Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жылкы адамды депрессиядан арылтат

№987 4-10-ноябрь, 2021-ж.

Жылкы адамзат жашоосунда эң маанилүү ролду ойногон жаныбар. Ар дайым ишенимдүү жардамчы жана дос болуп келген. Кыргыз эли да ат жалында шамалдай ойноп, жылкы баласына өтө жакын калк.

  • Жылкылар жытты жакшы сезип, аларды эстеп калууга жөндөмдүү. Мисалы, ат жоголгон ээсин издеп узак жол жүрүп, үйүнө кайтып келген учурлар көп. Жыт аркылуу талаадагы эң даамдуу чөптү таап жешет, жанында башка жаныбарлардын бар экенин аныктайт. Эгерде үйүргө жаңы жылкы келсе анын чоочун экенин жытынан билип, аны жерип башташат.
  • Аттардын туяктары катуу экенине карабастан, өтө сезимтал келет. Туяк насос сыяктуу эле, кандын айлануусун жакшыртат.
  • Жылкы таза жаныбар, керек болсо анчейин таза эмес, киргилт тартып турган сууну ичпейт. Ал суунун сапатын жыттап аныктайт.
  • Бул жаныбардыкындай күчтүү, бекем сөөк башка бир дагы жаныбарда жок экендиги окумуштуулар тарабынан далилденген. Сөөгүнүн бекемдиги граниттин бекемдиги менен салыштырылат. Ошого карабастан жылкылардын буту сынган, жаракат алган учурлар дагы кездешет. Сынган сөөктөр өтө жай өскөндүктөн аттын өнүгүүсү артта калат.
  • Жылкынын жалы кайраттуу жана катуу болгондуктан, мурда жаа жасоодо колдонулган.
  • Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, жылкы баласынын биоталаасы адамдарга пайдалуу – анын жанында өткөн бир нече саат депрессиядан, чарчоодон арылтат.
  • Иппотерапия – ат мингизүү менен адамды дарылоо ыкмасы. Адам ат мингенде анын денеси аттын ар бир кадамын кайталайт. Мындай машыгуу адамды омуртка ооруларынан сактайт, адам денесин түз кармоого үйрөнөт. Бул терапия жаш балдарга да пайдалуу.
  • Ат менен иштеген адамдар башкаларга караганда дем алуу жолдорунун суук тийүү оорусуна азыраак чалдыгышат. Кыктын жыты жана жылкынын денесинен чыккан буу менен дем алуу өпкөнү жана бронхторду тазалайт. Ат багуучу болуп туруктуу иштегендердин арасында кант диабети менен ооругандар эки эсе сейрек кездешет.
  • Жылкылардын душманы аарылар. Атка кол салган аары үйүрү аны 30-40 жолу чакканда эле өлүмгө жеткириши мүмкүн.
  • Ат адамдын үнүнөн анын эмоциясын ажырата алат.
  • Көпчүлүк аттар 25-30 жыл жашашат. Дүйнөдөгү эң узак жашаган тулпар Англияда туулуп-өскөн Эски Билли. Ал 62 жыл жашаган.

Динара Акимова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(2)
09.11.2021. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул жаныбарды кантип жакшы корбойсун
13.11.2021. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эн жакшы коргон жаныбарым.эх жаштыгым.Ат чапкан балалыгым.Апам ат сасып кетипсин деп урушчу.Бир кундук омурум ат устундо отуп кетчу кээ кундору. Эми балдарыма айтсам жомок.Ат минишке эч кызыгышбайт. Шаардын ызы чуусунан айлыма кетсем,ат чапкылап келсем ээх!.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо