№987 4-10-ноябрь, 2021-ж.
Сары-Челек биосфералык коругунда маралды мыйзамсыз айткан 4 тургун кармалды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдиришинче, алар маралды союп жаткан учурда колго түшүшкөн. Кармалгандар Аксы районундагы Аркыт айылынын 4 жашоочусу. Учурда фактыны укук коргоо органдары иликтеп жатат. Марал – Кыргызстанда кызыл китепке киргизилген жаныбар. Аны мыйзамсыз аткандарга 1 миллион сом айып пул салынат. Эгер марал өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынан атылса, анда айыптын суммасы 2 эсе көбөйөт.
Эскерте кетсек, 2016-2019-жылдары Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан кайберендерди атууга 10 жылга мораторий киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кайра-кайра сунушталып, депутаттардын көпчүлүгү колдобой коюшкан.
Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |