№421 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
Мезгил үнү
Кыргызстан ажосун экинчи ирет тактан кулатып, парламенттик башкарууну тандап алганын дүйнөлүк коомчулук таң калуу менен карап турду. Биздеги өзгөрүүлөр коңшуларыбызга таасир бергенби, алар Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү ойлоно башташты.
Кыргызстандын ажолору бийликти өз кланына оодарып алып, кагазда президенттик-парламенттик деп жазылганы менен, иш жүзүндө авторитардык башкаруу болуп кетерин түшүнгөн кыргыз эли 7-апрелде Бакиевдин бийлигин кулатты. Ал эми Убактылуу өкмөт алдына башкаруу системасын өзгөртүү максатын коюп, негизги демилгечи Өмүрбек Текебаев башында турган топ жаңы Баш мыйзамды жазып чыкты. Ошентип, Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алды. Бизде мындай өзгөрүүлөр болуп жатканда “колдорунан эч нерсе келбейт” деген кыязда кеп айткан кошуналар көп эле болду.
Алсак, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев: “Кыргызстан үчүн парламенттик республика болуу катастрофага барабар”,- деп балп эттирген. Бирок “аюу” байкебиз жакында эле өзүнүн интернет баракчасында: “Орусиянын саясий жашоосу бир жерде токтоп калганы байкалууда. Мындай жагдай бийликчил партияга да, оппозициялык күчтөргө да зыяндуу. Эгерде адилеттүү күрөштө оппозициянын жеңип чыгуусуна эч кандай мүмкүнчүлүк болбосо, анын күчү жоголот. Улам жеңишке ээ боло берген бийликчил партия деле күчтүү оппозиция болбогон соң акырындап жок болот...”- деген оюн жазган. Анын айтымында, парламенттеги саясий көпчүлүк жалаң бийликтин оозун тиктеген аткаруучулардан турбашы керек. “Биздин негизги милдет – элдик өкүлчүлүктүн сапатын жогорулатуу”,- дейт Дмитрий Медведев. Кечээ эле “Кыргызстанга парламенттик бийлик жарашпайт” деп жаткан Дмитрий акенин пикиринин өзгөрүшүнө ошол эле Кыргызстандагы өзгөрүүлөр таасир бердиби деген ой жаралат.
Минтип Орусия оозубузду Ошко каратса, демократиянын “д”сы түшүнө кирбеген Өзбекстан мындан дагы кызыктуу кабарын ачыкка чыгарды. Ислам Каримов карылыкка моюн сунганбы же 20 жылдан бери муштумунда мыжыгып турган бийлиги бошой баштаганбы, кыскасы, бийлигин парламент менен бөлүшмөк болду. Ислам Каримов “парламентте көпчүлүктү ээлеген партия өкмөт башчыны көрсөтүүгө укуктуу болуш керек” дейт. Азыркы Өзбекстандын Баш мыйзамы боюнча, премьерди президент дайындайт. Конституцияга мындай өзгөртүүлөрдүн Каримов тарабынан киргизилиши бекеринен эмес чыгар. Бул кадамды ал “демократиянын жаңы баскычы” деп атап жиберди.
Парламентаризмге өткөнүбүздү көрө албагандар өздөрү ошол багытка карай кадам таштаганын кантип түшүнөбүз? Текебаевдин демилгесин үч-төрт ай мурун эле тепкилеп жаткан өлкө башчылары эми ошол жол туура жол экенин айтып, саймедирей башташты. Же Өмүрбек мырзанын көрөгөчтүгү аларга жетип, качандыр бир мезгилде элинин кыргызстандыктар сыяктуу көтөрүлүп чыгышынан чочулап жатышкандыр. Кантсе да азырынча алардын демократияга умтулган аракеттерин карап, Кыргызстандын оң таасири тийип жатканына кубана туралы.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |