№987 4-10-ноябрь, 2021-ж.
АКШнын Флорида штатынын 32 жаштагы тургуну Кристен Ламмерт 3 кызын тең бир датада, аралыктарын да 3 жылда бир кылып төрөгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Үй-бүлөнүн биринчи кызы София 2015-жылы 25-августта төрөлгөн. 3 жылдан кийин ошол эле күнү экинчи кызы Жулиана төрөлгөн. Ал эми 2021-жылдын 25-августунда үчүнчү кызын жарыкка алып келген.
Ата-энелердин айтымында, эже-сиңдилер туулган күндөрүнүн бир күндө болгонуна таптакыр капа болушпайт. Тескерисинче, 2 улуу кызы майрамды өткөрүү планын чогуу ойлонуп, декорацияны тандашат.
Кристен Ламмерттин акушер-гинекологу Кристина Гревс мындай көрүнүш өтө сейрек болорун белгилеген. Бирок бир күндө төрөлгөн бир туугандар боюнча бул жалгыз үй-бүлө эмес. Алсак, америкалык бир үй-бүлөдө 5 бир тууган ар кайсы жылда, бирок бир күндө – 20-февралда төрөлүп, бул көрүнүш Гиннесстин рекорддор китебине катталган.
Асел Ишенбай кызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |