Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
БИР БҮРКҮМ. АЙДООЧУЛАРГА РЕЙД ЖҮРҮҮДӨ...
№981 23-29-сентябрь, 2021-ж.
Мамлекеттик салык кызматы автоунаа салыгын төлөй электерди аныктоо үчүн атайын рейд жүргүзө баштады.
- Венера Рыскулова Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.
- Саясатчылар Мелис Мырзакматов менен Артур Медетбековдун партиялары быйылкы парламенттик шайлоого бирге аттанары айтылды.
- ЖЭБ иши боюнча 7 жарым жылга соттолгон экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев айыптарды кайра карап чыгууну өтүнүп арыз жазып, сот канааттандырган жок.
- Парламент депутаты Кубанычбек Нурматов ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кылмышка шектелип УКМК тарабынан кармалды.
- Бишкектин “Тазалык” ишканасынын директору Рыспек Сарпашев кызматынан бошотулду.
- Канатбек Исаев бир мандаттуу округдан парламенттик шайлоого талапкер болорун билдирди.
- Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого Кыргыз жеринде 3 миңден ашык Орус жараны катышканы маалымдалды.
- Мирбек Расулов Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
- Кыргыз-Тажик чек ара чырында жабыр тарткан 76 ишкерге ар бирине 200 миң сомдон жеңилдетилген насыя берилет.
- "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев 17-сентябрдан бери ачкачылык жарыялоодо.
- Жумгалда мал уурдоого шектелип 3 жаран кармалып, күнөөлөрүн толугу менен моюнга алышканы айтылды.
- Дордой конушунда 140 балага ылайыкталган бала бакчанын курулушу башталды.
- Бишкек-Дели аба каттамы жанданды деп жарыяланды.
- Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Курсан Асановдун өзгөчө режимдеги №50 тергөө абагына которулушу боюнча тынчсыздануусун билдирип Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду.
- Ош облусунда 21-сентябрда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
- Президент Садыр Жапаров Сауд Арабиясына иш сапары менен барууга даярданууда.
- Парламенттин айрым депутаттары БШКны "шайлоо мыйзамдарын бузуп жатат" деп сындап чыгышты.
- Ысык-Көлдө өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып дарыканадан акча талап кылган жаран кармалды.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0