Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРЧЫЛЫК ДООРУҢ БҮТКӨНДӨ ЭМНЕ ИШ КЫЛАСЫҢ?

№420 19-25-ноябрь, 2010-жыл.

Ырчылардын арасында өмүр бою үнү менен жан баккандар саналуу десек аша чапкандык эмес. Мисалы, Гүлнур Сатылганованы улуу дагы, кичүү муун дагы сыйлаарын концертине келген элден эле билсек болот. Ал эми учурдун популярдуу ырчысы Мирбек Атабеков «эртең ырларымды эл бүгүнкүдөй кабыл албай калса эмне кылам?» деп сарсанаа болорунан кабарыбыз бар. Ошондон улам айрым жылдыздарга «ырчылык дооруң бүтсө эмне иш кыласың?» деген суроо узаттык.

Мирбек Атабеков:
«САРСАНАА БОЛГОНДО ПРОДЮСЕРИМ СООРОТОТ»
– Албетте, канча бир убакыттан кийин ырчылык доорум бүтүшү мүмкүн. Ошол күндү элестетип алып, азыртадан эле «ырларымды эл бүгүнкүдөй кабыл албай калса эмне кылам?» деп санаа тартам. Анда продюсерим «мунун баарын убакыт көрсөтөт, кыжалат болбо» деп сооротот. Бүгүнкү күндөгүдөй популярдуу боло аламбы, албаймбы, баары бир өмүрүм өткүчө ырчылыкты таштабайм. Анткени менин жан дүйнөм ырга жакын. Ырсыз жашоом кунарсыз. Сахнадан сырткары бизнеске аралашууну көптөн бери пландап жүрөм. Ырчылык доорум солгундаса, бизнес тармагына өтөм же алган дипломумду чаң бастырбай, банкка кызматка кирем.

Гүлзинат Суранчиева:
«ӨМҮР БОЮ САХНАДАН ТҮШПӨГӨНГӨ КҮЧҮМ ЖЕТЕТ»
– Эртеңки күнүбүз эмне болорун бир Кудайдан башка эч ким биле албайт. Ошентсе да бүгүнкү күнү атым элге кандай таанымал болсо, өмүр бою ушул деңгээлимден түшпөгөнгө күчүм жетет деп ишенем. Чыныгы таланттардын өзүнүн күйөрмандары бар. Мен өзүмдү ошол таланттардын катарына кошо алам. Анткени алты жашымдан тарта ыр дүйнөсүнө аралашып, эл аралык сынактарга катышып келем. Кыскасы, көздүү мончок жерде калбайт дегендей, менин ырларымды эл кабыл албай коёт дегенден алысмын. Өмүрүм өткүчө мени үнүм, сахна багат.

Даниель:
«МЕН СӨЗСҮЗ БАЖЫ КЫЗМАТКЕРИ БОЛОМ»
«Ырчылык доорум бүтсө эмне кылам?» деп азырынча ойлоно элекмин. Ошентсе да канча бир мезгилден кийин чын эле доорум бүтөт деп билем. Анткени бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Элдин кызыгуусу солгундай баштаганын байкасам, дипломума таянып иш баштайм.
Учурда бажы кызматкери болсом деген тилек менен КУУнун бажы иштери факультетинде окуп жатам. Адатта ырчылар сырттан окуп же сабакка көп барбай жүрүп бүтүшөт эмеспи, мен толук кандуу билим алганга аракет кылуудамын. Агаларымдын баары бажы кызматкерлери болгондуктан, алардын жол көрсөтүүсү менен менден бажы кызматкери чыгарына ишенем.

Тата Улан:
«ЭМНЕ ИШ КЫЛАРЫМДЫ ЭЛ БИЛБЕЙ ЭЛЕ КОЙСУН»
– Мен өзүмдү шоу-бизнес өкүлү эмес, акын катары тааныйм. Андыктан акындар атын өчүрбөөгө эмес, оргуштап жаткан сезимин сыртка чыгарганга аракет кылышат. Популярдуулукту эңсегендер булар – азыркы шоу-бизнестеги ууру ырчылар. Ууру дегеним, ырчынын ырын уккан эл «ий, жакшы ыр жаратыптыр» дегичекти эле ал орус же өзбек элиники болуп чыга келет.
Ал эми сиздин сурооңузга жооп берсем, мени эл азыркыдай кабыл албай калса деле жашап кетем. Өзүмө жаккан бир жумуш таап алам. Анткени менде бир эмес, бир нече диплом бар. Ошолордун үзүрүн көрөм.

Неля:
«БИЗНЕС-ЛЕДИ ДЕП ЭЛЕСТЕТКИЛЕ»
– Жакынкы беш жылдыкта өзүмдү сахнада эле жүрөм деп элестетем. Бул аралыкта мени күйөрмандарым жакшы кабыл аларына ишенем. Андан кийин элдин табити кандай өзгөрөт, кандай ырчылар чыгат, так айта албайм.
Беш жыл окуп алган дипломум боюнча экологмун. Бирок бул кесип учурда актуалдуу эмес. Ошондуктан эгер сахнадан башка тармакка ыктасам, бизнес жагына кетем. Урмат жардам берсе, косметика жаатында иштесемби деген пландарым бар.

Бекчоро:
«БИЗНЕС КЫЛУУГА ӨТӨМ»
– Мен ырчылыкты таштайын деп эле жүрөм. Атым элге таанылып калганы менен, беш маал намаз окуганымды билгендер «ырчылыкты таштап эле салбайбы» деп жаман көрүшкөнүн билем. Биротоло чыгармачылыктан алыстап кетүүгө эрким жетпей жатат. Анткени досторум, жалпы чөйрөм ырчылык өнөргө жакын адамдар.
Өзүм филармониянын алдындагы эки жылдык студияны бүткөм. Ырчылыкты таштаган күндө деле билимимди өркүндөтөйүн, бир кесипке ээ болоюн дебей, дароо бизнес менен алектенем. Анткени 5-6дан диплому бар тааныштарымды билем, алардын бирөөсүнө да бир дипломунун кереги тийген жок.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(6)
20.11.2010. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жаманы ушу ырчылык доору бутуп калганы болсо керек.Анткени бут элге таанымал адам кайсы жерге барып иштеерин билбей кыйналат.Мындайраак жумуштарга иштоодон уялышат,жакшы жумушка орношоюн десе бир нерсени билиш керек же диплом керек.
20.11.2010. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аманчылык болсо эле ырчылык менен узак мезгил жашап келесиздерго БИЗДИН ЖЫЛДЫЗДАР,жылдыздар жанат өчөт, ырчылык дооруңар бүтсө артыңардан жаш муундарды жетектеп өстүрсөңүздөр болот.
21.11.2010. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da ne volnuytes vy, smojete shkolu dlya detey otkryt i uchut ih vsemu, kak Aychurek nasha.
22.11.2010. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оххххххх, дагы пайыз белги :(
Неля, эколог актуалдуу кесип. Азыктардын баары кошулмалуу болуп кетпесе экен деп тилеп жүрөм. Ушул зарылчылыкты көтөрбөйсүңбү?
24.11.2010. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай берген ырыскы менен жашашат да
28.12.2010. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гулзинат озуно катуу ишенет экен го..айтканындай эле болсун,а бирок болбой калса деген суроого жооп уккум келген болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо