№985 21-27 октябрь, 2021-ж.

  1. ИТАЛИЯ ПАСТАЛАРЫ

  2. Кожойкелер, бул сапар Италия ашканасына сапар алабыз. Колдо бар азыктардан оңой, бат жасала турган пасталардын түрлөрүн сунуштайбыз.

  3. ФАРФАЛЛЕ

  4. Керектелүүчү азыктар:

  5. Тоок эти – 300 грамм

  6. Фарфалле пастасы (көпөлөк) – 250 грамм

  7. Майлуулугу 20% болгон сүт – 200 миллилитр

  8. Шампиньон козу карыны – 200 грамм

  9. Пияз – 1 баш

  10. Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

  11. Пармезан сыры – 200 грамм

  12. Кургатылган райкан, кургатылган орегано, кургатылып майдаланган сарымсак, кара мурч, туз – татымына жараша

  13. Даярдоо ыкмасы:

  14. 1. Кайнап жаткан сууга татымына жараша туз кошуп, фарфалле пастасын бир аз чала бышырып алып, дуршлагдан өткөрүп суусун сарыктырыңыз.

  15. 2. Казанга өсүмдүк майын ысытып, төрт чарчы тууралган тоок этин салып, кызаргыча кууруңуз.

  16. 3. Тууралган шампиньон менен пиязды өзүнчө көмөч казанга кууруп алыңыз.

  17. 4. Тоок эти бышырылган казанга куурулган шампиньон менен пиязды салып, аралаштырып дагы 1-2 мүнөт бышырып алыңыз.

  18. 5. Ага майлуулугу 20 пайыз болгон сүт куюп, татымына жараша туз, кара мурч, райкан, орегано, кургатылган сарымсак салып, 15-20 мүнөт жай отко бышырасыз.

  19. 6. Бышкан фарфаллени даяр болгон соуска кошуп, жакшылап аралаштырып, отту өчүрүңүз.

  20. 7. Пастаны сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр менен кооздоп, конокторду кубантсаңыз болот. Аш болсун!

  21. ФУЗИЛЛИ

  22. Керектелүүчү азыктар:

  23. Фузилли пастасы – 250 грамм

  24. Баклажан – 1 баш

  25. Помидор – 4 баш

  26. Таттуу кызыл калемпир – 1 баш

  27. Сарымсак – 2 тишче

  28. Зайтун майы – 3 аш кашык

  29. Райкан – 2 талча

  30. Кызыл райкан – 2 талча

  31. Орегано – 2 талча

  32. Туз – татымына жараша

  33. Даярдоо ыкмасы:

  34. 1. Казанга зайтун майын куюп төрт чарчы кылып тууралган баклажан менен калемпирди салып жай отто бышырып алабыз.

  35. 2. Өзүнчө казанга зайтун майын куюп, майда тууралган сарымсак менен төрт чарчы тууралган помидорду кууруп, 5 мүнөттөй демдеңиз.

  36. 3. Андан соң ага баклажанды кошуп аралаштырып, отту өчүрүңүз. Соусту жылуу боюнча сакташ үчүн фольга менен ороп коюңуз.

  37. 4. Фузилли макаронун туз кошулган кайнак сууга бышырып алыңыз. Макаронду дуршлагдан өткөрүп суусун сарыктырыңыз.

  38. 5. Соус менен макаронду жакшылап аралаштырыңыз.

  39. 6. Даяр пастаны тарелкага салып, үстүн орегано, жашыл, кызыл райкан, сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр менен кооздоп конокторду кубантыңыз.

  40. КАВАТАППИ

  41. Керектелүүчү азыктар:

  42. Уй эти – 1 килограмм

  43. Каватаппи макарону – 1 килограмм

  44. Томат пастасы – 2 аш кашык

  45. Петрушка – 1 талча

  46. Суу – 200 грамм

  47. Кызыл калемпир – 2 аш кашык

  48. Лавр жалбырагы – 2 даана

  49. Туз – татымына жараша

  50. Италия татымалы – 1 чымчым

  51. Даярдоо ыкмасы:

  52. 1. Этти туурап алыңыз.

  53. 2. Запеканка үчүн баштыкка эт, калемпир, италия татымы, туз, лавр жалбырагы, томат пастасын салып, суу куюп жакшылап аралаштырыңыз.

  54. 3. Баштыктын оозун бекем бууп, бир канча жерин тиш чукугуч менен тешип, 190 градус ысыган электр мешине салып 80 мүнөт бышырыңыз.

  55. 4. Мискейдеги кайнаган сууга макаронду салып 10 мүнөт бышырып алыңыз. Макаронду дуршлагдан өткөрүп, суусун сарыктырыңыз.

  56. 5. Тарелкага даяр болгон макаронду, үстүнө бышкан гуляшты салып петрушка менен кооздоңуз. Тамагыңыз даамдуу болсун!

  57. ФЕТТУЧИНИ

  58. Керектелүүчү азыктар:

  59. Феттучини пастасы – 400 грамм

  60. Шампиньон козу карыны – 400 грамм

  61. Майлуулугу 10% болгон сүт – 300 миллилитр

  62. Пияз – 1 баш

  63. Каймак май – 2 аш кашык

  64. Сарымсак – 3 тишче

  65. Туз, зайтун майы, кара мурч, пармезан сыры, райкан – татымына жараша

  66. Даярдоо ыкмасы:

  67. 1. Көмөч казанга каймак майды жана бир кашык зайтун майын саласыз. Май эригенде тууралган сарымсакты салып 3 мүнөт кууруңуз. Андан соң сарымсакты алып салыңыз.

  68. 2. Тууралган козу карынды көмөч казанга салып, ширеси калбай калганча кууруңуз. Ага тууралган пиязды салып кызаргыча кууруп аласыз. Андан соң татымына жараша туз, мурч салып, сливки куюңуз.

  69. 3. 10 мүнөт жай отто бышырыңыз. Соус өтө коюу болбош керек. Эгер коюуланып кетсе, соуска бир аз кайнак суу кошуп 2 мүнөт бышырыңыз.

  70. 4. Феттучини макаронун туз кошулган кайнак сууга салып бир аз чала бышырып алыңыз. Макарон жабышып калбаш үчүн сууга 2 аш кашык өсүмдүк майын кошуп койсоңуз болот.

  71. 5. Макарон бышкандан кийин дуршлагдан өткөрүңүз. Бир аз каймак май кошуп койсоңуз болот.

  72. 6. Макаронду тарелкага салып, үстүнө соусту куюңуз. Пастага көрк берүү үчүн сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр жана райкан менен кооздоп коюңуз.
     

  73. Динара Абдыкадырова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо