Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
БИР БҮРКҮМ. “ТЕЗ ЖАРДАМДЫН” АЙДООЧУСУ САБАЛДЫ...
№984 14-20 октябрь, 2021-ж.
12-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 12 миллиард 279 миллион метр куб суу бар.
- Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы болуп дайындалды.
- Экс-премьер Темир Сариевдин тарапташтары 12-октябрда Бишкекте митингге чыгышып, Сариевди бошотууну талап кылышты.
- Өлкөдө Социалдык фонддун ордуна Пенсиялык фонд түзүлөрү айтылды.
- Сүйүн Өмүрзаков ИИМ жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Адылбек Бийбосунов дайындалды.
- 13-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар “Кумтөр” маселеси боюнча министрлер кабинетинин маалыматын угууну кайрадан талап кылышты.
- Бишкекте Чоң Чүй каналына 11 жашар бала түшүп кетип, жергиликтүү тургундар куткарып калышты.
- Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчы кызматынан бошотулуп, президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.
- Учурда “Бишкек жылуулук” ишканасынын 66 от казаны толугу менен иштеп жатканы маалымдалды.
- Бишкекте 9-октябрда жарандардын бири “чакырууга кеч келдиң” деп “Тез жардам” кызматынын айдоочусун сабап салганы жарыяланды.
- Бишкекте 1-7-октябрь күндөрү 4228 айдоочу жол эрежесин бузганы аныкталды.
- Коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салган мыйзам 13-октябрда күчүнө кирди.
- Сузак районунда сүннөт тойдон кийин массалык уулануу катталганы маалымдалды, 13-октябрга карата 16 бейтап ооруканада жатат.
- Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары "Бишкек-Торугарт" чек арасынан өтүүдө ар бир унаадан себепсиз акча жыйнап жаткандыгын айтып чыгышты.
- Шайлообек Атазов, депутат: "Райымбек Матраимовго окшогон менеджерлерди кызматка тартыш керек".
- Парламент 14-октябрда министрлер кабинетинин кыш мезгилине даярдык боюнча маалыматын угат.
- 1-ноябрга чейин энергетика системиндеги оңдоп-түзөө иштери аяктап, күндүзгү свет өчүрүүлөр токтой турганын Энергетика министрлиги билдирди.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0