Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гуанчжоу-2010 ҮМҮТҮБҮЗДҮ БАЛБАНДАР АКТАДЫ

№421 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.

Ошентип, көптөн күткөн Гуанчжоудагы Азия оюндары да сапарын карытып баратат. Бул спорттук чоң майрамда биздин спортчулар да ысымдарын тарых барактарына калтыра алышты. Аны менен бирге кыргыз элине чексиз кубаныч, сыймык тартуулашты.

ЕВГЕНИЙ ВАККЕРДИН КЕРЕМЕТ ЖЕҢИШИ
Кыргыз журту биринчи медалды туптуура 8 күн күттү. Үзүлбөгөн үмүт 20-ноябрда гана жарк этти. Ушул күнү Ваккер веложарыш боюнча күмүш медаль тартуулады. 54 чакырымдык жарышта Евгений Азия оюндарынын чемпиону кореялык Чоу Хуёнгминди гана алдыга өткөрүп, калгандарын артка калтырды.
Өзүнүн жеңиши тууралуу спортчубуз: “Бул менин карьерамдагы эң оор жарыш болду. Мелдешке чыгып жатып медаль үчүн 100 пайыз аракет кылуу аздык кыларын түшүнүп турдум. Аралыктын кээ бир жерлеринде ушул 54 чакырым эч качан бүтпөй тургандай сезилип жатты. Жеңишимди Кыргызстанга, күйөрмандарыма арнайм!”- деп билдирди.
Айта кетчү нерсе, оюндардын башталышына 10 күн калганда Евгений ооруканадан чыккан эле. Андыктан толук калыбына келе элек оюнчубуз оюндарга аттанган. Ден соолугунун начардыгына карабай күмүш медалды жеңип отурат. Бул керемет эмей эмне?!

КАНЫБЕКТЕН АЛТЫНГА ТЕТЕ КҮМҮШ
Баарыбыз балбандардан чыдамсыздык менен күткөн байгени грек-рим күрөшү боюнча жаш спортчубуз Каныбек Жолчубеков алып келди. 55 килограмм салмактагы жердешибиз медаль үчүн 4 беттеш өткөргөн. Айта кетчү нерсе, балбандарыбыз бир канча мелдешке бир күндүн ичинде чыгышты.
Биринчи кармашта Каныбек өзбек балбанына туш келип, кармашта 3:0 эсебинде жеңишке жетишет. Экинчи беттеште кытай спортчусун 3:0 эсебинде багындыра алды. Жарым финалда ирактык балбан менен күч сынашып, 3:1 эсебинде ийгиликке жетишти. Ал эми алтын медаль үчүн болгон күрөштө күн чыгыш өлкөсү болгон Япониянын спортчусуна туш келген. Тилекке каршы, алда канча тажрыйбалуу япон күрөшчүсүнүн далысын жер жыттата албады. Каныбектин атаандашы 5 жашка улуу экен, бул да таасирин тийгизди окшойт. Эсеп 0:5 болду.
Кандай болгон күндө да Жолчубековдун күмүш медалы кыргыз элинин XVI Азия оюндарындагы алтынга тете медалы болуп тарыхта калды.

ДАНИЯР КӨБӨНОВДУН ЭРДИГИ
Ваккердин медалы ак жолтой болгон сыягы. Анын байгесинин артынан биздин команданын капчыгына медалдар келип түшө баштады. Ошентип, баарыбыз чыдамсыздык менен күткөн алтын медалды грек-рим күрөшүнүн чебери Данияр Көбөнов тартуу кылды. Алтын медаль менен кошо элибизге чексиз кубаныч, сыймык тартуулай алды. 74 килограмм салмактагы балбаныбыз алгач индиялык балбанга туш келип, 3:0 эсебинде утуп алды. Андан кийинки беттеште казак балбаны менен таймашып, аны 3:1 эсебинде багындырды. Жарым финалда кореялык спортчуну 5:0 эсебинде далысын жер жыттатты. Акыркы таймашта япониялык балбанды 3:0 эсебинде жеңип, ортодогу калыс Даниярдын колун обого көтөрдү. Казак кошунабызга гана бир упай “жедирип”, калганын “сухой” эсеп менен утушу балбаныбыздын чеберчилиги жогору экенин айтып турду. Даниярдын бул алтыны Кыргызстандын Азия оюндарынын тарыхындагы 3-алтын медалы. Буга чейин 14-оюндарда жеңил атлетикадан 2 алтын медалга жетишкенбиз. Андан сырткары Көбөнов 2010- жылы Москва шаарында болуп өткөн Дүйнө биринчилигинде коло медалын жеңип алган.
Ошентип, кыргыз желеги асманга көтөрүлүп, гимн ойнолуп, ак мөңгүлүү кыргыз жери дүйнөгө даңкталды.

ЖАНАРБЕКТЕН КОЛО МЕДАЛЬ
Грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Жанарбек Кенжеев коло медаль алууга жетишти. 84 килограммдагы спортчубуз биринчи ирет япон спортчусу менен чыгып, 3:0 эсебинде утушка ээ болду. Тилекке каршы, экинчи беттеште Ирандын балбанына 1:3 эсебинде жеңишти тарттырып жиберген. Ошентсе да коло медаль үчүн болгон аракетин жумшап, Катар мамлекетинин балбанын 3:0 эсебинде жеңип алган. Ал эми коло үчүн болгон беттеште Кенжеев индиялык спортчунун үстүнөн да 3:0 эсебинде өз үстөмдүгүн көрсөттү. Кыргыз желеги дагы бир ирет асманга көтөрүлүп, капчыгыбызга медаль кошулду.

АЛЕКСАНДР ПАРОЛДОН “СЮРПРИЗ”
25-ноябрь күнү Кытай жергесинен дагы бир сүйүнүчтүү кабар келди. Кайыкта сүзүп жарышууда (байдарка) спортчубуз Александр Пароль коло медалды камсыз кылды. Ал 1000 метрге болгон жарышта 3 мүнөт 38 секунд убакта келип, сыйлоо аземинде кыргыз желегин дагы бир жолу көкөлөттү.
Андан сырткары эркин күрөш боюнча балбаныбыз Ильгиз Жакыпбеков, грек-рим күрөшчүбүз Азамат Эркимбаев 4-орундарга татышты.

Залкарбек Карабалаев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
26.11.2010. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Кыргызстанымдын спортсмендери,окуп алып аябай кубанып толкундандым,бизден ушундай дуйнону дунгуроткон соортчуларыбыз бар экенине абдан сыймыктанам.Кыргызымды дуйного таанытып журо бериниздер,Кудайым куч кубат берсин сиздерге.Алгаа Кыргызым!
27.11.2010. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
27.11.2010. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!!! Баарынарга ийгилик! Бул ийгиликтердин башталышы гана болсун!!!
27.11.2010. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsinar,ayabay suyunup jatam,ishterinerge iygilik alga!
02.12.2010. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууууууууууу! Ооооооооо! Азаматсыңар жигиттер! Кыргыз желегин желбиретип, кыргыз гимнин жаңыртканыңар үчүн силер менен абдан сыймыктанабыз! Бар болгула ар дайым!
02.12.2010. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий, тиги таблицаны көрүп :(
биздин аз эле барган да :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо