№981 23-29-сентябрь, 2021-ж.
Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө кымбатчылык күч алды, буга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов реакция кылбай жатат деп нааразы. Бул тууралуу 22-сентябрда парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов айтып чыкты. – Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө кымбатчылык кокого жетти. Карапайым эл кыйналып жатат. Бензиндин баасы 62 сомго чыкты. Кээ бир үйлөрдө айлап эт жебей калган күндөр болуп жатат. Азык-түлүк кымбаттады. Бул боюнча Министрлер кабинети ооз ачпай жатат. Бул боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы парламентке келип маалымат берсин,- деди депутат. Монополияга каршы агенттиктин маалыматына таянсак, учурда Кыргызстанда бензиндин баасы Орусиядагыдан да кымбат болууда. Салыштырмалуу алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин Орусияда 53,9 сом болсо, Кыргызстанда 56-57 сомдон сатылууда. Ал эми АИ-95 үлгүсү Орусияда 59,6 сом, Кыргызстанда 62 сом деп көрсөтүлдү. Ал эми дизель майы Кыргыз жеринде Орусиядагыдан арзаныраак – 51,7 сом. Орусияда болсо 58,7 сомго туура келет.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |