№987 4-10-ноябрь, 2021-ж.
Футбол боюнча кыргыз улуттук курама командасы ноябрь айында эки жолдоштук беттеш өткөрөт. 11-ноябрда Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарында Сингапур курамасы менен ойносо, 16-ноябрда Манама шаарында Бахрейн курамасы менен оюн өткөрөт.
“Ак шумкарлардын” ноябрь айындагы жолдоштук беттештерге карата футбол боюнча курамы жарыяланды.
Дарбазачылар: Эржан Токотаев ("Алга"), Кутман Кадырбеков ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата"). Коргоочулар: Тамирлан Козубаев ("Туран", Казакстан), Бекжан Сагынбаев, Айзар Акматов, Александр Мищенко, Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой"), Данила Сокирченко, Кайрат Изаков ("Абдыш-Ата"), Валерий Кичин ("Енисей", Орусия).
Жарым коргоочулар: Алимардон Шүкүров ("Неман", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Туран", Казакстан), Турсунали Рустамов, Абай Боколеев, Гүлжигит Бөрүбаев ("Дордой"), Одилжон Абдурахманов ("Бунёдкор", Өзбекстан), Гүлжигит Алыкулов ("Кайрат", Казакстан), Атай Жумашев, Мирбек Ахматалиев ("Абдыш-Ата"), Азим Азаров, Темирболот Тапаев ("Алга"), Николай Давыдов ("Фрайзинг", Германия).
Чабуулчулар: Эрнист Батырканов ("Ван", Армения), Эльдар Молдожунусов ("Алай").
"Ак шумкарлар" 2-ноябрдан тартып Дубайда окуу-машыгуудан өтүп башташты. Бул достук оюну жана окуу-машыгуулар 2023-жылкы Азия Кубогуна тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө.
Динара Акимова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |