"СЕНИ КАНЧА ЖОЛУ КЕЧИРДИМ...”

№980 16-22-сентябрь, 2021-ж.

– Сен үчүн баарына даярмын.

– Жа-аным десе...

Сен ушинтип мен үчүн баарына даяр болуп, менден башканы сүйө албас болуп жүрүп үйлөнгөнсүң. Ал кезде менин көзүмдү караганыңчы, курбу кыздарымдын баары көз артышчу. Сенин Айды, Күндү алып берем деген сөздөрүңө мен да ишенгем, жаш болчу экенмин. Камкордугуң, дайым мени кубандыруу үчүн болгон аракетиң жагып турмушка чыгууга макул болгом. Менде эмне күнөө, баарыбыз эле бактылуу үй-бүлөлүк турмушту элестетип ушул жолго кадам таштайбыз да. Башында баары жакшы болчу, мен бактылуу болчумун. Анан балалуу болдук. Төрөгөндөн кийин аялдар стресске кабылышат экен. Алгачкы төрөтүмдө чын эле көп нерсени түшүнгөн жокмун. Депрессия болуп жатканымды деле түшүнгөн эмесмин. Күйөөмдү көрсөм кыжырдана бердим. Ошол учурда экөөбүздүн арабыз салкындады окшойт. Сен да өзгөрө баштадың. Кечинде үйгө кеч келе баштадың. Бир күнү такыр эле келбей койдуң. Телефонуң өчүк. Мен жанымды коёрго жер таппай калдым. Кайда барарымды билбей эле үйдөн чыгып баш оогон жакка сени издеп кеттим. Кызганычтан өрттөнүп жаттым. Жумушуңдагы бир кыздын социалдык тармактардагы баракчасына катталуу болчумун. Ошол кыздын баракчасынан клубда отурганын көрдүм да, бардым. Жеткенче эмнелер гана оюма келген жок. Сени ошол кыз тартып алгандай эле чатак салдым. Оозума келген сөздөр менен аны тилдеп, болгон жинимди ошол кыздан чыгардым. Көрсө, ал өзүнүн жигити менен отурган экен.

– Кана анан менин күйөөм?

– Эже, тынчтаныңыз. Сизге азыр оор болуп турганын билип жатам. Эми үйүңүзгө барып күйөөңүз менен өзүңүз чечишип алыңыз.

Кыз сабырдуу экен. Канчалык жаман сөз айтсам да, акырын сүйлөп мени узатып койду. Үйгө келип болгон бугумду чыгарып ыйлап алдым. Эртеси эч нерсе болбогондой келдиң да, кийимдериңди алмаштырып кетип калдың. Ал учурда менин сүйлөшкөнгө да алым келбей калган эле. Ошондон кийин башталды, ачык эле башка кыздар менен жазышуулар, алар менен кучакташып түшкөн сүрөттөрүңдү баракчаңа жүктөмөй, менин көзүмчө эле телефондон макулдашып жолугушууларга кетмей... Сага көргөзбөй ыйлап алып, сага билмексен мамиле жасаганга өттүм. Баары өтөт дедим, баарын кечирдим. Мага алар тууралуу нормалдуу көрүнүш катары айтып берип калдың. Кызык, бирок мен да ошого көнүп, мунун баарын нормалдуу кабылдап калдым. Жадакалса бир жолу сен депрессияга түшүп кыйналып жатканда мен ошол кыздарыңдын бирине өзүм жазгам.

– Күйөөм менен жолугуп көңүлүн көтөрүп койчу. Кыйналып жүрөт.

– Ой, мен деле кыйналып жүрөм,- деп боюн көтөргөн ал кызың. Жашоо ар кандай экен, биздики ушундай уланып жатат. Ойлоп көрсөм, менин күрөшкүм келбей калыптыр, көңүлүм калыптыр. Ошол үчүн баары бир болуп калганын азыр сездим...

Айжан


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(9)
20.09.2021. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чачын жайган Айжан окшойсуң
20.09.2021. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектердин артынан тушуп журо берсен озун эле оорулу болосун андан коро журсон ошодон наары козумо корунбой жогол деп салчы кор болбой
20.09.2021. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым кудай сактасын ушундай жашоодон.
20.09.2021. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге эркектер баары окшош .Баары ушинтип озгорот.Мынлай менин башымдан да откон и дагы деле отуп жатат.Курсагын аябай соонун карап ,усту башын ондоп кийимдери таза болсо деле кыздарга барат .
20.09.2021. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бир "узум эт "учун олуп куйоосу жок олуп калчудай корккон,намысын жок аял окшойсун.Чала болот.
22.09.2021. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялга тойбогон эркек мн акчага тойбогон аялдан кач!Деген туура!!!Аялзатына сабо,эркекке ынсап берсин
24.09.2021. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динден тушунук жок болсо жашоон да оор
25.09.2021. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erkusha,Туура айтасын туура динде, ар дайым биринчи кезекте аял эркек өзүн кантип алып жүрүү жөнүндө маселелер айтылат. Эң башкысы айыз илиминде аял кишинин характери туруксуз абалда болуусу айтылат.
26.10.2021. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар Бир намаз окуганында озуно да жолдошуна дуа кыл албетте беруучу Алла бактылуу болосунар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо