Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЕВРОПА: САДЫР ЖАПАРОВ КЛИМАТ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЛИДЕРЛЕРИНИН САММИТИНЕ КАТЫШТЫ

№987 4-10-ноябрь, 2021-ж.

Президент Садыр Жапаров 1-ноябрда Шотландиянын Глазго шаарына барып, Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитине катышты.

2-ноябрда Кыргыз президенти саммиттин алкагында кайрылуу жасап, анда Кыргызстандагы климаттык өзгөрүүлөр, атмосфера, мөңгү, суу боюнча маселе көтөрдү. Бул жаатта көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстан тышкы колдоого муктаж деди. Кайрылуу кыргыз тилинде жасалды.

– Акыркы жылдары өлкөбүздүн табияты жана калкыбыз климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин кадимкидей сезе баштады. Климаттын өзгөрүүсүн басаңдатууга, глобалдык өнөктүккө, анын ичинде Кыргызстандын 2030-жылга чейинки аныкталган улуттук саясатынын алкагында жоопкерчиликтүү жана ар тараптуу катышууну улантабыз.

Биздин эсептөөлөргө караганда климаттын өзгөрүүсүн токтотууга багытталган орто мөөнөттүү шашылыш чараларды ишке ашыруу үчүн 7 миллиард АКШ доллары керек. Кыргызстан үчүн кылымдардан бери келе жаткан мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана улуу тоолорду климаттын өзгөрүүсүнөн гана эмес, экономикалык абийирсиз ишмердүүлүктөн сактап калуу өтө маанилүү. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай көрүнүштөр бар. Ошондуктан дүйнөлүк бизнес коомчулугун мындай бизнес практикасына биргелешип каршы турууга чакырам. Климаттын өзгөрүүсү боюнча мен айткан көйгөйлөр тоолуу өлкөлөргө мүнөздүү. Аларды чечүү үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө тышкы жардамдар зарыл. Буга байланыштуу биз Глазгонун чечимдерине муктаж, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө максаттуу каржылоону сунуштайбыз,- деди президент.

Жапаров климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 3 миллиард доллар керектигин билдирди.

Саммиттин аянтчасында Жапаров Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, АКШнын президенти Жо Байден, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана башка ондогон лидерлер, дүйнөлүк каржы уюмдарынын жетекчилери менен жолукту.

Айта кетсек, Глазгодогу саммитке 120 өлкөдөн ашуун өлкөнүн лидерлери катышты. Кыргыз жетекчилерин ташыган ТУ-154 учагы Европанын коопсуздук талаптарына жооп бербей “кара тизмеде” болгондуктан президент Садыр Жапаров баштаган делегация саммитке ижарага жалданган жеке учак менен барганы айтылды.

Аталган иш-чара 12 күнгө созулат. Коомчулук президент Садыр Жапаровдун саммитке катышып келүүсү Кыргызстан үчүн натыйжалуу болот деп үмүт кылууда.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо