкыбаев иргелип отуруп шайлоого 20дай гана партия аттанат деген жоромол билдирди.Бул арада партиялардын жарышка биригип аттануу процесси да жүрүүдө.

БШКнын маалыматына таянсак, мурунку шайлоого караганда бул жолу шайлоочулардын саны 80 миңге көп. Алдын ала жарыяланган тизме боюнча 3 миллион 686 миң 921 шайлоочу шайлоого катыша алары айтылды. Мунун 1 миллион 766 миң 898и эркектер, 1 миллион 920 миң 23ү аялдар. Шайлоочулардын тизмесин тактоо 12-ноябрда аяктайт.

Айта кетсек, парламенттик шайлоого үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрда аяктайт.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо