«ЖАНЫМ КЫЗЫМ»

№986 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.

Бүгүн мен кызыма ыраазычылык билдирип, андан кечирим сурагым келди. Алтын кызым Бишкектен атасы экөөбүзгө дагы белек берип жибериптир. Атасынын жакшы көргөн момпосуйларын, телефонго караганда экраны чоң, ошондон өзү жакшы көргөн айтышты көрсүн деп планшет. Мен китеп окуганды жакшы көрөм, мага китептерди жана мен кызыгып жүргөн гүлдөрдү салып жибериптир. Бат-баттан бизди ушинтип кубантып турат, алтыным. Былтыр Египетке алпарып эс алдырып келген, мурдагы жылы Түркияга жолдомо алып берген. Балдар кыйын чыкса ата-эненин бактысы ошол. Төбөң көккө жетет, ар таңда сыймыктанып ойгоносуң. Карлыгачым менин сыймыгым болду. Ага эч көңүл бурбаганыбызга карабай жакшы окуп, тырышып аракет кылып жатып максатына жетти. Мыкты психолог болом деген, Орусиядан окуп келди, азыр жакшы жерде иштейт. Мунун баары сыймыктанчу окуялар. Уялта турчусу болсо – кызыма жашоодо башка балдарыбызчалык көңүл бурбаганыбыз, колдоо көрсөтпөгөнүбүз. Кудай улук, ал баарын таразалап турат, мен жашоодон ушундай сабак алдым. Анда кеп башынан болсун, түшүнүктүү болушу үчүн кызым менен байланышым, мамилем кандай болгонун айтып берейин.

Атасы экөөбүз тең эмнегедир көп балалуу болгубуз келчү эмес. Баш кошкондо эле бизге 1 кыз, 1 уулубуз болсо жетет деп пландап алганбыз. Анан улуу кызыбыз төрөлдү, тун наристебиз деп кубандык. Планыбыз боюнча экинчиси уул болушу керек болчу. Бирок экинчибиз да кыз болду. Эми үчүнчүсү эркек болбой калса, акыр заман келчүдөй сезилди. Үчүнчү кызым ушул Карлыгачым. Ал төрөлгөндө дароо эле кабыл ала алган жокмун. Бир аз жеридим. 5 айлыгында кызым ичи өтүп катуу ооруп калды. Ич өткөктүн балдар үчүн олуттуу оору экенин ошондо билдим. Доктурлар деле кызым жашабачудай мамиле кылышты. Ошондо кыздын керек эмес экенин көр. Энелигим ойгонду. Бул кызды жоготуп аларымды эстеп корктум. Күнү-түнү кызымдын жанынан чыкпай Кудайга жалындым, көз жашым көл болуп төгүлдү. Кыймылдабай, эч нерсе жебей калган кызым бир күнү жандана түштү, айыгып аз-аздан тамак жей баштады. Кудайдын боору ооруду көрүнөт. Эми күнү-түнү ыраазычылык билдирип калдым. Карлыгачымдын жанынан чыкпай, аяр мамиле жасап, анын аман болгонуна кубанып жашап калдым. Адам баласы ушундай экенбиз, жамандык өткөндө аны бат эле унутуп коёт экенбиз. Баягы окуя эсибизден чыкты.

Кызым чоңойгондо да биздин бир топ колдообузга муктаж болду. Бирок чынын айтам, анын кылган аракеттерине маани бербей эле жүрдүк. Бир күнү “силер эч качан жанымда болгон жоксуңар” деген нааразычылыгын айтты. Өз күчү менен ийгиликке жетип, минтип азыр бизди көзүнүн карегиндей аяп, оорусак чуркап келип караган, көңүлүбүздү көтөрөм деп аракет кылганыбыз ушул кыз болду. Кудай атасы экөөбүзгө дагы бир сабак берди. Азыр анын бизге көрсөткөн камкордугун көрүп кээде уялып кетебиз. Баса, биз кийин 2 уулдуу болдук. Жараткан бизден уулду да аяган жок. Арасынан эң күйүмдүүсү, карамдуусу Карлыгачым болду. Жаным кызым, аман бол. Ал эми атаң экөөбүз кээде колдой албай калсак, көңүлүңдү калтырсак, аныбызды кечир.

Апаң Жамал


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
01.11.2021. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкуш просто доказывает родителям что она лучше других детей. Бедные дети(((
03.11.2021. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге ушундай экен а кыз деп!Мен Аллахыма чексиз шүгүр,2 кызым бар.
03.11.2021. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге Кыз кишини жееришет? Мен да кичинекей кезимде апам мени кыштын ызгаар суугунда жыланач эшике чыгарып койгон кундору болгон. 2 олумдон Аман калгам. 2 жолу тен апам мени Оз колу менен муунткан. Эс учумду жоготуп калгам. Озумо деле айткан сени жаман кором деп. Мына азыр 30га чыгып калдым Бир да жолу апама эркелеп коргон эмесмин. Ал кандай сезим озу? Мен билбейм. Азыркы ийгилигимдин баарына Оз кучум менен жеттим. Аллахга чексиз шугурлор болсун.
04.11.2021. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде уч Кыз бар,бугунку окуя эсимден кеткис сабак болду
15.11.2021. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин 2 Кызым бар Аллана чексиз шугур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо