Ильяз Абдыразаков: «КОНЦЕРТТЕН КИЙИН ҮЙЛӨНӨМ»

№420 19-25-ноябрь, 2010-жыл.

Кыргыз эстрадасында уйкудан ойгонуп эле “мен ырчымын” деп чыга калгандардан айырмаланып, ырчылыкта узак жолду басып өткөн жигит бар. Өзүңүздөр билип тургандай, бул инсан талант десең талант, жөнөкөй десең жөнөкөй, анан да балалыктай таза мүнөз – Ильяз Абдыразаков. Ар жума сайын адатка айланып калган футбол оюнубуздан кийин ырчы менен маектешип, акыркы маалыматтарын билгенге үлгүрдүм.

– Кандай, Ильяз? Ден соолугуң жакшыбы?
– Рахмат! Ден соолугум жакшы болуп калды. Орусияга барып, бир аз суукка урунуп калган экенмин. Дарылангандан кийин, Кудайга шүгүр.
– Эмне менен алектенип жү­рөсүң?
– Азыркы кезде жаңы ырларды жаздырып жүрөм. Сайкал Садыбакасова менен дуэт жаздыруунун алдындабыз. Андан сырткары жакында өтүүчү концертиме даярдык көрүп дегендей.
– Ага-инидей болуп жетелешип жүр­гөн продю­сериң менен иштешпей калыпсың...
– Продюсерим Баякенин ырчылыгыма дагы деле тиешеси бар. Башкача айтканда, ал мени сурап кайрылгандарга жооп берип турат. Жайында ортобузда бир-эки түшүнбөстүктөр болуп, азыр иштешпей калсам да, ага-ини бойдонбуз.
– Эми башка продюсер менен иште­ше­сиңби?
– Азырынча мага Кабыл Бөрүбаев жардам берип жатат. Ал эми келечекте кайсы продюсер менен иштешерим белгисиз. Так айта албайм. Аны убакыт көрсөтөт.
– Продюсерсиз иштеш кыйынбы?
– Ооба, кыйын эле. Ар жакта болуп калабыз. Программаларды түзүш керек. Ошолорго каралашып туруш керек да.
– Кыргызстандагы продюсерлер жетиштүү дең­гээлде иш алып барышабы? Алган акчасын актайбы?
– Өзүмө тиеше­лүү­­сүн айтсам, продюсеримди жаман дебейм. Ырчынын бардык тарабына көңүл бурушса жакшы болмок. Тилекке каршы, андай эмес. Ар жакка чакырып тажаткандары бар. Ал эми алган акылары жөнүндө айта албайм...
– Ата-энеңди качан келиндүү кылайын деп тура­сың?
– Буюрса, декабрь айынын орто ченинде концертимди берем. Анан ошол концерттен кийин үйлөнөм.
– Анда Ильяздын келечектеги жубайы ким болду экен?
– Сүйлөшкөн кызым карапайым эле үй-бүлөдөн. Нарындын Ак-Талаасынан болот. 1991-жылы туулган. Сүйлөшкөнүбүзгө 6 ай болуп калды. Ушунча убакыт ичинде бири-бирибизди жакшы эле билип калдык окшойт.
– Аты ким? Кайдан, кандайча таанышып калдыңар эле?
– Атын айтпай турайын. Буюрса, концерттен кийин кененирээк айтып берем. Ага чейин сыр бойдон тура турсун. Таанышып калганыбыз туурасында айтсам. Бир тааныш кызга “Дордой базары” тараптан жолугуп калдым. Жанында курбу кыздары бар экен. Анан алардын арасынан бирөөсү дароо эле көзүмө түштү. “Любовь с первого взгляда” болду окшойт. Анан тааныш кызымдан телефон номерин алып, жакындан таанышып сүйлөшүп калдым. Окуя ылдам эле өнүгүп, тил табышып кеттик.
– Сен Баткенден, ал кыз Нарындан. Ата-энеңер каршы эмеспи?
– Жок, каршы эмес. Ата-энелери­биз ак батасын беришет деп ойлойм.
– Концертиңден эмне өзгөчө­лүк­төрдү күтсө болот?
– Албетте, өзгөчө концерт берейин деп максат кылып жатам. Жаңы ырлар болот. “Жаным ай” менен “Азапты” казакча ырдаган казак ырчылары келишет. Калганы сюрприз бойдон кала берсин.
– Айтмакчы, “Жаным айдын” казакчасын уккандар “Ильяз бул ырды казактардан уурдап алган турбайбы” дегендерин угуп жүрөбүз.
– Андайларды мен да угам. Бирок чындыгында андай эмес. Мен бул ырларымды казактарга саткам. Казак туугандар да менин ырларым экенине ишенишпей жүрүшүптүр. Өткөндө Алматыга барып, ырларымды кыргызча ырдап, боордош туугандарды ишендирип келдим.
– Жакшы экен. Шайлоо алдында иштеп тапкан акыңды толук бериштиби?
– Ооба. Толук эле беришти.
– Быйыл биздин супер концертте “Супер ырчы мырза” наамын ут­саң, жеңишиңди ким­ге арнайт элең?
– Эгер жеңиш мен тарапта болсо, анда ата-энеме ар­­найм!
– Ырчылыкты качан таштайм дейсиң?
– Эми бала чагымдан бери ырчылык менен жашап келем да. Кудай ден соолук берсе, узак жылдар бою ырчылыкта калгым келет.
– “Азыркы кездеги популярдуулугумдан да жогорку деңгээлге жетсем болот беле?” деп ойлон­осуңбу?
– Ойлонбойм. Азыркы деңгээли­ме ыраазымын. Баары алдыда. Талыкпай эмгектенсем, мындан да жогорку деңгээлге жетүүчү күн алыс эмес.
– Ушул кезге чейин кетирген чоң катам деп кайсы катаңды айтат элең?
– Чоң катам деп айткыдай катамды деле билбейм. Мектепти аяктабай калганым чоң катам болсо керек...

АКЫРКЫ ЖОЛУ...
– Качан мушташтың?
– 1 ай мурун.
– Качан өбүштүң?
– Кечээ!
– Качан ичимдик ичтиң?
– 15-октябрда, досумдун тоюнда.
– Качан ыйладың?
– Акыркы жолу 2009-жылы ыйлагам. Ага турмушумдагы бир кыйынчылык себеп болгон.

"МЕН ЖӨНҮНДӨ ЧЫНДЫКТАР"
Эмнеден коркосуң?
– Караңгыда жалгыз жүргөндөн, анан да эл алдында уят болуп калыштан корком.
Өзүңдү сексуалдуу мырзамын деп эсептей­сиң­би?
– Жок. Өзүмдү сексуалдуу мырзамын деп эсептебейм.
Бир айда канча акча коротосуң?
– Шаарга жаңы келгенде кафеде иштеген элек. Ал кезде күнүнө 1000 сом тапсак, баарын коротчубуз. Азыр болсо 1 айда 10 миң сомдун тегерегинде жок кылам го.
Кайсы ырчы жакпайт?
– Ырчылардын баары менен эле мамилем жакшы. Эми арасынан бир-экөөнүн ырдаганы жакпайт. Аттарын айтпай эле коёюн. Ырдабай коюшпасын, тамаша (күлүп).
Өзүңдү кайсы актёрго окшоштурасың?
– Кандай десем?.. Өзүмдү Орландо Блумга окшоштуруп коём (күлүп).
Калпты көп айтасыңбы?
– Жалган айтып баратып эле, аягы кайра чындыкка айланып кетет. Негизи, жалган айта албайм.
Кайсы жаныбар жагат?
– Мамалагы менен аюу.
Кыялыңдагы автоунааң?
– Өтө кызыккан унаам деле жок азырынча. А мурда кыялданган унаамды азыр айдап жүрөм.
Ортодо сүйүү менен достук турса, кайсынысын тандайт элең?
– Бир жыл мурун ушундай окуя болуп, достукту тандагам. Демек, достукту тандайм. Бирок акыл калчап, баарын бир алып кетсең деле болот.
Кайсы саясатчыны жак­тырбайсың?
– Бул же тигил деп бөлүп айта албайм. Кыргыз журтун алдап кеткен бардык саясатчыларды жек көрөм.
Эгер президент болуп кал­саң, сен да качып кетет бе­лең?
– (Күлүп) Биринчиден, качканга жеткирбейт элем. Экинчиден, эл үчүн, эркектик намысым үчүн да качмак эмесмин.


Жылмайып коюңуз!

Ильяз “Ала-Тоо” аянтынан ты­­юу салынган убакта машинасын учуртуп айдап өтүп баратат. Аны көргөн башка айдоочулар да машиналарын артынан айдап жөнөшөт. Аңгыча болбой кычыктан МАИ кызматкери чыга калып, ырчынын машинасын токтотот.
Ильяз терезеден башын чыгарып, арттагы машиналарды көрсөтүп:
– Байке, байке, сизге кардарларды алып келе жатам,- деп ала таякчандардан кутулуптур.

Залкарбек Карабалаев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(42)
20.11.2010. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!Ар дайым №1 ырчы болуп журо бер.Жеке турмушунда да бактылуу бол!Ийгилик!!!!!
20.11.2010. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол, ар дайым ушунундан жазба. Сенден дагы кооп коп жакшы ырларды кутобуз.
20.11.2010. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан дагы, ырчылар деги эле атактуулар пудра суйконуп суротко тушушпойт, сахнада гана. Анын баары компьютер Photoshop.
20.11.2010. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar daiymkydai sen supersin Ilyazchik,bar bol,iygilik!suiuktuu kuiormanyn
20.11.2010. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омур,бакыт,махабат.
20.11.2010. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uilongongo saga erte emespi?
20.11.2010. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол
20.11.2010. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
той жемей болдук кызылкиялык досторунду чакырганды унутпа
20.11.2010. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ak jol sizge, Ilyaz bayke.
20.11.2010. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула ийгилик сага Ильяз!!!!!!
20.11.2010. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула эки жаш.
20.11.2010. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat Ilyaz baktyluu bol saga iigilik!!!
20.11.2010. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayalinin surotun 4idamsizdik menen kutom,ILIYAZ kizdardin suluulugun ayabai baala4u ele.
21.11.2010. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Ильяз иним!сага коптогон ийгилик!ак жол!жонокой жигит деп сени айтат!азаматсын!сенин ырларын менен биздин маанай ачылат!
21.11.2010. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз концертине ийгилик, алган жубайын менен бактылуу бол.
21.11.2010. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат...талантууу жигит... дагы да коп ийгиликтерге жетишсин...

21.11.2010. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam Ilyaz! saga 4ygarma4ylyk iygilik kaalaim. algan jubaiyn menen tuboluko kol karmawyp,baktyluu bolgula.=)
21.11.2010. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз укам бактылуу бол. Ушундайынан жазба.(Генийлер гана жонокой)
21.11.2010. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Ильяз иним..алдыга койгон максаттарына жетишине тилектешмин. жакында уйлонот экенсин, бактылуу бол. Айдаркендик Бекзат акенди да унутпа :) кабарлашып туралы. Сага чыгарчылык ийгилик!
21.11.2010. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сизди урматтайм жана абдан сыйлайм бар болунуз бактылуу болунуз
22.11.2010. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!!
22.11.2010. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooi Ilyaz kop kuiorman kyzdaryn azaptarga kabyltat turbaiby. alty aida ele Ilyazdy alam degende jetkirse ukmuw suluu kyz bolso kerek ee:))
23.11.2010. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгын оркундой берсин!!Бактылуу болгула!
23.11.2010. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииий, ананайын десе, абдан жакшы көрөм да ушу баланы, быйтыйып алып тим эле укмуш сонун ырларды жазып койгонун айтайын. Болсун, болсун! бактылуу болгула, талыкпай эмгектенип, кыргыздын дагы бир учун тээээээтигинден ары чой, күйөө бала :). биздин кыз ылайым эстүү келин чыгып, сага эң сонун жардамчы болсун!
23.11.2010. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай ширинида ширин ийгилик сага
23.11.2010. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin ini4egim uylonup jatkan turbaybi?....baktiluu bolgula,ilayin tandagan jarin saga olok-jolok bolsun!!!koncertin din kunu ka4an boldu eken jani jil aldinda bolso jakwi bolot ele 25 terinde...ar koncertindi kaltirbaym,buyursa munusuna da baram go.
23.11.2010. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол Ильяз.
23.11.2010. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сенин ырларын мага абдан жагат!!!Бактылуу бол Ильяз чексиз бакыт каалайм сага от Майрам!!!
25.11.2010. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула.
06.12.2010. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИЙГИЛИК САГА ИЛЬЯЗ.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо