-

Венгрия жакында Кыргыз жарандарына Шенген визасын бере баштай турганы айтылды.
-
Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушунда 1 жашар бала дааратканага түшүп кетип каза тапты.
-
Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди.
-
Бишкек мэриясы сактык үчүн айдоочуларды унааларын бак-дарактардын түбүнө токтотпоого чакырууда.
-
Ош облусунда 1 тонна көмүрдүн баасын 5000 сомдон ашырбоо аракети көрүлүп жатканы кабарланды.
-
5-октябрда Бишкекте айрым коомдук ишмерлер Курсан Асановду үй камагына чыгарууну талап кылып билдирүү жасашты.
-
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшырганы айтылды.
-
"Кумтөр" кенинде уулуу калдыктар мыйзамсыз сакталган жай табылганын ишкана маалымдады.
-
Алтынай Өмүрбекова Евразиялык-экономикалык комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык өнүгүү департаментинин директору болуп дайындалды.
-
“Кыргыз көмүр” ишканасы: "Жакында Бишкекте көмүрдүн баасы 500 сомго чейин арзандашы күтүлөт".
-
Ош шаарындагы №52 мектеп-лицейинин мугалими, 28 жаштагы Илгиз Шамырзаев “Жылдын мыкты мугалими” сынагында жеңүүчү болду.
-
Кара-Кече көмүр кенинде коопсуздукту УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы аскерлери көзөмөлдөп жатат.
-
Ысык-Көлдө чек ара кызматынын 2 кызматкери баңгизат менен колго түштү.
-
Бишкек шаарына 5-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады.
-
БШКнын чечимине ылайык, 22-октябрда Нарын шаарынын мэрин шайлоо өтөт.
-
Аба ырайынын суук тартышы менен Бишкекте абанын булгануу көрсөткүчү жогорулаганын адистер айтып чыгышты.
-
Дубайда Кыргыз жараны өз ымыркайын атайын өлтүрдү деп айыпталып жатканы кабарланды.
-
Жогорку Кеңеште президенттик администрация менен Министрлер кабинетинин аппаратын бириктирүүгө жол ачкан мыйзам долбоору каралып жатат.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жолунда айдоочуларды этият болууга чакырууда.