Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЫШЫК ООРУДАН АЙЫКТЫРАБЫ?

№980 16-22-сентябрь, 2021-ж.

Илгертен мышык адамдын ооруган жерине жатса айыктырат деп айтылат. Бул чынбы? Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө кайрылалы.

Фелинотерапия – мышык менен дарылоо. Мышыктар адамдын ооруган жерине жатары белгилүү. Эмне үчүн? Буга батыштын окумуштуулары мындайча жооп берет. Мышыктардын денесинин температурасы 39 градус, адамдыкы 36,6. Эгер адамдын кайсы бир органында сезгенүү башталса ошол жердин температурасы жогорулайт. Адам муну өзү сезбейт, мышык аны ички туюму менен сезет. Анан жылынуу максатында сезгенүү бар жерге жатат. Өзү менен кошо адамдын ткандарын да жылытат. Мындан кан айлануу ылдамдап, сезгенген жердин эртерээк айыгуусуна жеткирет.

Мышыкты сылап-сыйпаганда мыёологон үнүнүн диапазону 25-45 герц. Ал мыёологондо ошол жердеги абада термелүү жаралып, ал термелүү адамдын аң-сезимине таасир этип, тынчтандырат, оорутууну басат. Мышыкты сылап-сыйпаганда жүнүндө пайда болгон микроток алакан аркылуу териге оң таасир этип, чыңалууну жазат. Микроток теринин алдындагы нервдерге да жакшы таасир эткендиктен оорутуу басаңдайт.

Орусиянын Волгоград мамлекеттик университетинин биолог окутуучусу Ксения Ряскова фелинотерапия жаатында илимий диссертациясын жактаган. Анда бир эксперимент камтылган. 20 чакты адамга мышыктын мыёологон үндөрү угузулган, ошону менен катар алардын пульсу, кан басымы текшерилип, кардиограммалары тартылып турган. Жыйынтыкта жогорку кан басымы барлардын кан басымы канча бир деңгээлде түшкөнү, жүрөктөрүнүн кагышы турукташканы аныкталган.

Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо