БШК ТАЛАНТ МАМЫТОВДУН ИШИ БОЮНЧА ЖОГОРКУ СОТКО КАЙРЫЛДЫ

№987 4-10-ноябрь, 2021-ж.

Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Талант Мамытов боюнча Жогорку Сотко экинчи ирет кайрылды. Бул тууралуу 2-ноябрда БШКнын маалымат кызматы билдирди. Комиссия Мамытовдун парламенттик шайлоого талапкер болушунда мыйзам бузулду деген позициясынан кайта элек.

24-октябрда БШК ал кезде парламенттин төрагасы Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тартып, себебин “талапкер болушу үчүн спикер кызматын тапшырып бериши керек” деп түшүндүргөн.

28-октябрда Бишкектин административдик соту БШКнын Мамытовду талапкер кылып каттабоо чечимин жокко чыгарды. Мындан кийин БШК Жогорку Сотко кассациялык даттануу берип, Жогорку Сот “Административдик процессуалдык кодекстин талаптарына жооп бербейт” деп арызды кабыл алуудан баш тарткан эле. Ошондон улам комиссия Жогорку Сотко экинчи ирет кайрылып жатат.

Парламентти убактылуу жетектөө милдетин учурда Аида Касымалиева аткарууда. Талант Мамытов партиялык тизмеде шайлоого баратат.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталды.

Лунара Бекиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо