СУЛУУЛАР ДАЯРДЫК КӨРҮШҮҮДӨ

№420 19-25-ноябрь, 2010-жыл.

Сулуулук дүйнөнү сактайт

“Супер сулуу-2010” сынагына катышкан кара көздөр чимириле чыгыш бийин да бийлешет. Учурда кыздарга бийди бийчи Бакыт Байсариев үйрөтүп жатат. Анда кыздардын даярдыгы кандай экендигин өздөрүнөн жана устатынан сурайлы.

Бакыт Байсариев:
«КЫЗДАРДАН ЭМГЕК СИҢИРГЕН БИЙЧИ ЧЫКПАСА ДА,
СУПЕР БИЙЧИ ЧЫГАТ»
– “Супер сулуу-2010” сынагына катышкан кыздардан КРнын Эмгек сиңирген бийчилери чыкпаса да, супер бийчилер чыгат. Аракеттери чоң. Жумасына үч жолу сабак өтүлүүдө. Ажар, Айнура, Уулжан, Назгүл, Жыпара деген кыздар бир да сабакты калтырышпайт. Жадакалса кечинде мени менен кошо тойлорго да барууга даяр болуп жатышат .
Буюрса, азыр бийдин үч бөлүгүнүн бирөөсү даяр. Экөөсү эки-үч күндүн ичинде даяр болот. Кыскасы концертке келген коноктор абдан жакшы чыгыш бийин көрө алышат. Анткени биз чоң аракет кылып жатабыз. Мен бул кыздарга “жакшы үйрөнсөңөр концерттерге, тойлорго, кечелерге заказ алып бийлесеңер да болот” деп айтып жатам. Арасынан жакшы бийлеген эки кызды өздөрү макул болушса, өзүмдүн шоу-программама катыштырам.

Ажар:
«КҮЗГҮНҮН АЛДЫНДА КҮНҮГӨ БИЙЛЕЙМ»
– Даярдык абдан жакшы. Буга чейин бийге катышкан деле эмесмин. Ошого карабай устатыбыздын жөлөгү менен үйрөнүп калдым. Сабактын соңунда Бакыт байке тапшырма берет. Үйгө барганда күзгүнүн алдына туруп алып жеңеме бийлеп берип машыгам.

Айнура:
«КИЙИН ЖОЛДОШУМА ДА БИЙЛЕП БЕРЕМ»
– Буга чейин бир нече сынакка катышып, чыгыш бийин бийлегем. Ошондуктан мен кыйналган деле жокмун. Чыгыш бийи кыздарга кайсы учур болбосун керек жана пайдалуу. Мисалы, азыр жакшы үйрөнүп алгандар, кийин турмушка чыкканда жолдошуна бийлеп беришет.

Уулжан:
«БАКЫТ БАЙКЕ ЖИНИ КЕЛСЕ
ТАЯКЧА МЕНЕН ЧАБАТ»
– Бий үйрөнүү устаттан дагы көп көз каранды деп ойлойм. Бакыт байке жеткире үйрөтөт экен. Алгач өзү көрсөтүп берет, анан биз туурайбыз. Өзүндөй окшоштура бийлебесең, тамашаламыш болуп таякча менен катуу эле чабат.
Бакыт байкенин бийлегенин көргөн адам сөзсүз бийлегиси келет. Анткени байке ичин томпойтуп алып кыймылдаса, адам өзү эле таасирленет.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
22.11.2010. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча эки ооз сөздү тыңыраак сүйлөй албай конкурска катышкандан уялган жоксуңарбы? Же уят жокпу силерде? Айнура анан дагы бир экөө эле жакшыраак сүйлөдү.
22.11.2010. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмне учун накта, чыныгы сулуулар чыкпайт???
22.11.2010. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
удачи девченки пусть выиграет достоиный надеюсь так и будет
22.11.2010. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга кыздар
22.11.2010. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suluu kyzdar go ya?
23.11.2010. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар сулуулар,баарын уйронупсунор эми Кыпкыргызча суйлогонду да так уйронсонуздор э абдан сонун болот.
24.11.2010. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу кыздар саналуу эле экен... калгандары баягы эле эптеп септеп деген тема... никакой харизмы...сначала тыныраак суйлогонду уйротуп койгулачы...
24.11.2010. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар уят!!! Айыл десе жан талашпай биринчи тилинерди так суйлосонор. Нукура создорду чукуп, издеп,билбегенинерди менден сурагыла уялбай СУЛУУУЛАР.
24.11.2010. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроторун коруп нормальный кыздар экен деп ойлодум эле, видеодон коргон козумо ишене албай калдым. Сулуулардан аз эле экен. Эч кимиси суйлой алышпайт экен. Болгону 2 эле кыз сулуу корунот. Калганы анча деле эмес, кээ бири вообще ... Бирок все равно силерге ийгилик! Алга кыргызымдын кыздары!
25.11.2010. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле сулуу кыздардан жок экен болгону 2-3 кыз жылдыздуу экен,беттинде тонна косметика, тандап жатканда каяты карап тандашканын билбейсин, Кыргыздын сулуу кыздары деп бироого корсоткондон уяласын. Бишкекте сулуу кыздар жок калыптырбы?
26.11.2010. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын коро албас кыздары ушунчалык эмнеге ичинер таар,ичинер таарып уу ичип жиберейин деп турасынар го ээ?Ичинер куйсо туз жалагыла,кыш келгенде муз жалагыла!Колунардан К келбегенден кийин тыпырайып жумушунарды кылп отура бергиле ээ кучукторум!
26.11.2010. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sary nerse4en kyz jakpady!!!
26.11.2010. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыздардын эмес эле страшный кыздардын конкурсу го?
30.11.2010. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыдамсыздык менен концертти кутуп жатам, бийлеген бийи кандай болду экен?!!Мен четте турган АЙНУРАга добушумду берем. Татыктуусу ошол эле. Ийгилик сага!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо