Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭМОЦИЯҢДЫ ИЧКЕ КАТПА!

№985 21-27 октябрь, 2021-ж.

Жашообузда эмоция көп нерсеге таасир этет. Мамилеге, ден соолукка, жадакалса ийгиликтерибизге дагы. Бул тууралуу коуч Гүлзар Жусупова айтып берет.

Эмоция деген – бул адамдын ичиндеги күчтүү сезимдер. Мисалы, кубануу, сүйүнүү, таң калуу, ыйлоо, коркуу жана башка ушуга окшогон күчтүү сезимдердин баары эмоцияга кирет. Адамдын ички абалын, сезимдерин эмоция аркылуу баалоого, билүүгө болот. Көп учурда биз кимдир бирөөнү таарынтып, көңүлүн оорутуп алам деп эмоциябызды ичке катып отуруп өзүбүздүн эмоцияларыбыз жабылып калганын байкабай калган болобуз. А эмоциянын жабылышы биздин турмушубузга залакасын тийгизет.

ЭГЕР АДАМДЫН ЭМОЦИЯСЫ ЖАБЫК БОЛСО:

– ал адамдын жолу болбой кыйналат;

– качан кубанышты, качан кайгырышты билбейт, сүйүү сезимдери жоголот;

– сүйүктүү жумушун таба албайт;

– ден соолугу начарлап, ар кандай оорулар пайда болуп баштайт;

– үй-бүлөдө уруш-талаштар жаралат;

– акча жагынан да маселе жарала бериши мүмкүн.

Мунун баары адамда ар кандай стресс, депрессияларды жаратат. Мындан арылыш үчүн эмоцияларды ачышыбыз керек.

ЭГЕР ЭМОЦИЯЛАРДЫ АЧСАК:

– Эң биринчи сүйүү сезимдери ойгонот. Адамга, жумушуна, дегеле айлана-чөйрөгө карата сүйүү сезимдери ойгонуп баштайт. Сүйүү биздин жашообуздагы маанилүү нерсе;

– Адамдын жолу ачылып баштайт, анткени адамда каалоо пайда болот;

– Таланты ачылып, өнөрлөр чыга баштайт;

– Эмне жагат, эмне жакпаарын билип башташат.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

– Эмоцияларды ачыш үчүн адам өзү менен өзү иштегенди үйрөнүшү керек;

– Таарынычтардан арылыш керек;

– Коркунучтарды жоюусу кажет;

– Мээдеги орнотмолорду иреттөө керек, мисалы, катуу күлбөшүм керек деген сыяктуу;

– Ичиңизге эч нерсе жашырбаңыз, сезимдериңизди билдирип туруңуз;

– Наалыбаңыз;

– Позитивдүү фильмдерди көрүңүз;

– Негативдүү жаңылыктарды көрбөгөнгө аракет кылыңыз;

– Жакшы нерселерди гана ойлонуңуз.

Гулийпа Маметосмон кызы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
26.10.2021. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну токсичная позитивность деп коет. Жаман жанылыкты корбой коюу мумкун эмес да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо