Гүлзат Мамытбек: “ТҮРКИЯДА ИШТЕП КАРЫЗДАРЫМДЫ ТӨЛӨП ЖАТАМ”

№985 21-27 октябрь, 2021-ж.

“Тур, турагой, кыргызым” деп кыргыз элине дем берип, өзүн мотиватор атаган Гүлзат Мамытбек аттуу кызыбыз бар. Ал учурда Түркияда эмгектенип жүрөт. Өзүнүн акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, балдары, жашоосу тууралуу маек куруп берди.

– Саламатсызбы, Гүлзат айым? Учурда Түркияда жашап жатыптырсыз?

– Саламатсыздарбы, урматтуу калайык калк, кыргыз элим! Жүрөгүм, жаным менин! Гүлзат Мамытбек кыргыздын жана планетанын деми баягыдай эле гүлдөй жаркырап жүрөт. Учурда Түркиянын Аланья шаарындамын. Ресторан иштетип, тармактык бизнесте да иштеп жүрөм. Мындан тышкары жакшы өнөктөштөр менен агенттик ачканбыз. Ошол жакта риелтор болуп иштеп жатам. Аланья түрктөрдүн Майамиси десем болот. Бул жерде өтө көп мүмкүнчүлүк бар экен. Ошол себептен башка өлкөлөрдүн жарандары Аланьядан үй, жер, виллаларды сатып алып жатышат.

– Айрым адамдарга акча карыз болуп калдыңыз эле, төлөп жатасызбы?

– Ооба, мен тытынып иштеп карыздарымдан четинен кутулуп жатам. Акчасын эң биринчи болуп арызданбагандар, мени элге жаман көрсөтпөгөндөр алып жатышат. Андан кийин чатак кылган, социалдык тармактарга “Гүлзат калпычы” деп чыгарып жибергендердикин бөлүп-жарып төлөп жатам. Кудай буюрса, бардык карызымдан кутулам.

– Бул окуядан кийин коомчулукта сиз тууралуу терс пикирлер жаралды. Буга кандай жооп берет элеңиз?

– Мен ушундай кырдаалга кабылганыма абдан ыраазымын. Өзүмдүн душмандарыма, хейтерлериме рахмат. Анткени максатка жетүүгө түрткөн дал ушул душмандар болот экен. Мен жер жүзүндөгү Аланья деген эң сонун шаарга туш келдим. Эгер жер бетинде бейиш барбы десе, мен “ооба, бул Аланья” дээр элем. Анткени бир тарабы чалкыган деңиз болсо, бир тарабы тоо. Агарып таңдын атканы менен кызарып күндүн батканын көрсөң керемет. Бул жерде 2 ай кыш болот экен, калган айлар жылуу, ошол 10 ай бою туристтерди кабыл ала берет. Мына, азыр октябрь айы аяктап калды. А мен болсо күнгө күйүп, деңизге түшүп жүрөм. Аланьянын калкынын 30 пайызы орустар, 30 пайызы казактар, калгандары башка улуттун өкүлдөрү экен. Биз, кыргыздар, бейиштей жерде жашоого татыктуубуз. Үйдүн баалары Кыргызстандагыдай эле. Керек болсо андан да арзан десем болот. Жыл бою банан, апельсин, дарбыз токтобой бышат экен.

– Эми Кыргызстанга келесизби?

– Азырынча Кыргызстанга барбайм. Анткени Кыргызстанда өнүгүү жок. Кыргызстанды жанымдай жакшы көрөм, бирок өз өлкөмдө отуруп, аны көтөрө албайт экенмин. Анткени кыргыздар бир казанда кайнашып, биринин көзүн бири чукуп, жакшы эмес бир өлкөгө айландык. Азырынча акча таап, карыздарымдан кутулам. Кудай буюрса, Голливудга барам деген максаттарым бар. Голливудга баргым келгенинин себеби – Манас тууралуу тасма тарткым келет. Бул тасма аркылуу кыргыз элин бүткүл дүйнөгө таанытсам дейм. Негизи кыргыздар Голливудду да багындырышы керек.

– Балдарыңыз жаныңыздабы?

– Жок, балдарым атасынын колунда. Мен чырдашкым келген жок. Чырдашууну токтоттум. Эки адам урушса акылдуусу айыптуу. Эми мен акылдуураак болгондуктан талашты токтотуп, жоопкерчиликти өзүмө алдым. Ооба, кыйналып, балдарымды сагынып жатам. Бирок аларды жаркыраган сонун келечек күтүп турат. Мен Голливудга барганда балдарым сөзсүз түрдө Гарвардда окуй турган болот. Иши кылса балдарыма Гарвардды даярдап жатам. Азыр атасы менен чырдашып, соттошуп элге уят болуп отурсам, карызга ого бетер батат экенмин. Анткени ыйлап-сыктап, өзүмдү колго ала албай, эч бир долбоорду ишке ашыра албай калат экенмин. Мен, Кудай буюрса, өнүгөм. Менин артымдан балдарым келет. Алар 18 жашка толсо эч ким күч колдонуп кармап кала албайт. 18 жашка толору менен билет алып мага учуп келишет.

– Балдарыңыз менен телефон аркылуу байланышып турасызбы?

– Жок, байланыша элекмин. Балдарымдын үнүн уга элегиме 1 жыл болду. Анткени атасы сүйлөштүрбөйт. Сүйлөштүрсө да балдардын мээсин жеп, “энеңе минтип айт” деп үйрөтүп турат. Алар коркконунан атасынын айтканын кылышат. Мен кошулуп алып балдарды кыйнабайын деп чалбай калдым. Бирок туулган күндөрүндө социалдык тармактардан куттуктап турам. “Балдарым, мен иш кылып жатам, силерди жанымдай жакшы көрөм, силерди сагынып жатам. Бири-бириңерге көз салгыла” деп айтып турам. Алар баракчама кирип баарын окуп, сүрөттөрүмдү көрүп турарын сезем. Анткени энемин. Үйдү балдарыбыз үчүн салганбыз. Балдарым ал үйдүн ээси. Атасы баш болгон башка адамдар ал үйдө конок. Атасы бул кылыгы менен мени гана жазалаган жок, энесинен ажыратып балдарын да жазалап жатат. Энесинин мээримин көрбөгөн балдар кыйналып, ичинен атасын жек көрүп өсүшөт.

– Биринчи жолдошуңуз Талант Курманкулов менен соттошуп жаттыңыз эле...

– Сот бүтө элек. Ошол бойдон калды. Мындан ары соттошпойм, соттошкум келбейт. Бул иш аягына чейин чыга элек, чыкпайт дагы.

– Кийинки жолдошуңуз Хуан Буэндиа менен да эки ажырым жолго түшкөнүңүз белгилүү болгон эле...

– Ооба, бирок аны менен байланышып турам. Ал келечеги бар жигит. Эквадордо отуруп алып мага көп жардамдашат, кеңешин берип келет. Мамилебиз аябай жакшы.

– Өлкөгө келип саясатка аралашайын деген оюңуз жокпу?

– Жок, мен саясатка аралашкым келбейт. Саясатты жек көрөм. Садыр Жапаров Кыргызстанды көтөрүп кетет деп ишенем.

– Элге дем бергенден сырткары, жеке концертиңизди берип, ырдап калчусуз. Ырчылыкты улантасызбы?

– Чыгармачылыгым акырындан уланууда. Кудай буюрса, өнүктүрөм деген жакшы идеяларым бар. Мен негизи эле мотиватормун. Менин миссиям ушундай. Эс тарткандан бери эле элдин баарын тынымсыз шыктандырып келем.

– Маегиңизге рахмат, алыста аман жүрүңүз!

Жолдубек Качкынбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
25.10.2021. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эмне дейт тантык???
25.10.2021. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жыргап күлүп алдым,бул аялдын ичинде жини бар менин оюмча.
25.10.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тупа туура айтасын, чындык чычалат, кыргыз бирибизди чукуп жеп буттан тартмайыбыз калпбы, ошого онукпойбуз, онугуу жок,
25.10.2021. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Гулзатты тантык анан ичинде жини бар дегендерге тан калам. Жакшылап окуп корсон, бул адам озун озу которгонду, озуно озу мотивация бергенди уйронгон. Башка аялдардай болуп ыйлап сыздап депрессияга батып отуруп калган жок. Адам оз жашоосуна кандай программа тузсо ошондой болот. Бул адамдын ой жугуртуусун баары тушуно бербейт. Гулзат сизге бир гана ийгилик каалайм.
26.10.2021. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанга барбайм деп аткан элең анан эмнеге келе калдың андан көрө ошол жактан иштеп капыздарынды төлөп анан келбейт белең. Интернеттин баары эле Гулзат Мамытбек кармалды деп эле дүң дей түштү
31.10.2021. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asmat84,Элдин көңүлүн мамлекеттен уурдалып жаткан чоң суммалардан башка жакка буруш керек да! Карызы бар кишини чоң мамлекеттик кылымышкердей талкуулашты. Чыныгы, чоң урууларга дух жетпейт.
27.10.2021. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
накта аферист го бул, карызын эн биринчи арызданбагандар, мени жамандабагандар алып жатышат дейт. Кумондор Абылов айткандай очередин жетсин анан берем дегендей эле болуптур айбан...
27.10.2021. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага Гулзат. Ит уро берет, кербен журо берет. Сен элден карыз алып приложенияны чыгарам деп аракет кылдын, эми жашоо экен болбой калды. За то уйундо жата берген коп эркектерден коро аракет кылдын. Эми тушунгон тушунот, тушунбогон суйлой берет.
Эми белини бекем туйуп аракет кыл, баары жакшы болот.
Ийгилик сага.
27.10.2021. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suban78,иии белди бекем бууп, дагы бир негрди тап деп кой!
31.10.2021. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
KaGaH,табала. Ар кимдин алына жараша сыноо болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо