Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МУРДУ БАРБАЙГАН МАЙМЫЛ

№981 23-29-сентябрь, 2021-ж.

Дүйнө жүзүндө биз таң калып бүтпөгөн жандыктар көп. Алардын бири – чоң мурун маймылдар.

Бул мурду барбайган маймыл (носач, кахау) Калимантан (Борнео) аралында гана кездешет. Ал мартышка түркүмүндөгү примат, жоголуу коркунучунда турган сүт эмүүчү.

Бул маймылдардын алгач эле көзгө көрүнгөн өзгөчөлүгү – барбайган чоң мурду, бирок мындай өзгөчө мурунга эркек маймылдар гана ээ. Мурдунун узундугу 66дан 75 сантиметрге чейин жетет, ал эми куйругу денесинин узундугундай эле бар. Эркегинин салмагы 16дан 22 килограммга чейин, ал эми ургаачыларынын салмагы мындан эки эсе аз.

Алар 10дон 30га чейин маймылдардан түзүлгөн топтордо жашашат. Анысы гарем (бир эркек, калганы ургаачы) болушу мүмкүн же жалаң эркек маймылдардан түзүлөт. Эркек маймылдар эрезеге жеткенде өзүнүн тобун таштап кетишет, ал эми ургаачылары ошол топто калышат. Тамак издөөдө бир нече топтор биригип чоң бир топко айланышат.

Бул чоң мурун маймылдар токойлордо жашашат. Сууда мыкты сүзүшөт. Бактардан сууга түз секирип, суу астында 20 метрге чейин сүзө алышат. Тайыз суунун ичинде төрт буту менен кыймылдашса, жыш өскөн дарактардын ортосунда эки буттап басышат.

Эркек маймылдардагы чоң мурундун максаты белгисиз. Балким, ал сексуалдык жактан жагымдуу болушу үчүн деп болжогондор бар. Мурду канчалык чоң болсо ургаачысынын көңүлүн өзүнө бурууга мүмкүнчүлүгү жогору деген пикирлер бар. Дагы бир вариантта мурдунун чоңдугу топтогу эркек маймылдын статусун аныктайт деп айтылат. Мурду канчалык чоң болсо, топтогу башка маймылдардын ичинен жогорку орунду ээлейт. Дагы бир версияда чоң мурун эркек маймылдарга үнүн катуу чыгарууга мүмкүндүк берет деп божомолдонот.

Негизинен, жалбырактар жана мөмөлөр менен азыктанышат. Ошондой эле өсүмдүктөрдүн гүлдөрүн жешет. Жупташкандан 170 күн өткөндөн кийин тууйт. Энеси баласын жети ай сүт менен азыктандырат. Жыныстык жетилүүсү 5-7 жашка чейин, эркектери ургаачыларына караганда кечирээк жетилет.

Гулийпа Маметосмон кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо