№985 21-27 октябрь, 2021-ж.
Грециянын Лутраки шаарында 19-октябрдан тартып грек-рим жана эркин күрөш боюнча ардагер балбандар арасында Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Турнирде Кыргыз өлкөсүнүн атынан грек-рим күрөшү боюнча Калмурза Жолдубаев, эркин күрөш боюнча Талант Бегалиев, Роман Сарыбаев, Арген Бегалиев, Чынарбек Изабеков, Сааданбек Ниязов өлкө намысын коргошууда.
19-октябрда килем үстүнө чыккан Арген Бегалиев алгачкы кармашында эле молдовалык балбанга жеңилип калса, Сааданбек Ниязов ирандык балбанды 4:2 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты. Ал эми Талант Бегалиев атаандаштарын ири эсепте жеңип Дүйнө чемпиону болду.
Мелдеш 24-октябрга чейин созулат.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |